Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Урматтуу Далай-лама түшкө дейре зарыгып күттү. Мерчем боюнча Мани Ясону алып Лама Бусмен небак келип калыш керек эле. Эмнегедир жок. Аңгычакты түшкү тамактын да маалы болду.

 - Ата, сизди апам түшкү тамакка тезинен келсин деп атат! Басыңыз! Кайрадан ортончу кызы келген экен. Урматтуу Далай-лама бу сапар ойлонбой эле кызын ээрчип жөнөп берди. Эң жогорку кабатка чыгыш керек эле. Тамактана турган жайы ошоякта. Обору ачылып, ичи курулдайт. Бирок ошентсе да түшкү тамагына үлгүрбөй калды. Лама Бусмен артынан кууп жетти:

- Урматтуу таксыр, – деди ал эки тепкич ылдый турган боюнча аптыгып.

 - Азыр араң үлгүрүп келдик. Жолдун эки жерин кыян алып кеткен экен, ошого кармалып аттык.

- Лама Ясо кайда?

- Өз бөлмөсүндө.

- Тезинен мага чакыргын! Тасмасын кийип алсын чекесине! Ошентип коюп Далай-лама кызын баштан сылап эркелетти да кайтадан артына бурулуп кетти.

- Ата! Апам тез келсин деген!

- Бир аздан кийин, кызым. Сен бара бер.

 - Ата!..

 

***

 

Ыйык Миларепанын кайрадан жаралган түгөйү Мани Ясо экендигине Далайлама ишенбесе да ишенчү. Ага негиз биринчиден Лама Цунун көптөгөн далилдери болсо, экинчиден Мани Ясонун өзү. Жигиттин түспөл-турпаты, өзгөчө анда-санда бир караган терең көздөрү Далай-ламанын мээсинен өтүп шилисине кадалып тураар эле. Такыр туруштук бере алчу эмес, дароо көзүн ала качып кетчү. Ал эми Мани Ясонун чекесинде тасмасы жок кезинде таптакыр эле андан жүзүн ала качат.

Мынакей, азыр да Далай-лама иш бөлмөсүндө наркы-терки басып, азыр кирип келчү жаш жигиттен күнмурун сүрдөп, опкоолжуп турду. Анын үстүнө Мани Ясо бүгүн таптакыр күчтүү касиетке ээ болуп келатат. Ал азыр кара сыйкырдын да ээси!

- Ом мани падме хум! - деди Мани Ясо Далай-ламанын алдына келип үч жолу жүгүнүп. Андан соң кармай келген жибек шарфын өкүмдардын бут алдына койгон соң Далай-ламанын «отур» деген ишаратын күтүп туруп калды.

 Далай-лама болсо «отур» дештин ордуна өзү туруп келди да атайын ушул расмыска арнап койгон өтө кымбат баалуу, алтынжип менен шөкөттөлгөн кызылкүрөң шарфты Мани Ясонун ийнине салды.

- Мына эми жайланып отуруңуз, ыйык Миларепам, - деди андан соң туура дагы катар жаздыктарды көрсөтүп.

Мани Ясо орун алганчакты унчукпай күтүп турган Далай-лама сөзүн улантты:

– Сүкүтүңүздүн ийгиликтүү аякташы менен куттуктасам болоор дейм, ыйык Миларепам?

Мани Ясо унчукпай жылмайып койду. Жигиттин мына ушул жылмайуусунан Далай-Лама өзүнчө эле шек санай берчү. Бул эмне деген жылмайыш? Бир нерсени айтпай ичине катып калдыбы? Же менин ички ойлорумду толук көрүпбилип туруп ошого жылмайдыбы? Айтор түшүнүксүз. Анан калса бул жигит сыяктуу оюнду окуп турган адам менен баарлашыштын өзү эле бир оңбогондой тозок иш. Колдон келсе мындайлардан алыс болгонго не жетсин. Бирок антүүгө болбойт, алдыдагы сааты небак келип, чыркырап турган көйгөйлөрдү тезинен чечиш керек. Айла жок, чечиш керек.

Сырткы маселелерди коё туруп, биринчи эле ички маселе - Лама Тойбанын кылык-жоруктары. Жакын тууган экенине карабай ал көптөн бери Далай-ламанын артынан тымызын ылаң сөздөрдү агытып, XIV Далай-ламаны кайрадан ордуна келтирүү аракетин баштап жүрөт. Тегерегине ушул максатка талапташ биртоп белгилүү адамдарды топтоп алган. Атүгүл жашырын кеңешмелерди өткөрүп жүргөнү жөнүндө маалыматтар Тибетти коргоо комитетинде дайын турат.

Ачык айтып ошол маалыматтарды мойнуна коёюн десе Тойба тыйылмак түгүл кайрадан күчөй турган. Анткени жоготоор эч нерсеси жок анын. Каржы департаментин жетектеген кызматынан болсо ажырап калган. Ошон үчүн касиеттүү Миларепанын гана тымызын «жардамы» керек болуп турган кез азыр.

- Кичинекей Тибеттин көйгөйлөрү дайыма чоң болуп келген. Аны сиз, касиеттүү Миларепа жакшы билесиз, - деп кебин алысыраактан баштады урматтуу Далай-Лама:

- Геосаясий жактан абалыбыз дайыма талаштын чордонунда. Хе-хе, менин «талаш» деген жеке философиям бар. Адам жерге жаралганы жалаң талаш-тартыш менен жашайт, өнүгөт, өсөт, согушат, өлөт, тарыхын андан ары улайт. Адамдын мындан башка амалы жок. Талашсыз бир да күн жашай албайт адам коому.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.