Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

- Анда качан келейин, – деди Барлас нааразы болгон түр менен.

- Саат төрттөн кийин.

- Кимисине келейин?

- Панчен-ламага кириңиз.

- Ректоргобу?

- Ооба.

- Баары бир, Лама Цусуз Мани Ясого киргизбейт ко, – деди экинчи полицай сөздүн ачыгын айтып.

- Панченге кирсе анан алар өздөрү сүйлөшөт да.

Ошентип Барлас кайра кепесине кетип, кеч бешимде кайра келди. Келсе ректор да, Лама Цу да жок. Адилет болсо Тибеттин ыйык кишиси, Миларепанын кайра жаралган түгөйү катары мындан ары катуу кайтарууда калыптыр.

-Жансакчысы менен сүйлөшөлүбү. Ушул жерде иштеп атып, Адилет инимди көрбөгөнүмө бир жыл болду. Бир мүнөткө кантип улуксат бербесин.

- Оо, ал жансакчы жырткычтан да жаман. Тибеттеги эң катуу полицай. Керек болсо Далай-ламаны жанына жолотпойт, – деди баягы эки полицайдын бири.

Барлас көпкө дейре ошол жерде ойлонуп отуруп, анан акыры түңүлдү. Адилетке жолуксам деген ою негедир чардай учуп, көкүрөгүн башка санаалар басты.

Ошентип ал, күздүн күн катуу бүркөлгөн бир кечинде кайрадан жапыз кепесинде сүкүт салып жатты. Анын оюнда ушу бүгүн түнү «кетип» калыш керек эле.

Ашпозчунун айтканы дайыма эсинде, ал айткан: «Эң акырында, эки чыкыйың какшай баштаганда, чыдабай баратканында бетиңди жапкан жүзаарчыны алып ыргыт» деп. «А бүгүн мен ашпозчуну укпайм» деди Барлас эсмас абалда жатып.

Байкаса чындап эле деми токтогону баратат. Чыдаса болот экен. Чыкыйы деле анча сыздабагансыйт. Бетаарчыны алып ыргытуунун эми кажети жок. Эч кыйналбай...

Ох, бу турмушта каргаша деген көп болот эмеспи! Дал ушул тушта кимдир бирөө эшигин такылдатса болобу. Тимеле тарса-тарс. Барластын өчүп бараткан аң-сезимдери кайра ойгоно баштагансыйт. Бирок, саамга дейре баары бир түшүнбөй жатты, эмне болуп атканын.

Эшиги кайрадан тарса-тарс. Эшик деле эмес, ичке тактайлардан эле тизип уруп койгон каалга эле. Ачык эле калган болуш керек. Барлас атайын ачык таштаган. Балким ал үч күн, үч түн бою өлүү жолунда жатканда кимдир бирөө келип тедол окуп коёр деп үмүт кылган болчу. Келсе эле ашпозчу досу келмек да, башка ким келмек эле?

Каалгасы кайрадан такылдады. Барлас бу сапар демин ушунчалык азайткан экен тимеле караңгы кургуй менен кайдадыр ылдый, жердин жети катмарын көздөй учуп жөнөгөнү аз калган болсо керек. Ошол кургуйдан кайра көтөрүлүп чыгыш керекпи же жокпу? Же болбосо тынымсыз учуп отуруп жарк эткен «Жарык дүйнөгө биротоло чыгып кеткени оңбу? Албетте ошонусу оң да. Анын бар максаты ошол эмес беле!

Ангыча каалгасы кайч этип ачылган сыяктанды. «Ашпозчу досум» деп боолгоду Барлас бүдөмүк сезиминде. Бирок ойгонгусу келбей көздөрүн ачкан жок. Ашпозчу досу болсо эң сонун тедол окуп кыргыз курбусун Бардого * узатып койсун.

- Мырза Барлас! Э, мырза Барлас! Барсызбы?!

Барлас бул бакылдаган жоон үндү чын уктумбу же калп уктумбу деп ойлонуп калды. Баягы үн кайра да бир кайталанганда Барластын тынчы кете түштү.

- Эшик ачык. Бул ким? - деди ал үнүнүн болушунча унчугуп. Бирок кирген адам анын үнүн уккан жок. Ошон үчүн ал кайрадан катуу бакылдады:

- Уйкуңуз ушунчалык катуубу? Же кулагыныз укпайбы?

Барлас көзүн жылтыйтып ачты да дал үстүндө далдайган чоң полицай турганын көрдү. Сырттагы жарык терезеден үйүнүн ичине түшүп турган экен.

- Сизге ким керек?

- Сиз Барлас мырзасызбы, деги?

- Мен.

- Анда сизди Панчен-лама, ректор күтүп атат. Тез келсин деди.

- Мениби?!

Барластын бүткүл сезимдерин кайгынын илеби уруп кетти. Ушундай кантип болсун, Кайрадан төшөктөн туруш керекпи ыя? Кантип турат ордунан? Биротоло, түбөлүккө жатты эле да. Кантип эми...

- Тезирээк туруп кийиниңиз, Барлас мырза!

- Мен эмне үчүн ректорго барышым керек?

- Аны мен билбейт экем.

Барлас эми кыйла эсине келгенсиди. Ал түгүл чочуп кетти.

- Азыр түн да! - деди ал үнү киркиреп.

- Панчен-лама али ишинде.

- О, ректорго чакырып атасызбы. Мен жердешим Мани Ясо менен көрүшүүгө улуксаат ала албай жүргөм. Билесиз да.

- Аныңызды билбейт экем.

- Балким ошону угуп чакырып атса керек мени?

Барлас чайнектеги суудан куюнуп бети-башын жуунду да, үстүн жаңыртып кийип полицайдын артынан жөнөдү.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.