Казат Акматов: Архат

Он үчүнчү бөлүм

Казат Акматов: Архат

ОН ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ

 

Омм, - мани! Ал деги кайсыл заман, кайсыл доор эле? Ойлоп отурсаңыз ага бүгүнкү адампенденин эс акылы чендебейт. Ал кез деген Аллатааланын каары менен жер үстүн бир сыйра топон суу каптап, ой сүрүлүп тоо болуп, тоо сөгүлүп ой болуп, океандан океанга дейре кырк найза бойлогус терең суу мелмилдеп, нечен кылымдар жер үстү кургабай баткак басып жаткан доор болчу.

Мурдагы кыбыр эткен тирүү жандыктан ныпым эч нерсе калбай, канаттуулар күндөп-айлап учуп жүрө берип акыры эстери оогондо сууга кулап, алар да түботу менен жексен болгон заман эле.

Атай турган эчким калбаган соң Жердин «жер» деген аты өчүп, Суунун «суу» деген аты өчүп, Тоонун «тоо» деген аты өчүп, тутанаар чырпыгы жок Оттун «от» деген аты өчүп, тоголок жердин кунары кетип, асмандагы Ай менен Күндүн, жаркырап күйгөн жылдыздардын жерди карагысы келбей, тетири айланып калган мезгилдер болчу.

Ошентсе да күндүн нуру менен жан жараткан табийгаттын улуу күчүнө там бербешке болбойт экен. Жүрө-жүрө, бара-бара суу астынан тоолордун чокулары кылайып, кийин апайтөш боорлор тоборсуп, акыры ой-кырлардын баарысын жашыл тулан кайрадан каптап, болгондо да мурдагыдан кыйла тездик менен жанжаныбар көбөйүп, жарыктык жер кайрадан бая өз жолу менен Күндү айланган сапарын улай берди.

Ошол доорлордун бир доорунда кир кол тийгис жапжашыл кең талаанын бетинде бир үйүр жылкы пайда болду. Апаппак, жумурткадай жумуру, бири-бирине окшош, кылка эле ак берметтей керемет жаныбарлар асмандан түшө калыштыбы, же болбосо жер астынан сызып чыгыштыбы, же жан жараткан улуу Табигат өзү эле иштеп койдубу, айтору муну билген да, көргөн да ал кезде эч ким жок. Баарынан да булардын жомоктогудай сулуулугун, келишкен сын-сыпатын акындар ырга сала элек, сүрөтчүлөр келиштирип келбетин тарта элек, - анткени алардын өзүлөрү али жок кез.

Бир кочуш седепти жашыл килемдин үстүнө чачып койгон сымал түшкө дейре, тулаң аралап оттошот да жылкылар күн ысыганда тээ коктудагы өстөндү көздөй оюн салып алып учуп жөнөшөт. Кадим аккуулар сымал кыркалекей тизилип Жер бетинде учуп бараткан аппак үйүрдү ошол кезде бүткүл Айаалам: асман өзү, ай, күн, жылдыздар баарысы тең кубана карап, жадырап турушаар эле. Анткени учу-кыйыры, чети-чеги жок ааламдын бир тоголок «Жер аттуу» таруудай бүртүгүндө кайрадан «жан» жаралып тирүүлүк деген керемет башталып атпады беле. Ошон үчүн баардыгы тең бир опон суудан аман калган Жерди сүймөнчүк менен, өзгөчө мээрим, өзгөчө ишеним менен карап турчу эле да. Алардын курсантчылыгын, ишенимин мына мобул жаңы пайда болгон аппак үйүр жылкылар өзүлөрүнүн желдей сызган кылык-жоругу менен ого бетер күчөттү бейм, күндүз эле эмес, түнкүсүн да асман толо миң сан жылдыздар жымыңдашып, жүрөктөрү эзиле тиктеп, аппак жылкылардан көздөрүн алышчу эмес.

Ошонун ичинен да баардыгына өзгөчө жакканы Апакай деген аты бар жаш айгыр болчу. Үйүр башы Апакай чынында эле жан жараткан табийгаттын айтып түгөтө алгыс бир керемети! Күч десең күч, көркөм десең көркөм: төгүлгөн акбоз жалы менен суналган кыл куйругу ошол үйүрдүн байрагы сымал дайыма шамалга желбиреп, чуркаганда канат сымал сапырылып, учуп тураар эле.

Бирок, сөздүн чыны Айаалам Апакайды көркү үчүн эле эмес, анын эр жүрөктүгү үчүн, үйүрүнө канын, жанын бергендиги үчүн, а эң негизгиси адилеттиги үчүн жакшы көрчү. Эч убакта Апакай үйүрүндөгү жылкы, кулун, тайларынын бирине да асыя жаза берип көргөн эмес. Кокус эле али эси кире элек кулундар, оюндун кызуусу менен тай, быштылар кээ-кээде чектен чыга чуркап, кырсыктуу жайларга өтүп кете турган болсо, Апакай ачуулу таскак уруп барат да тентекти үч кошкондон аткып туруп дароо үйүргө айдап келет.

 Ошентип ал күндүзү сан жеткис жолу тегеренип чуркап үйүрүн чогултса – түнкүсүн таптакыр эле тыным албайт. Түнкүсүн ал кулундарын ортого камап, тегерете мемиреп уйку салып турган бээлердин тынч-амандыгын көзүнүн карегиндей сактачу. А коркунуч деген, кырсык деген ошо кезде эле каш менен кабактын ортосуна келип калган. Анткени Бөрү деген мыкаачы жандык чөптөн башкага зыяны жок жылкы менен бир эле убакта теңжарыша жаралган.

17.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.