Казат Акматов: Архат
ЭКИНЧИ КИТЕП
- Сүкүт салып, «Медитация жасап» дейт ламалар. Ошолордон үйрөнгөм. Ал үчүн көпкө көнүгүш керек, досум.
- Көнүгөм! Канча болсо көнүгем!
- О кой, досум! Жаша дагы. Көпкө жаша. Мен да жашайм. Азыр сен араң дегенде отуздасың да.
- Үйрөтүп кой эми ашына. Жакшылыгыңды аяба!
Барлас боюн калчылдатып, тура жөнөгөн ашпозчу досунун алдын торой калды.
- Эй, сенин кебетен жаман го. Өлгөнгө эмне мынча кызыктың?
-Өлбөйм! Коркпо. Бирок үйрөнүп алайын. Бизде, кыргызда макал бар, «Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» деген.
- Өлбөйсүңбү деги?!
- Сен айткан күнү өлөйүн.
- Бирок үйрөнө аласыңбы? Кеп ошондо. Ар кимдин эле колунан келе бербейт бул иш.
- Балким келип калаар колуман. Үйрөтсең досум.
Ашпозчу Барласты биртопко шекий карап турду да кесе айтты:
- Өлбөсөң үйрөтөм.
- Өлбөйм дебедимби!
- Анда эртең баштайлы. Таза кол жоолук ала кел.
- Калыңбы?
- Жоок, жанагы эле кадимки жука бет аарчыдан.
-Тамак ичпей келемби?
- Иче бер! Дароо эле өлөйүн деп аткан жериң жок да.
- Макул, макул. Дароо эле өлбөйм...
Ошентип күтүлбөгөн жерден эртеси ашпозчу өзүнчө эле билги йог болуп алды да, топоздун тезегин ташып келген Барласты танапис убагында тактага чалкасынан жаткыза коюп дем алууну бара-бара азайтуунун ыкмасын үйрөтө баштады.
- Полицай келип сураса: «Тыныгып жатам. Жүрөгүм начар» деп кой, макулбу
- Макул.
Ошентип отуруп оголе көп күндөр арадан өттү. Барлас эми көнүгүүнү үйүндө, жумуштан кийин жалгыз өзү жасай турган болду.
- Байкагын, – деди ашпозчу курбусу эскертип, – демиң көпкө дейре токтоп, эки чыкыйың какшай баштаганда дароо кол жоолукту бетиңен тартып ал. Антпесең зыян болосуң Ошого күчүң жетеби же жетпейби?
- Жетет, – деди Барлас курбусун ишендирип,
Бирок өзү шашып жүрдү. Ашпозчунун бул өнөрүн тез эле үйрөнсөм дейт, тез эле аркы дүйнөгө өтө качсам дейт. Анткени ал жакта Барласты эң кымбат адамы Анжела күтүп жаткан. Ал жөнүндө ашпозчу курбусуна айтууга болбойт эле. Ошон үчүн Барлас аны алдап, өлүү өнөрүн тезирээк үйрөткүн деп шаштырып жүргөн.
Күндөрдүн биринде Тибеттин үстүн караманча эле кара булут каптады. Же асман жарылып кетип нөшөр төгүп жибербей, же булут жыртылып, ар кай жери сөгүлүп жеңилдебей, таң супада түнөргөн капкара асман кечке дейре төбөдөн ныгырып жер үстүндөгү тирүү жандыктын бардыгын думуктуруп жиберди.
Барласты өзгөчө. Асманды булут алса эле анын дүйнөсү куруп кетчү. Анжеласы булуттун нары жагында калып кеткендей, ал экөөнүн ортосун булут атайылап тосуп калгандай сезиле берчү. Заманасы куурулуп, жүрөгү кысылганына карабай ал бүгүнкү жумушун бир башкача маанай менен шаша-буша эрте бүтүрүп, ичиндеги сырын каткан бойдон ашпозчу досуна акыркы жолу сырдуу кылчайып карады эле.
- Үч күндүк кылып үйүп салдың го тезекти, – деди ашпозчу Барластын кандайдыр ээликкенсип турганын көрүп, – тамак ичпейсиңби?
- Үйүмдө тамагым бар, – деди Барлас аны менен дароо кош айтышып.
Ошентип ал иңир ченде кепесине келди да, каалгасын ичинен илип алды. Үйүндө тамак эмес нандын күкүмү жок болчу. Чырагын да күйгүзгөн жок. Айда-жылда эле бир жыйылбаса дайыма чачылып жаткан секичедеги төшөгү даяр эле. Барлас болгону жаздыгын тигиндей алып салды да, чала чечинген бойдон жыгачтай төшөккө чалкасынан жата кетти. Бу жалганда же бир алдына койгон максаты жок, жөндөн жөн эле жашап жүрө бергенден ал ушунчалык жадаган экен, тимеле азыр ушул жатышы менен дароо нары жүрүп кеткиси келгенин өзүнөн кенедей да жашырган жок. Анысын чын жери өзүнөн таптакыр жашырбай калганына огеле көп болгон. «Тезинен өлгөнгө не жетсин!» - деп көкүрөгүндө бир күндө миң жолу кайталаган үн угула берип ашмалтай болуп бүткөн. Ал үн кимдики экени да белги сиз. Айтору тынбайт. Шаштырат. Ачыктан ачык эле кулагына жаңырат да турат.
Болгону, жумушуна чыгып элге аралашканда гана баягы үн дымып, кайдадыр жашынып калгансыйт. Бу дүйнөдөн тигил дүйнө алда канча кызык болуп калган Барласта ойлоп көрсө эч арманы деле калбаптыр. Анткени бүткүл өмүрү, деле туулгандан берки баскан жолу бүтүндөй эле текши арман экен. Анан анын кайсы бирин өзүнчө бөлүп алып арман кылып отурат эле?! Бүт эле баары арман. Ошон үчүн эч бир арманы жок.