Узакбай Абдукаимов: Майдан
Биринчи бөлүм
Чотур, Канышайым, Сырга болуп, Кыдырбектин канжыгасына бир чанач кымыз менен шыбага кылып арнаган түйүнчөгүн байлап жатышты. Кыдырбек үстү-үстүнө папиросун буркуратып, ызасына чыдай албай, аркы-терки басып турду.
Таң калган Кыдырбектин маңдайына Бермет акырын басып келди.
- Шашылыш экенсиз, таарынбай кетиңиз, - деди да, Бермет
Кыдырбектин бетине жайбаракат тик карап, колуна бир бүктөм кагаз берди.
Бермет Кыдырбекти атказмак болуп, аттын жылоосунан кармап турду. Кыдырбек тизгинди жыйнап, үмүт, өкүнүч, уят аралаш Берметти бир карап алды да, үзөңгү тепти.
... Бир жылдан бери жазып жүргөн каттын жообун кууп, барып эле катуулап киришем, сениби, сени!- деп кекенип келген Кыдырбек, кыз сыртын салып сүйлөшпөй койгондон кийин жели чыккан чаначтай болуп, шылкыйды да калды. Маңкайган ак саргыл Бермет баякы Кыдырбек жулмалап, Кыдырбек уруп койчу Бермет эмес эле. Теңсинбегендей чоюлуп, жай басканы, камы рап да койбогон кош көңүл сыяктуу мамилеси Кыдырбекти күйгүзүп, десин суутту.
Кыдырбекте дале болсо чети оюлалек дөөкүрсүмөчүлүк, курч тук бар эле. Бирок кылычтай курч Кыдырбек зыңгыраган Берметти көргөндө ташка урунгансып, кетиле түшкөндөй сына түштү.
Эки бетин карагай каптаган капчыгайды жарып, күркүрөп шаркырап агып жаткан сууга келгенде ат жүткүнүп, тизгинди жулкуй калды.
Чөнтөгүнөн Берметтин бир барак кагазын сууруп чыкты да, жүрөгү чыгып даай албай, акырын бүктөөсүн жазды.
«Сиздин катыңызга эмне деп жооп айтарды билалбай турам. Мен али келечекти ойлой элекмин... Аркы-беркини ойлой турган болуп, мен кичине акыл-эсиме кирейин...»
Сылык Катты кайта-кайта окуп Кыдырбек ойлонуп калды. гана: «атыңыздын башын нары бура бериңиз» дегени, - деди ичинен. Аты алда качан суу ичип болуп, башын салаңдатып, үргүлөп турган.
Суудан чыга берерде чукул алдынан бир атчан чыкты. Жанаша бергенде тиги атын токтотуп:
- Салоомалейкум!- деп, кол берди.
- Алеки салам...
- Тааныбай турасыңбы?
Таанып турам. Сен...
- Мен Сарыгул эмесминби. Бала кезде бирге окубадык беле.
Зыңкыйган командир болуптурсун. Мен болсо минтип мал догдур болуп кеткемин. Мурду жалпак, үстүңкү эрди түйрүк, мышмыйып күлгөндө көзү көрүнбөй кеткен сары мурутчан сары жигит сөзмөр неме болучу. Шакылдап сүйлөй берди.
- Кайдан?- деди Сарыгул.
- Жайлоодон.
- Жылкычыларга бардың беле?
- Ооба.
- Анда кимиң бар эле? И-и жылкы башы Чотур бар эмеспи, кызы жайлоодо деп уккамын. Жеткен экенсиң, эргул. Аскерден качан келдиң?
- Он күнчө болду го.
- Араң элеби? Мен райондо жүрүп, сени келди деп, кече уктум. Силердин башкармаңар Молдош айтты. Башкарма, жылкы ферманын баары, жайлоого көчүп келатышат. Мен мурунурак барып, кымызга тоюп, аркы субай жылкыларды берирек айдатып келейин деп баратам. Кудай салбасын, район тополон эле түшүп калды.
- Эмне болуп?
- Угалексиңби?
- Эмнени?
- Согуш чыгып калбадыбы!
- Согуш!
- Согуш, жолдош командир, согуш. Немистер кол салып кириптир.
Кыдырбектин кара сур өңү купкуу боло түштү.
- Эми аскердин аттарын камдаш керек. Баарын эле кыйратып жыгып келатат, бу немис дегениң кыйын окшойт. Ай, биздикилер оңдурбайтко. Кандай дейсиң?
Кыдырбек жооп берген жок.
- Өзүң качан жөнөйсүң?
- Кайда?
- Согушка.
- Сенчи?
- Мени эмне кылсын? Аскер толуп жатпайбы. Анын үстүнө мылтык кармап көргөн жан эмесмин.
Кыдырбектин көздөрүнө кан толуп, бүткөн бою чыңалып, атын теминди.
- Кетип калсаң кош бол! Атасынын көрү, немистерди кыйратып, катын-кызын ыйлатып, союп кел! - деп, Сарыгул Кыдырбектин артынан кыйкырып калды. Кыдырбек анын сөзүн уккан жок. Бүткөн бою ымыр-чымыр болуп, көзүнө эчтеме көрүнбөй, атына камчы уруп, ылдам жүрүп кетти.
Согуш башталганына үч күн болгон эле.
IV
Үйгө жакындаган сайын Кыдырбектин жүрөгү опколжуп келатты. Эки энеси (Кыдырбектин эки энеси бар эле) эки жагынан чыгып, ыйлап алек кылабы деген ой баятадан бери тынчын алып келаткан. Кыдырбектин кайда дайындалганын Кыргызстандын согуш комиссариаты али айта элек болучу, дем алуудан келгенден кийин көрөрбүз дешкен. Эми азыр дайындала турган жери согушуп жаткан армияда экенинде күмөн жок эле. Аскердин тартиби боюнча согуш чыккандан кийин токтоосуз, түрдө военкоматка жетиш керек болучу. Ошондуктан бүгүндөн калбай жөнөшү керек эле. Ата-энесинин кашында оңдуу да туралбаганы аларга катуу тийип, «кандай келип кандай кеткенин билбей да калдык» дешип, боздошорун ойлоп, Кыдырбектин жүрөгү туйлап келатты. Бул сезим Кыдырбекке туңгуч келгенин өзү да түшүнгөн жок. Ушу күнгө чейин талаалап журүп, олку-солку, өңгүл-дөңгүл турмуш сүрдү. Жашынан ата-энесин какшатып, аларга качан болсо баякы Сулаймандын «тентек» баласы деген жаман сөздөрдү угузганы менен Кыдырбектин көп иши болгон эмес. Эми согуштун айбаттуу сүрүнөнбү, болбосо эсине кирип токтолоюн дегениненби, ушул учурда Кыдырбектин боору жумшарып, ата-эненин көз жашынан коркуп, аларды аяп, аларга күйүп, канаты менен калкалагысы келип турду. Алардын алдында өзүн айыптуу, кылмыштуу, күнөкөр сезип, алардын алдына өзү ыйлап, өзү жыгылгысы келип кетти. Ушул учурда Берметтен кагуу жеп, ыза болуп арданганын да, Берметтин өзүн да унутуп, көз алдында жалгыз гана эки энесинин, атасынын, артыкча эки энесинин көз жашын ирмеген элеси делдиреп, теңселип турду.