Казат Акматов: Архат
Он экинчи бөлүм
Мани Ясо улам мүрзөсүнө жакындаган сайын арча табыттагы Лама Цунун дээрлик токтоп турган жүрөгү жыбылжып үлөй баштады. Толук тирүүлүккө келе албайт, бирок керектүү биоэнергиялык толкунду канча мезгилден бери кашына биринчи жолу келип турган Мани Ясосуна аз да болсо жибере алчудай.
- Ата! - деди Мани Ясо. Мүрзөгө чөгөлөй калып жигиттин биринчи оозанган сөзү ушул болду. Андан кийин ал эч нерсе дей албай көпкө дейре туттугуп отурду. Көзүнүн жашы чууруп ээгинен тамчылады. Көпкө тамчылады.
- Ата! - деди Мани Ясо экинчи жолу мүрзөгө шыбырап, мен кечирилгис күнөө кылдым. Кантем?
Кыйлага дейре жооп болгон жок. Мани Ясо көгөргөн бойдон отура берди. О, бир оокумда анан Мани Ясонун денебою жумшак сайгылашып, термелип чыкты. Кандайдыр бир энергетикалык толкун анын бүткүл денесин, өзгөчө жүзүн, бетибашын жылуу аймалап, бирок көпкө узаган жок. «Дей» деген гана жалгыз туюм арча табыттан чыгып, жаш жигиттин сезимине жеткенсиди. Аздан кийин ал сезим Мани Ясонун жүрөгүнө тыкыйып, кыттай орноп калды: «Дей».
Үч күн, үч түн Лама Цунун табытына баш уруп отурган соң Мани Ясо Лама Дондуптун үйүнө келсе, ал жок. Далай-лама аны кызматына кайра койгон экен, таңэртеде ишине чыгып кетиптир.
-Күтө турсам болобу? - деди Мани Ясо Лама Дондуптун кызына саал ийилип.
- Эркиниз, - деди көп күндөн бери жигитти «дакини» кылып жиберем деп жулунуп аткан сулуу кыз бүгүн бир башкача назданып.
Мани Ясо ачык терезеден сыртты карап отурду. Тибеттин авасы деген ушул - күзгө тарта терезеден башына ысык аба урса, бутуна - муздак. Анда-санда сербейген дарактардын желге учкан сары жалбырактарын бирден санаса болот.
Короолоп салынган үч кабаттуу үйлөрдүн астында балдар ойноп атат чурулдашып. Он сегизге чыкса да Мани Ясодон балалыктын ойноок сезимдери али кете элек эле. Ошондуктан ал балдардын ойнуна аябай берилди. Кыргыздын «качма тобу» сыяктуу оюн экен. Бул оюн чуркаганда кимдин эң күлүк экенин, андан да, качкан балдарды топ менен урганда кимдин колу түз экендигин даңазалайт.
Арыраакта дагы бир топ өспүрүм балдар башка оюн ойноп атышат. Алардыкы алыстан жарышып келип дөбөчөнүн төрүндөгү ташка ким биринчи отура калса мөрөй ошонуку окшойт. Бирок калгандары аны күч менен таштан сүйрөп түшүп, өзүлөрү отурууга аракет кылууда. Бул өзү «так талашмай» оюну сыяктанды.
Мани Ясо жылмайып күлүп, эрксизден өзүнүн кыргыз мекени, бала чагын эстеп отурду. Ал өзү да мындай оюндардын неченине катышып, ойногондордун ичинен эң биринчиси, «эң күчтүүсү», «эн шамдагайы», «эң амалдуусу», «эң күлүгү» болгусу келип жанын үрөбөдүбү. Көп убактарда ошол жетем деген максатына жетип, болом дегенине болуп, ошого аябай манчыркап, өз зоболосун өзү сезип, көкүрөгүндөгү «Мен» и кадимкидей козголуп, күчөп калганын эстеп отурду. «Көрсө баардыгы тең бала чактан башталат турбайбы», - деди жигит ичинен күлүп. Эстеп отурса ойногон оюндарынын баардыгы тең ошол «биринчилик» үчүн экен. А эгер чүкө ойносо чүкөнүн бардыгын мен утсам, баардыгы меники болсо деп тырмышып, кара күүгүм кирип, апасы чыбык менен үйгө айдап келгенче дейре атышчу эмес беле.
Мектепке баргандан кийин компьютерди үйрөндү. Ошондон баштап экрандагы оюндар көчөдөгү калган бардык оюндарды сүрүп чыгып, өзгөчө эркек балдарды жекеме-жеке мушташтын, тепкилештин, бычакташуунун, атышуунун, жылдыздарды аралап учуп, космикалык кораблдердин кандуу согуштарында эч же нилбес, өлбөс, бардыгын тең талкалаган монстр болуунун кумарына саз соргондой соруп алды. Мани Ясо баардыгын эстеп отурду.
Экинчи класста экенинде чогуу окуган балдары менен сабакты таштай качышып, компьютер залында отурганда капыстан аруусу кармаганын да эстеди. Ошондон кийин ал оюн залдарынан качып калган болчу. Анткени балдар аны «падучка» деп ат коюп алып шылдыңдашчу.
Кийин, Адилет көчөдөгү ит-күчүктөр менен достошуп кеткенде «собачник» деген атка конду. Кыскасы эстей берсе элес көп. Ошон үчүн тибет окуусундагыларды эң башынан баштап эле эстутумун башкарууга үйрөтөт. Керек болбогон учурда, мисалы, Мани Ясо азыр ушул эле балалык чагындагы окуяларды каалаган убака дейре эсинен өчүрүп коё алат.