Казат Акматов: Архат
ЭКИНЧИ КИТЕП
Же канайым тезирээк кийгизип бүтсөчү, же ысык деми менен жаш жигитти улам каптаганын койсочу. Айтор Мани Ясонун көздөрү бозоруп, эч нерсе көрбөй, жүрөгү акылдап чыкты. Аңгыча канайым жигиттин денесин кыса кармалап, чапандын белден ылдый жагын оңдоп-түзөөдө. Этек-жени салбырап, же бу каргыш тийген эндей кездеме аялды убара кылбай орду-ордуна жата калса эмне. Бир кезде аялдын ак балыктай туйлаган билектери жигиттин таштай катып, оттой күйгөн жан жерине эки-үч мерте кайта-кайта оролуп туруп алды эле улуу табигат ээ жаа бербей, өз ишин аткарып салды. Канчалык чымырканса да Мани Ясо токтото алган жок, жаш дене мээнип кетти - сүмбөдөн аткан ок сыяктуу былжыр суу жука дамбалын теше зырпылдап, канайымдын билектерин булгады, андан ары өзүнүн жоон саны менен балтыры ылдый агып булгаары кепичине куюлду. Мындай кыжалатка өмүрүндө тушукпаган жаш жигит эсучун жоготкон бойдон китепканадан чыга качып, нары бир кабат ылдый, өз бөлмөсүнө бекинип алды.
Мына ушундай уят окуя болгон. Мани Ясо ошол күнү таптакыр эшигин ачкан жок, сыртка да чыкпай, тамак да ичпей кеч күүгүмгө дейре төшөгүндө солуп жатты. Кечинде гана Далай-ламанын бир жардамчысы келип, эртең саат ондо Непалдан келген расмий делегацияны тосууга катыша тургандыгын айтканда эсин жыя баштады.
***
Бүгүн болсо ал кайрадан баягы каргыш тийген китепкана залында. Эки ай бою Далай-ламанын үй бүлөсүнөн, өзгөчө канайымдын өзүнөн жаа бою качып, анын эки кызын алыстан көрсө булук-буйтка издеп жашынып жүрдү.
- Ата, - деди бир күнү Далай-ламанын кичүү кызы тамак ичип отурушканда атасына кабарлап. Сенин жаңы жардамчың Мани Ясо жинди экен. Өткөндө апам ага лама-чапан кийгизип атса качып кетти.
- Чын эле. Ошондон бери бизден качып жүрөт, - деп ага Далай-ламанын улуу кызы да кошулду.
- Тамак ичип атканда атаңарга жолтоо болбогула! - деди Далай ламанын аялы кыздарына сур салып,
- Качып кеткен эмнеси? Эмне окуя болду эле? - деп Далай-лама аялына карады эле
- Кыздарың күчөтө берет да. Ал бала чапан кийээр менен уялып тез эле чыгып кеткен. Өзү уяң неме турбайбы. Биз менен отуруп тамак ичкенден да тартынат, - деп аялы маселени жымсалдап бүтүргөн болчу.
Мына эми бүгүн, Лама Ясонун китепканада жалгыз отурганын угаар менен канайым кийиз кепишчен дабышсыз басып жанына келе калды.
- Кандай чоң жигит? – деди анын азезилдикиндей мукам үнү. Капыстан Мани Ясо ордунан ыргып турду да, манаттай кызарып, тескери карады.
-Үстү-башың кир болуптур. Чапаныңды тез-тез алмаштырып турбайсың – деп эле канайым бою калчылдап аткан жигитти кармалай кетти.
Аялды кандайдыр бир сокур-күч элеп-желеп кылып, ээ-жаа бербей, ошол турган эле жеринде жаш жигитти тытып жиберчүдөй. Аңгыча Мани Ясого капыстан оңдой берди болду. Залдын ичинен илинген эшиги такылдап, Далай-ламанын жардамчысы нарыдан өкүмдарга чакырып үн салды.
- Кел, отур урматтуу Лама Ясо. Сага деген менде чоң жаңылыктар бар, –деди Далай-лама бүгүн жигитти кандайдыр ашыкча ышкы менен утурулай тосуп. «Лама» даражасына али көнө элек Мани Ясо уяң жылмайып, үч мерте жүгүнүп тизе бүктү.
- Биринчиден, бүгүндөн баштап сага айлык акы койдум. Айлыгың менин биринчи жардамчымдыкынан эки эсе көп. Ошон үчүн алар билбей эле койсун. Экинчиден, окуунду жана машыгуунду мындан ары Жохан храмында эмес, мына ушул ыйык Ордосарайда улантасың Устатың башка лама болот. Аны менен бүгүн кечте таанышасың
Мани Ясо башын көтөрүп таңыркады:
- А, Лама Цучу?
- Картайды. Алжый баштады. Сенин «лама» наамына каршы болуп, менин буйругума нааразы. Анын үстүнө саган мындан ары Лама Цудан күчтүү устат керек. Ал байкуш болгон билимин сага берип бүттү. Мындан ары үйрөтөөр эч нерсеси калган жок.
- Кечиресиз, улуу көсем. Лама Цу мага болгон билиминин жарымын берип бүтө элек.
- Ха-ха-ха! Ал ошентип сени ишендирген да. Чынында бүттү ал кишинин көрөнгөсү. Бүгүн кечинде жаңы устатыңды укканда анан иштин жайын өзүң түшүнөсүң.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
- Урматтуу Лама Цу, үкөктүн бир капталын урганга арча тактай жетпей калыптыр. Жөнөкөй тактай менен уруп койсом болобу дейт, уста.