Төлөгөн Касымбеков: Сынган кылыч

биринчи бөлүм

Төлөгөн Касымбеков: Сынган кылыч

БИРИНЧИ КИТЕП

КАН ОРДО

...ордосу болбой эл болбойт,

ордолуу эл кем болбойт,

ордосу жок, журту жок,

ортосунда ыркы жок

эл дегенге тең болбойт...

(эл акылы)

 

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

I

 

1865-жыл...

Генерал Черняев боз чаптуу дөңдө жалгыз көздүү дүрбү салып турду. Бет алдындагы түз талаа гана эмес, те алда кайда карарган чоочун Ташкен дубалы, мунарыктын алдында жаткан дарактуу кыштактар, сай бойлорундагы күдүрөйгөн камыштар, андан бери канаттуу чегирткелердей жайнап, акырын жылып келаткан көп аскер даана жатты. Кылка-кылка атчандар. Арты көрүнбөй ийрилип, чубалган жөөлөр. Боз чаң ар жерден бирткелеп түтөп, кайра жерге сүйрөлүп, суйдаң сарала тулаң чөптөргө, жалгыз аяк көк жантактарга самсып төгүлөт. Алыстан ат кишенейт. Адамдын жаң-жуңу кулакка илешет. Кокондуктар мынчалык камдуу келерин генерал күтпөгөн эле. Бирок, жүрөгүнүн өртү өчө элек курагы, аксаргыл жүзүнөн кандайдыр бир кооптонуу көрүнбөдү, жеңишинин тагдырына санаркоо болбоду. Кайта, эч капарсыз гана, каралжын саргыч мурутунун алдынан текебер жымыйып тиктеп турду. Бу ийри кылыччандарды биринчи жолу көрүп отурабы?

Бат атар мылтык менен толук куралданган бир жарым миң солдаты, бул жер түгүл Европага жүрүш кылууга жарай турган мыкты артиллериясы бар. Эмнеден кооп санамакчы? Кандайдыр бир коркунуч түзүүчү шарт азырынча бет алдында жок сыяктуу болучу.

Ушул учурда кокондуктардын аскербашысы да мерчемдүү өңүткө келген. Ак боз аргымактын тизгинин жыя тутуп, сары талааны туш-тарабына, боз чаптуу майда адырларга, өңүт тандап бөлүнүп кетип жатышкан кошун кыйрына назар таштады. Көздөрү канталап, иреңи кубарып, бырышы көбөйүп, уйкудан жүдөгөн. Анын үстүнө, эки ийнинен жеңсиз карала кымкап акбоз аргымактын дүңкүйгөн соорусуна чубалып, көлбүп басып дагы көрүмсүз кылып салган. Кушту жырткыч кылган тырмагы, кишини сүрдүү кылган мансабы. Жандап турган нөкөрлөр, удайчылар1 көзүнүн агы менен чимирилишип, ал эч ким менен сүйлөшпөй, эч ким менен макулдашпай, туштарабын колун серелеп карап, акырын ооз кыбыратуу менен керектүү буйруктарын оң канатка, сол канатка берип турду.

Үч күндөн берки акмалашуу бүтүп, бирине-биринин сыры такыр белгисиз эки жоо үрөй учурган тымтырс бойдон, акырындап, улам жакындашып келатты. Сыпайлар беталдын, өңүтүн бат-бат өзгөртүп, тушкелди бастырышып, бирде дыр коюп, ат ойнотуп, бирде элтейип токтой калышып жатты. Үстөмдүктү алыш үчүнбү, күн батыш тараптан генерал Черняевдин айрым бөлүктөрү биринчи болуп кол салып, тынымсыз барабан дабырап, арт жагынан анда-санда дүңгүрөп замбирек атылып, жүрөк үшүткөн сүр менен кокон кошунунун сол канатын түрө чыкты. Бир тегиз ак кийинген солдаттар ок жете турган аралыктан анча өтүшпөй, леклектердей желе тартып эки жакка жайылып, жабыла ок чыгарышып, көгөрүп каптап киришти.

Аскербашы жаак териси тырышып, канталаган жүдөө көздөрүн акырын ирмегилеп, камчылуу колун чекесине алып, ойго батып тиктеп калды. Нөкөрлөр нестейди, ар бири ичинен кармашуунун жоопкерчилигинен өзүн какас ойлоп, бу кантер экен дешкендей алдыртан аскербашыга көз салышып, унчукпай, кай биринин дени өлүп, кай бири табалап, тышынан жөргөмүштөй бүрүшүп оозун карап, катып турушту. Аскербашы чарчаңкы улутунду:

– Чырнай паша кылычташууга жеткирбей, өзүнүн огу келгидей аралыктан бери өтпөй, кууп атып кырмакчыбы?

Жакын турган Абдымомун бек эңилип:

– Ошондой го, таксыр, бу капырдын ою! – деди акырын. Аскербашы ойлонуп унчукпай калды. Канталаган жүдөө көздөрү чекчейип, тиги кымкуут түшүрүп өткүн сыяктуу улам кысып шатырап жакындап келаткан жакты диртилдеп чаргып, тынчы кете баштады. Ал акырын ооз кыбыратып буйрук айтты:

– Толгомо...

Анын ою душманын замбиректеринен бөлүп, алаксытып, желиктирип ортону көздөй көп такат кылбай коё берип, анан эки капталынан шап ороп, окко карабай жабыла ат коюп кирип, бирме-бир салгылашууга тартуу. Ага жеткенде генерал Черняев темир курчоодо калмакчы. Жеткиреби ошого? Муну генерал баамдап коё тургандай же бирөө жеткирип сала тургандай жүрөгү чоочулап, ичи бир кымылдап, бир сыйрылып, башына кан дүргүп, жаны түтөп, барган сайын чыдамы бүтүп баратты. Ал сол канат жакка бастырды...

13.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.