ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

(КЫЗ КАЙЫП)

Роман

I

Бу табигат дегендин тирүү жандын баарына жана аларга ар дайыма таандык болгон, кысталыш кыйын кезде да мизинен тайып койбогон бир өзгөрбөс шарты бар, ал – тагдыр деген эмне экенин, жаралганда Жараткан бешенеге эмне жазып койгонун алдын ала биле албайт, кимдин кандай болорун жалгыз гана жашоонун өзү көрсөтөт, а эгер андай болбогондо тагдыр дегендин тагдыр болмогу кайсы. Жарык дүйнө жаралган кезден тарта, тээ бейпил бейиш төрүнөн кубаланган Адам ата менен Обо энеден бери так ушундай болуп келген экен да, ошо күндөн ушу күнгө дейре тагдыр дегендин бу купуя сыры жан аттуунун бардыгына, атүгүл алардын ар бирине түйүнүн чечпей, аларды кылымдан кылым, күндөн күн жана сааттан саат тынбай, түбөлүк коштой берери кадиксиз чындык катары бешенеге жазылган, мунун жандырмагын, а балким, Жараткандын өзү да алиге толук табалек табияттын табышмагы бойдон калууда.

Мына эми, бу жолу да жанагыл тагдыр дегениң дал ошондой, ошондой болгондо да ушу ирет табылар тамыры жок табышмак-сырдын так эле өзү болуп чыкты да, анан адам баласынын толуп-ташыган акыл-эсинен, а тургай Алла Тааланын ой-дилинин чегинен чыгып кеткен, коогасы коркунуч кордугун туудурган окуя болорун эч ким капарына алган эмес.

Ушундай кырдаалдан улам айта турган жалгыз нерсе бар, ошо акыл-эске багынбаган нерсени ой боолгоо менен гана түшүнүү аркылуу – алдыда сөз болчу экөөнүн жакындыгы жайында ой жүгүрткөндө: болгону ошол эле улуу тагдыр буйругу менен булар бирдей жазмыш жылдызынын белгиси астында жаралса керек деп ойлоп кетесиң. Ооба, ушундай да болушу мүмкүн.

Арийне алар бири-биринин кадыресе жер үстүндө жашап жатышкандыгы жөнүндө ойлоп да коюшкан эмес, атүгүл алардын антип ой чыгарышына да шек-себеп деген жок эле. Анткени алардын бири көчөдө соодасы менен ичимдик ичилчү жайлары жайнаган жана да жыты щилекейди агызган шишкебек бышчу көмүрдүн түтүнү түндөй каптаган, эл деген быкпырдай кайнаган шаарда жашачу да, экинчиси дал ошо кезде күндүн нурун сындырган бийик тоолордо, арасынан шамал өткүс арча өскөн тескейинде теменедей тагы жок аппак кар алты айлап жаткан, аскасы көктү көтөргөн, адамдын изин көрөлек капчыгайларда өктөм өмүр өткөрчү. Ак кар, көк муз жердеген бу жаныбарды ушундан улам мөңгү барсы дешет, ал эми тоо жырткычтарын изилдеген илим анын түпкү тегин мышыктарга алып барат да, андан кийинкиси кабылан тукумунан тараган Теңир-Тоонун мөңгү барсы экендигин айтат. Билгендер болсо аны түз эле Жаабарс дешет, чынында бул аталыш анын олжосуна оңтою келген кезде кол салганына, көзгө илешпей, жебедей сызып каргыган кездеги табиятынан чыккан. Ооба, кээде аны кар жиреген илбирс деп да коюшат. Бу дагы анын жашоо-табиятына шай келген сөз. Башка макулук аттуулар тоолордогу күрткүлөрдүн түбүндө калбаш үчүн из түшкөн чыйыр издешет, а тигил барс дегениң болсо ушундай, жер өңүтүн тандабай, бет алган жагынан кайра тартпай, мемиреген ак карды жара жиреп, артына арык салып кете берет. Күчүнөн көзүң өрттөнөт.

Ийе, барстын ууга чыккан учуру көбүнчө түш маалында башталат. Отко тоюп, каны каткан кайберендер суусун кандырып, эртеңки күнгө күч жыйнап алыш үчүн туйлап аккан тунук сууга алдын ала макулдашып алгандай ар тараптан У агылып түшөт. Кыя жолдор менен ээн-эркин, 5 туяктары жерге тийип-тийбей, жеңил-желпи басышып, чакан-чакан топ болуп тизилишип алышат да, а эгер көз ирмемдин биринде бир кокустук болуп кетсе аткан октой секирип, кырсыктан безип кетерге даяр болуп, айланага абай сала тик карап, теребелге кулак сала желип келишет.

Деген менен бу Жаабарсың өзүнүн жырткычтык ишин эң сонун билет. Ал жогору жактан, аска таштын бурчунан, алаар олжосун күтүп жатып, оңтою келген кезде капысынан октой сыза секирип, жебе болуп жетет да, буйдамына келтирбей баса калат, мунусу чыны жаза кетпес кол салыш, кээде бадал-шактын артынан атылып чыгып, колу менен шак уруп жыгып, алкымына канжар азуусун матырып, ысык кан аралаш кызыл булоонун жытына магдырап калат.

Ал эми тигилер сууну каалашынча кана ичкенден кийин алардын артынан кумардан кана кууп жетип олжосун алган эң сонун. Ал үчүн жакын буктурмада шек чыгарбай бугуп жатуунун сырын билүү керек да, бир Кудайдын өзүнөн ашыкча кыймылдап албайын деп тилеп, алаар олжоң оозуңа түшүп, бир секирсең сеники болоруна карабай, өзүңдү өзүң токтотуп, ал тургай эликтер сууга тойгончо, тоо эчкилери кыл моюн баштарын суудан ала жогору көтөрүп, кулактарын тикчийтип, жайнаган сак көздөрүн жалжылдатып, кызыл ашыгына чейин суу кечип, шырп алдырбай кылкылдата жутуп жатканда да каныңа каар ойното карап чыдаш оң. Алар сууну канчалык көп ичишсе, барстын жолу ошончолук оң  болот. А кокус буларга түз, майдан жерден кол салуу зарылдыгы туура келсе, анда бу кийиктерди куубай-ак койсо да болот, артынан сая түшкөн барс түгүл, желкайып өзү болсо да ак өпкө болуп жинигет. Бир күүлөнсө иш бүттү, өзгө түгүл үнгө дагы жеткирбейт. Анын үстүнө аларың башка жаныбарлар өңдөнүп, айталы тигил кургакчылык каатынан бу жердеги бадалдарга жан айласы айынан сандалып келген доңуздардай коркулдап чыйылдабайт, безилдеп чуркап баратып жүрөгү түшкөнүнөн улам заңдап да жибербейт; сууну каалашынча ичип, чаңкаган жанын жай кылып, мына эми кетейин деген учурун кыл жылдырбай кармагын да, каргый барып октой тий, ал анткени ошондо бу кийиктердин ыкчамдыгы баштагысынан басаңдай түшкөн кез болот. Көздөгөнүң көзүңдөн учуп күйгүзбөйт.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.