Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

- Ага сен кайгырба жаш Лама. Ага өзүлөрү күнөлүү. Көрдүңбү кандай экен адамдар? Менин жанымда жөкөр болуп, кошомат кылып, ийилип чуркап жүрүп ниетинде мага каршылар бар экен. Сен болбосоң алар зили-түбү Тибетке чоң зыян кылышмак. Ошондуктан эч кайгырба. Касиеттүү Миларепа азыр менин жанымда Билсин ушуну бүткүл арамзаалар, бузукулар, эки жүздүүлөр! Мен азыр...

Дал ушул тушта жардамчы эшикти ачып кабылдамага Лама Бусмен келгендигин кабарлады.

-Кирсин, - деди Далай-лама сүйлөшүп аткан кебин кийинкиге калтыргансып. Лама Бусмен индуска окшогон, шадылуу, чоң мурун адам экен. Ал киргенде эле Лама Ясо дароо тааныды. Анын үчүнчү көзүн ачкан үч хирургдун бири ушул Лама Бусмен болчу.

Ал түгүл Мани Ясо ошондо, чекесиндеги танууну алганда биринчи жолу көз ачып көргөнү ушул Лама Бусмендин мээр нуру болчу. » Ичи таза, ниети ак адам» деп ошондо Лама Цу чечмелеген Бусмендин мээрин.

Ошол адам азыр кирип келгенде Мани Ясо бир чети кубангансып кетти. Лама Бусмендин болсо Тибеттикинен да европалык тарбиясы күчтүүрөк окшоду

- Далай-ламанын алдында колун көкүрөгүнө алып жүгүнгөнү олдоксон болуп, көзү кыйла эле комсоо. Ага каранда жаш Ясонун болочок устатына жүгүнүп, жасаган ишараты кадимки чебер монахтыкына окшоп, жарашып берди.

- Кана эмесе отургула. Менимче бир-биринерди эми жаңы көрүп аткан жоксунар го дейм? Далай-ламанын бул суроосуна Лама Бусмен озунуп жооп берди:

- Сиз эң туура айтасыз, улуу урматтуу таксыр. Өзүнүздүн буйрук менен мен касиеттүү Миларепанын азыркы түгөйүнүн үчүнчү көзүн ачууга катышкам.

- А сен тааныдыңбы, Лама Ясо бул кишини? Лама Ясо жылмайып башын ийкеди да, унчукпастан туруп барып каруусунда илинүү жибек шарфты Лама Бусмендин тизесине койду.

 - Урматтуу таксыр, – деди ошондо Лама Бусмен ордунан тура калып Лама Ясого таазим кылып, сиздин колуңуздан шарф алыш мага сыймык. Бирок ыйык Миларепанын алдында бардыгыбыз тең тизе бүгүп турушубуз милдет деп эсептейм. «Буга кандай дейсиз?» дегенсип ал анан Далай-ламага карады.

 - Ха-ха-ха! - деп ошондо Далай-лама капысынан күлдү. Ошентип бириңди бириң сыйлагыла. Бирок да иш үстүндө ким устат а ким шакирт экени унут болбосун.

Мага Лама Ясонун тез арада монах Додайдын сыйкырын өздөштүрүүсү керек. Анткени Тибеттин душмандары көбөйдү. Арабызда жүрөт. Бардыгы тең жазасын алсын! Далай-лама алдында отурган экөөнү сынай карап бир тынып алды да кайрадан сөзүн улады:

- Анда эмесе Лама Бусменди жакшылап тааныштырайын. Толук аты-жөнү Наинг Синг Бусмен. Өзү нагыз боду болгону менен англис тилин англичандардан жакшы билет. А сен дагы Лама Бусмен, биздин жаш Лама Ясого устат болушка дайым даярсың го деп ойлойм.

- Ыйык Миларепага жардамдаш болууга албетте дайым даярмын, улуу таксыр. Экинчиден, сиздин ушул жооптуу милдетти мага аркалаганыңыз үчүн чексиз сыймыктанам. Болгону бир гана суроом бар сизге, улуу таксыр.

- Кандай суроо?

 - Өзүңүз билесиз, мен Агни-Йога боюнча гуру эмесминби. Кара сыйкырды биле албасмын.

- Жо сен биздин жаш Ламага куратор гана болосун А калганын кийин айтам.

- А Агни-Йога боюнча урматтуу Мани Ясого сабак беремби?

- Жок. Башка планеталарга учуп, башка дүйнөлөрдү издөөгө азыр Тибеттин убактысы жок.

- Хмм, - деп Лама Бусмен өчө түштү. «Анда менин керегим эмне?» деген суроо менен ал Далай-ламаны карады эле, дароо жооп болгон жок.

Бирпас ойлонуп турган Далай-лама акыры мындай деди:

- Бирок, бул ишке атайын сени дайындаганымдын себеби бар. Ошол себеп болгон үчүн чектедим. Тапшырманы аткарсаң өзүң сурап жүргөн кызматты сөзсүз аласың.

 

***

 

Бир нерсе катуу шарак эткенден улам Дей чочуп ойгонду. Бирок таппай койду эмне шарак эткенин. Ары карайт, бери карайт, көзүн ушалайт, баары эле орду ордунда тургансыйт, жалгыз бөлмөсүндө. Бул эмне шарак этти? Эткенде да катуу этти. Же жөн эле кулагына бирдеме угулдубу? Жалган дабышпы? Айтору ал төшөгүндө соксоюп биртопко отурду да бу караң-каткыр дүйнөдө жападан-жалгыз калганын сезди. Ичи боору ачышып, жүрөгү сыздап-сыздап алды. Жыйырма жыл колуна-кол, бутуна-бут болуп жүргөн кишисинен айрылыптыр. Ошону Дей бүгүн араң даана сезди. А Лама Цуну көмүшкөнүнө канча болду? Эки жума болуп кетиптир. Ошондон бери сезбептир жетекчисинин өлгөнүн. Анын үстүнө Лама Цу өлгөнгө да окшобой калды окшойт. Өлдүбү же өлгөн жокпу? Сөздүн чыны көп адамдар ушинтип бүшүркөп калышты. Анткени ал лотос порумун алып көп күн үкөктө отурган соң дем алуусун өзү токтотту. Денесине топурак да тийген жок - үкөктү аппак таза туз менен толтуруп туруп, анан капкагын жаап, андан кийин гана үстүнө топурак салышты.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.