Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

- Далай-ламанын иши «күнүмдүк майда жумуш» экенин сизден биринчи угуп отурам, Лама Цу. Башкалар антип ойлобосо керек!

-Түшүнүңүз, таксыр! Сиз улуу Миларепанын ишин улантууга бөгөт коюп жатасыз. Мани Ясо...

- Улуу Миларепа эң оболу Тибеттин патриоту болгон. А сиз патриот эмессиз, Лама Цу. Муну бетиңизге эле айтып коюшум керек.

- Кечиресиз, таксыр! Миларепанын сабагы сизди жана мени Тибеттин эле эмес, жалпы эле адамдын патриоту болууга үйрөтөт.

- Мен үчүн адегенде Тибет! Анан кийин башкалар!

- Талашпайын, таксыр. Сиздики чындыктыр. Бирок чычкан жерде жөргөлөйт. Бүркүт - асманда учат. Экөөнүн ордун алмаштырууга болбос!

Лама Цунун өмүрүндө мынчалык ачуусу келген эмес, андан да өмүрүндө бирөөгө мынчалык орой сүйлөп көргөн эмес. Ошондуктан Далай-ламаны тике карай албай күнөкөр болуп, кетүүгө шашып калды. Бул жерде эмес, Мани Ясону кантип бийлик чеңгелинен кутултушту иш бөлмөсүнө барып ойлонгусу келди. Ал ошентип эсин жыйгыча өңү купкуу боло түшкөн Далай-лама бек-бек чаңкылдап жиберди:

- Мани Ясону окутууга өзүңүздөн башка устат жок деп ойлойсузбу?! Табылат! Бүгүндөн баштап андай окуучуңуз жок!

Лама Цуну бирөө жүрөккө катуу муштагандай болду. Эмнегедир ал башканы күтсө да, дал ушул жаналгычтай сөздү күтпөптүр. Түк юна келбептир. Башка чапкандай болду. Эч сөз айта албай, туруп бараткан жеринен кайрадан отуруп калды...

 

***

 

Дал ошол мүнөттө, атадан артык устаты тигинтип карыган кезде тагдырдын дагы бир катуу соккусун жеп, шал болуп отурган маалда Мани Ясо Далай-ламанын китепканасында болчу. Бул жерге анын экинчи жолу келиши. Биринчи жолку катуу уят окуядан кийин бойго жеткен жаш жигит бул китепканадан жаа бою качып жүргөн. Бирок, бүгүн келбеске чарасы жок эле, анткени Далай-лама аны түштөн кийин Лама Цуну кабыл алаарда бош койду. Бош койгондо күндөгүдөй эркин бастырбастан «китепканадан чыкпай отурсун» деп айттырыптыр. Мани Ясо түшүнгөн жок эмне үчүн ошондой буйрук берилди. Эгер кожоюндун жүзүн көрүп турса анын себебин билип коёт эле го. Ошондон качып Далай-лама кээ бир буйруктарын Мани Ясого жардамчысы аркалуу айттырчу болгон.

А биринчи жолку, Мани Ясонун эсине өмүрү өчкүс так салган уят окуя мындайча болгон. Ал күнү дал ушул китепкананын залында Мани Ясого «лама» наамын тапшыруу зыяпаты уюштурулду. Зыяпатты уюштурган да, ага катышкан да болгону эле Далай-ламанын өзүнүн үй-бүлөсү экен. Бул үй-бүлөдө Мани Ясо мындан мурда эки-үч сапар мейман катары болуп, сый-тамакка катышып, кадырэсе эле тааныш өндөнчү. Далай-Ламанын жубайы, толмочураак келген, ак эттүү шайдоот аял Мани Ясону күйөөсүнүн көзүнчө эле эркелетип, тиктесе көзүн тарта албай элжиреп, жакшы көрчү. Бирок, эмнегедир ал аял жигиттин үчүнчү көзүн ачтырчу эмес. Тасманды чекеге байлап ал деп турчу дайыма. Бирок жей гой, иче кой деп алдына аш кармап турган илеби ысык аялды Мани Ясо да өгөйлөбөй, кыязы тээ алыста, Кыргызстанда кандайдыр унут калган, бирок элес-булас жүрөгүн өйүп жүргөн апасы Айзада өңдүү көрсө керек эле. Айтору эки өрүм узун чачын аркасына бош таштаган Тибеттин канайымы ошол, Мани Ясо үчүн чоң салтанат күнү бардык шаан-шөкөттү өзү башкарып, Далай-ламанын залга келишин көпкө күтүп атышты.

Акыры Далай-лама зыяпатка катыша албай турганы белгилүү болгондо канайым эки өспүрүм кызын, улуу баласын, анан ошол жерде болгон эки-үч кызматкерин залга чакырды да, Мани Ясону ортого тургузуп коюп, «Мындан ары, чоң жигит, Мани Ясо эмес, «Лама Ясо» болосуң» деп лама чапанын кийгизе баштады. Мани Ясо китепканага келгиче эле сүрдөп бүтүп калган. А залга киргенде ичи толтура эл, болгондо да жалаң аялдар сыяктанды ага. Ошондуктан көзү ымырчымыр болуп, эч жакты карабай эле канайым колунан кармап жетелеп келген ортого туруп калды. Үстүндө жөнөкөй кездемеден тигилген ачык-күрөң сол ийни жабык, оң ийни ачык траппа чапаны бар эле. Канайым көз боочудай тез кыймылдап, ошол траппа чапанды жигиттин денесинен сыйрып ыргытып, дароо эле лама чапанды кийгизе баштады. Жалаң ички дамбалчан калган Мани Ясо капыстан ак денелүү аялдын кучагында калам деп ойлобосо керек, чапандын үстү жагын оңдоп-түзөп кийгизгиче эле дене бою чымырап, капыстан делебеси козголуп кетти.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.