Казат Акматов: Архат

Он экинчи бөлүм

Казат Акматов: Архат

- Устатым Лама Дондуп, – деди Мани Ясо мугалими биротоло тамактанып бүткөндөн кийин.

— Ден соолугуңуздун оңолгонуна мен өтө кубанычтамын. Күнөөмдү мойнума алып, сизден кечирим сурайм. Экинчи мындай ишке барбаска ант берем.

- Коё турсаңыз, – деди Лама Дондуп кабатыр болуп, эмнени айтып жатасыз? Мен тактайын дедим эле. Кандай болуп кеткенин тактайын дедим эле. Мен билем, сиз Лама-Тойбаны, ошол эле күнү Лхасанын мэрин, кийинки күнү Уй провинциясынын башчысын мен аркалуу чакыртып алып, бир сааттан ашык аңгеме курганыңыз эсимде. Андан кийин Тибетти коргоо комитетинен эки генералды, анан бир полковникти чакырдыңыз. А бирок мени качан чакырып сүйлөшкөнүңүз эсимде жок. Мени эмне кылдыңыз эле? Ошону билейин дедим. Ишенсеңиз, караманча эч нерсе эсимде жок.

Бирок, Лама Тойба менен Лхасанын мэри өлгөндө мага минтип айтышты: «Мунун баарын Далай-лама өзү колундагы кара сыйкырчы Мани Ясо аркалуу жасап атат» деп. Ошондо да мен түшүнбөдүм. Кандайча деп? Эмне үчүн деп? Биздин ошончолук чоң күнөөбүз бар беле деп, башым катты?

 - Сиз айткандардын баардыгы туура Дондуп ата. Күнөө менде. Силердин эгонорду күчөтүп койгом. Монах Додайдын мага үйрөткөнү ошол болчу. Бирок мен түшүнбөпмүн бул сыйкыр ушунчалык залалдуу экенин.

- Кара сыйкырдын эң мыкаачысы ушул да, уулум.

- Теңир урсун, билбепмин, ата.

- Эми түшүндүм, – деди Лама Дондуп колдорун сүлгүгө аарчып жатып күлүп,

- Андай болсо уулум эми Далай-ламанын өзүнүн «менин» бираз күчөтүп койбойсузбу. Ага көптүн кереги жок. Кымындай эле күчөтүп койсоңуз жетишет.

-Эми жамандыкка бара албайм, ата. Мындан ары бара албайм. Кимге болсо да.

- А эгер ал адам чындап эле башкаларга зыян кылган зулум болсочу? Мани Ясо жооп бере албай турду.

- Андай учурда мен Лама Цу атам менен, анан сиз менен кеңешем, — деди акыры.

- Мен сизге угузуп коёюн, Мани Ясо уулум. Акыры чындыкты угушуңуз керек. Лама Цу атаңыз сүкүттө эмес, ал демин токтотуп, жанын асманга учуруп жиберген. Денесин болсо, өзүнүн айтуусу менен арча табытка салып тузга көөмп койгонбуз. Ошондо ал сизге арнап үч кат жазып кеткен. Ал каттар мен билгенден Ректор Панчен Делинин колунда болуу керек.

Кийин, Далай-лама: «Цунун сөөгүн табыттан чыгарып алып өрттөп жибергиле» деп Делиге тапшырма берет, мен аркалуу. Өкүмдар баардык кооптуу иштерин түз өзү бүтүрбөстөн, мен аркалуу жасатчу эмес беле, аны билесиз да. Бирок ректор, азамат жигит экен, андай ишке барбай, кетип калды.

 Качаарда ал мага эки ооз жашырын кат берип ийиптир. Ошол катты Далай-лама кармап алып, ошондон кийин, көрсө мени да «Тибеттин душманы» кылган тура. Мен тибеттин душманы эмесмин уулум! Мен болгону Лама Цуну коргодум. Анткени Лама Цу Тибет үчүн бүткүл өмүрүн арнаган адам. Ал мына сизди, ыйык Миларепанын түгөйүн биринчи тапкан адам! Ошон үчүн баарыбыз аны колдодук. Бирок, Далай-Ламанын ойлогон ою башка турбайбы. Ал сизди өз кызыкчылыгына пайдаланып кирбедиби. Өзүнө жакпагандардын баарын сиз аркалуу жоготмок болбодубу....

- Түшүндүм ата, түшүндүм! Мани Ясо тыбырчылап ордунан тура калды:

- Дондуп ата! – деди ал Ламага тигилип,

- менин устатым Лама Цуну өлдү дедиңизби? Ал тирүү экен, ата! Мага келгин деп белги берип атат. Шаардын кайсыл көрүстөнүндө дедиңиз?

-Күнбатыш.

- Азыр ошол жерде болом. Андан кайтып сизге келем. Генералдарды кантебиз, ошону кеңешели.

 

***

 

Бир адам өмүрүнүн максатын эрте андайт, эрте табат, бир адам кеч табат. А көпчүлүк андабайт да, таппайт да, а эң күйгүлтүгү - издебейт дагы, Лама Цуга бу табылга өтө кеч келген. Сексенге таяганда келген. Бирок, турмуш деген кургуй качан эле ойдогудай боло койчу эле? Кеч болсо да бир келген көөнө максат үчүн жашоону улантайын дегиче болбой быягынан такымдап, өлүү ырасмысы жетип келет. Өз убагында бул дүйнөдөн өтүп кетиши Тибет адамынын өмүрүнүн эң акыркы жана эң зор максаты. Муну аткарбаса таптакыр болбойт. Анда ал адамдын келечектеги бүткүл сансарасы бузулат. А бирок ошол эле учурда Лама Цуга тарых, табигат өзү апкелип колуна салып берген Мани Ясону такыр эле жер үстүнө таштап салып жүрүп кетсе болот беле? Эч болбос эле. Кандай кылса дагы аны менен «кармикалык Бардо» байланышын үзбөй туруш керек болчу. Жигит торолсун, толук бойдон Агни-йогалык, левитациялык, оккульттук кудуретине өтсүн, эгосунан айрылсын, андан кийин кандай жол менен дүйнө кезип кетет өз иши.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.