ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Ооба, Жаабарс бу жолу да түшкө жуук ичмеликтин жанына аң улоого чыккысы келди. Ал демейдегидей шаркырап аккан суу жээгин бойлой жайбаракат, бадал-шактарга жашырынып, алды жагына көз оту менен чалгын салып да, анан ошол эле учурда гүлтамгалаш мөңгү барстарынын бири каскактай болуп чыга калбасын деп артына бурула карап да келатты. Кээде ошондой да болот, ал турсун алдын ала сөз кармашып алгансып тигилердин бир үйүрү чыгып калса ит жеди дей бер. Бирине бири сүр көрсөтүп ырылдашкандын кереги эмне! Жалгыз гана болгон оң. Ошентип ал келатты...

Күз келердин алды эле, а бу деген көк тиреген Теңир-Тоонун теңдеши жок дүйнөсүндөгү мактана турган мезгили эле, буюктурма бурганагы өз бийлигин ала элек, айсыз түндө ак булутту аймалаган ашуулары келип-кетер илбесиндерге жол ачып, жан-жаныбар жай отуна семирип, таңдайыңа балтатымы жабышып, түркүн куш учуп, а башкасы бак башында безелене үн салып, сарооз балапандары канат күүлөп, айтор, алардын жашоо-турмушу сайрандап турган кез. Күз күчүнөн тайган кезде ушу жерде бу куштардын бири да калбайт, кийинки жайга чейин кайдадыр житип жок болушат. Ал анткени аларың таш сындырган тоо суугуна кайыгып чыдай алышпайт.

Каны каткан кийиктер кайсыл жерде карегинен суу учуп келе жатты экен деп туш-тарабын көз оту менен чалгындап, өзүн өзү айланадагы аска таш менен бадал-шакка айлантып, тигиле тиктегендерге да гүлтамгасын байкатпай, жер менен жер болуп жылып, Жаабарс жойлоп келатты. Буржуйган бука желкелүү, чулу моюн, казанбак башы уюл таш, мышык кулагынан от жангандай жана да кара түндү как жара жалын чачкан чок көздүү Жаабарстын тулку бою шайдоот, узун, ары орошон күч-кубатка толуп, гүлтемгилдери даана көрүнүп, коюу, бирок жибектей жумшак жүн каптаган териси бу жердин табиятына жуурулушуп, кай бир эзелки ырларда бакшылар менен хандар гана барс ичик кийип өтүшкөн деп айтылганы бекер болбосо керек. Кыялына кылдай ой албай бара жаткан ушу барс өзүнүн Африкадагы каны бир кабылан менен куюп койгондой окшош экендигин, жадагалса куйруктары да бирдей узун, ары сүрдүү көрүнөрүн көөнүнө алып койчу эмес. Анын үстүнө каны бир кабыланы мышыктардан бетер  дарактарга тырмышып чыгып алат да, анан ошол  жерден олжолоп аларын баса калат, а мөңгү барсынын табиятына андай амал жат келет, тик аскаларда, коогалаң коолордо каргып жүрүү тагдыры маңдайына жазылган. Анын үстүнө барстар жашаган куш жеткис аска-тоолордо Африкадагыдай бутак-шактуу бактар жок, тоо-токойлору болсо төмөн жакта, тиги төш таянган өрөөндөрдө болот, ал дүйнөдө бир болсо сүлөөсүн аттуулар гана болот. Кай бир учурларда ошо тоо-токою аталган бадал-шактуу жерлерге барстар да келип калышат, андай кезде бу үч атадан кошулар жакындарын тааныбаган таризде жаман көрүп ырылдаша каңшылап айбат көрсөтүшкөн болушат. А негизи мөңгү барстарынын жашоо-турмушу көк челген бийик дүйнө күн түнөгөн кыл чокулуу улуу тоолор менен жана да жебе жетпес жел туяк кийиктердин артынан сая түшүп, кан кызыткан куугун кармашынын кумары менен бир түйүн байланышта.

Жаңылбас Жаабарс жер өңүтүн шарт аныктап, кол салар буйткасын буйдалбай тандады да, жылжып аккан суунун жээгиндеги сеңир таштардагы бадалдардын арасына комдоно жатты. Чеңгели менен тырмактарын тазалап, анан жел таппас болуп жашырынды. Каны каткан эликтер менен тоо эчкилери өзөндүн айдөшүнүн боору менен моюндарын койкойто, эки жакка элеңдей карап, баштарын өйдө көтөрүп, ээрчише тизилип, ушу жерге сууга түшүп келишмек. Алар жетөө экен, ошо жетөөнү тең ал аска таштардын жаракадай жылчыгынан тээ алыстан бая эле көргөн. Мына эми, ошолорду тосуп, оңутун күтүп таш болуп катты.

Күн төбөдөн нур төгүп, көктө адашкан ала булуттар асман тешкен Теңир-Тоонун мөңгү уктаган кыл чокуларына тийип-тийбей, илинип илинбей жай каалгып өтүп жатты. Ушунун бардыгы, ал тургай аба ырайы да, күндүн көзү да мына бул кексе жырткычтын оюндагыдай болуп, олжо алар оңутун келтирип турду. Күсөй күткөн кол салар кези да жакын калды, а бирок анын тынчтыгына канжар такаган жалгыз нерсе – сеңир таштардын арасында дым чыгарбай өлүк болуп, тигилерди карегине байлап алып жатканы менен өзүнүн дем алуусу өзүнө даана угулуп, энтиккендей туюлуп тургандыгы болду. Мындай учур каруусун кага катуу чуркаганда же болбосо азыгын алар кез келип түйүнчөк болуп түйүлө калып ыргыган учурларда, анан да жанагы үйүгүш кумар азабынын чыдамды алган жытын чачкан ургаачы илбирс ыракаты үчүн кан төгүлүп, эрегиште бири өлөр намыс талаш эрөөлдө, жон териси сыйрылып, омуроо эти шылынып, көзүнө урунган жырткыч аттууну алкымдан муунтуп жок кылар жиниктире жан тиштеткен кармашта күйүктүрүп бир болот.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.