Казат Акматов: Архат

Он үчүнчү бөлүм

Казат Акматов: Архат

Такыр жерге топ этип ыргып түшкөн баш али тирүү болчу, ошондуктан чалдын жаңы эле ичине кан толо баштаган кулактары Апакайдын дал ошол ирмемде үйүрүн издеп алыс-алыска карай катуу азынаган доошун угуп калды...

Ал эми жумулуп, өчүп бараткан көздөрү болсо ат үстүндөгү керсейген экиаяк уулу тизгинди кандайча катуу силккенин, тиштерине темир ооздук шак эткенде чоочуп кеткен Апакай кандайча башын экчеп, эки колун асманга серпе дагы бир жолу азынап, дагы бир жолу айталаада кырылган аппак үйүрүн издеп алганын көрүп калды...

- Бу сандыракты ким жазган?! - деди Далай лама жардамчысына өзү окуп аткан аңгемени көрсөтүп жийиркенгендей.

- Мани Ясо жоголуп кеткен соң анын жашаган бөлмөсү опуз болгон. Ошондо табылган кагаздар, азирети таксыр.

- Жо мынабул аңгемени ким жазган, ээси ким экен деп сурап атам сенден?

- Ээси белгисиз, азирети таксыр. Балким Мани Ясо өзү жазгандыр.

- Ал сары топу кечил неме айгыр-пайгыр, байтал дегенди кайдан билип коюптур?!

- Аны айта албайт экем, азырети таксыр. Кечирип коюңуз.

 - Кандай жаңы кабар бар аны издөө боюнча, Кечээки чегарадан кармалган монах дагы Мани Ясо болбой чыкты.

- Билем аны! Башка кабар жокпу?!

- Азырынча жок, таксыр. Далай лама жардамчысынын макоороок экенине ичинен кыжыры келип, аны тиктеп турду да өзү башка бир шектүү нерсени ойлоду: «Тигил сандыраган нерселерди Мани Ясо жазган болсо, анда менин кызымды соо койгон эмес ко бул акмак, Калп эле сары топу кийип алып булар кылгылыкты кыла берчү эле. Энесине айтыш керек экен, кызын текшертсин».

17.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.