Казат Акматов: Архат
ЭКИНЧИ КИТЕП
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Мани Ясо чынында эле ал күнү Поталада жок болчу. Ал азыр ичи көрүнбөгөн, айнектери капкара Джип «Мерседесте» Тибет-Кытай чекарасындагы Баян-ХараУла тоосун көздөй жол тартып бара жаткан болчу. Коштоочулары Лама Бусмен, жана эки жансакчы-полицай. Адам деген ар кандай жансакчылардын бири таптакыр унчукпаган дулдугуй, экинчиси жаагын жанган сөзмөр, ырчы неме экен. Алыс жолдо жүргүнчүлөрдү ошол эриктирбей келатты.
- Кана, мырза Чоро ырыңды токтотпо. Антсең уктап калабыз, а уктагандан пайда жок, - деп Лама Бусмен аны улам шыкактап коёт.
Ошенткен сайын Чоро аттуу полицай улам бир тамашалуу ырды ырдап, өз санын өзү чаап каткырып, тигилердин да күлбөскө чарасын койбойт.
Мен, Теңири деген жерденмин.
Качын деген элденмин
Топоз минип чоңоюп,
Кыз сүйүп, аял алганмын.
Акыры келип бир бакшы
Башымды кетти айлантып.
Сен дагы бакшы болгун деп.
Жөн жүргөнүңдү койгун деп.
Окууга келдим борборго,
Отузга жашым толгондо.
Акыры, акылым жетпей окууга,
Лхаста калдым темселеп.
Катыным кетип, кайын жок
Же бакшылыктан дайын жок,
Ошентип полицай болдум,
Күйдүү-м чоо-ок, - деп Чоро созолонто келет да тизесин бир чаап алып өзү биринчи ыкшып калат.
- Бакшы болсон эң мыктысы болмок экенсиң деп көзүнөн жаш чыккыча күлгөн Лама Бусмен тамашага аябай курсант.
Ошентип, шарактап күлүп отурушуп жолоочулар акыры чарчашты, бир сыйрадан үргүлөп да алышты.
Сапар болсо карыбайт, Джип » Мерседес» резина колубуттары менен одур-будур таштарды кадимкидей чеңгелдеп, мыкчып жогору, бий икти карай тынымсыз тырышканы-тырышкан. Ал адеп калдаң-кулдаң этип секирген сайын адамдардын өпкө-жүрөгү үзүлчүдөй, ийиндери кагышып, баштары шалак-шулак.
- Ушунчалык алыс экен ээ, - деди тажап кеткен Мани Ясо Лама Бусмендин кулагына.
- Алыс эмей. Мен бул жолдо көп жүрдүм. Азыр эмне көп болсо эки күндүк жол. А мурда ат менен жүрчүбүз. Бир жума аз болуп калчу.
- Сиз мага дропа эли жөнүндө көбүрөөк айтып берем дедиңиз эле. Мани Ясо эртеден бери жүрөгүн туйлатып, көкүрөгүнө батпай шыкалып келаткан суроосун Лама Бусменге кайрадан дагы берди. Бул суроосун ал, жана тээ ылдый, түздө келатканда эле бир берген. Ошондо эле Бусмен жооп бермекчи болуп оозун жыйды эле, ангыча болбой тигил жансакчы Чоро улам бир тамашасын баштап жарылдап, сүйлөткөн эмес.
Лама Бусмен жигиттин анда берген суроосун унутуп да калган экен. Ошондуктан башын көтөрүп, Мани Ясони уялгансып бир карап алды.
-Сөзсүз айтып берем. Мен беш жылдан бери ал элди изилдеп жүрөм. Ошон үчүн айтсам сөз көп. Бирок мобул машина калдаңдап.
- Айта берсеңиз мен уга берем, урматтуу Лама Бусмен. «Бул эмне эле мынча жабышат» дегенсип Бусмен Мани Ясону дагы бир жолу карап жылмайды.
- Ал кичинекей элдин саны азыр үч жүзгө чыкса чыгат, чыкпаса жок. Алар өзүлөрүн Сириус планетасынан келгенбиз дешет. Барганда көрөсүз го кебетеси таптакыр бизге окшобогон эл. Баштары чоң көздөрү сүйрү, денелери кичинекей.
- Кулактары чоң дегенсиз ээ?
- Кулактары мобул Чоронукундай делдегей, - деп Лама Бусмен полицайды тамашага тартайын деди эле Чоро чала жылмайымыш болуп, бирок уйкудан көзүн ача албай койду.
-Мен сириус планетасын дайыма түшүмдө көрөм. Ал жактан келген сигналды угам. Тээ, бала чагыман бери угам.
- Чын элеби? - деп Лама Бусмен чочугандай Мани Ясону онурая карап калды.
-Чын -Хе-хе, сиз мени таңкалтырып турасыз, касиеттүү Миларепа. Мен сизге эмес, сиз мага көп нерсени айтып бере турган окшойсуз.
- Адегенде сиз, – деди Мани Ясо күлүп.
– Дропа эли качан, кантип келген экен биздин планетага?
-Жеке эле дропа эли эмес, Батыш Африкадагы Мали мамлекети бар эмеспи. Ошол Малинин Бандагара деген тайпасында догон деген бир уруу эл бар. Ошолор да өзүлөрүн Сириус планетасынан келгенбиз дешет.
- Сиз болгонсузбу?
- Малидеби? Ооба. Төрт мерте болдум догон элинде. Кадим мынабул биз бараткан дропаларга окшош. Турмушу да, дини да, маданияты да көп жагынан окшош. Бирок климат шарты башка болгондуктан айырмасы да көп.