Даат
Аалы Токомбаев
– Бали, кайта көрсөтүңүзчү? Кемпир кандайча кыйкырды дедиңиз? – деп кемпирдин кыйкырганын дагы тууратышты.
– Хан вазирдин айтканына ишенбестен, экинчи вазирин жиберди. Ал келсе кемпир баласынан чыны менен ажырагандай болуп, мына минтип бакырды:
– Ой, айланайын, Даат!! Ой, Даат! Менин үнүмдү угасыңбы!! Даат!!! – деп бакыра берди.
Акыл аке «Даат» деп бакырып жатканда, анын үйрөтүп жаткан балдарынын бири ойгонуп калды да, калган жолдошторунун бардыгын ойготуп, Акыл акенин Дааттап кыйкырып жатканын айтты. Балдардын бардыгы Акыл акенин чебердик менен жардам күтүп жатканын билишип, эшиктин алдына топтолушуп, Акыл акеден уруксат күтүп турушту. Акыл аке балдарынын келгенин сезсе да, жомогун созо берди.
– Экинчи вазир жетип келип сураганда кемпир баягы жообун берди. Хан буга да ишенген жок. Эми вазирлердин эң чоңун жиберди. Ага да кемпир баягы жооптуу берди. Хан буга да ишенген жок. Саякатты токтотту да, унчукпай сарайына келип:
– Ошол кемпирди алып келгиле, – деп буюрду. Самтыраган кемпир Даатты көтөрүп, хандын алдына келди.
– Кана, кемпир, сенин эмне датың бар? Эмне үчүн «даат!» деп бакырдың? – деди хан.
Кемпир баягы сөзүн айтты.
– Эмне үчүн балаңдын атын Даат койдуң? Ал атты ким койду? – деди хан күлүмсүрөп.
Кемпир анын дайынын толук сүйлөдү.
– Чалың кандай киши эле? Ал качан өлгөн? – деп толуктап сурады хан.
Кемпир төкпөй-чачпай баарын айтып берди.
– Чалымдын жоголгонуна үч жарым жыл болду. Анын кандайча өлгөнүн билбеймин, – деди кемпир.
– Ат койгон жигит азыр барбы7 Анын оокаты кандай? – деп дагы сурады хан.
Кемпир ал жигиттин эң мурун бай болуп жүрүп жарды болгонун, чалдын жардамы менен оокат кылганын жана азыркы күндө ушул элдин биринчи байы болгондугун сүйлөдү.
Хан вазирин чакырды да:
– Мына бул кемпирге жүз дилде бер да, баланын атын койгон байбачаны чакырып кел, – деп буюрду.
Көп убакыт өтпөстөн вазир байбачаны хандын алдына келтирди. Менсинген байбача хан менен жакшылап көрүштү да:
– Сиздин буйругуңузга кайылмын, – деди. Хан башка сөзгө келбестен, туурадан туура гана:
– Кана, байбача. Дааттын атасын эмне үчүн өлтүрдүң? – деди. Эчтемеден шеги жоксунган байбача, катуу чочуп кетти.
– Таксыр, анын өлгөнүн мен билбеймин. Байкуш чалды мен өлтүрүп эмне кылайын. Менин өлтүргөнүмө күбө барбы? Болсо беттештириңиз, – деди.
– Баланын атын Даат деп ким койду? – деди хан.
– Таксыр, «Даат» деп мен койдум. Анткени: «Мен өлүп калсам, баламдын атын Даат койгун» – деп өтүнгөн эле. Мен ошол кишинин тилегин гана орундаттым, – деди байбача.
– Көргөн киши мойнуңа салса, башыңды азыр алайынбы, – деди хан.
Байбача күбөнүн жоктугуна толук ишенет, анткени, чалды өлтүргөндө ал талаада адам эмес, канаттуу да жок болучу.
– Көргөн күбө мойнума салса, башымды ала бериңиз, – деди. Хан каткырып күлдү да:
– «Даат» деген атты чалдын айтуусу боюнча койдуң беле? – деп дагы сурады.
– Ооба, чалдын айтуусу боюнча койдум. Мен анын сизге жакпай турганын билген эмесмин, – деди байбача. Хан ордунан туруп алаканын чапкылады. Анын вазирлери жабалактап кирип, тура калышты.
– Байбача, сен акмаксың, – деди хан күлгөн бойдон, – чалды өлтүргөндүгүңө үч күбө бар: бири – Даат, экинчиси – мен, үчүнчүсү – сен, – деди.
Вазирлер да, байбача да эчтемени түшүнгөн жок.
– Силер түшүнбөсөңөр, мен айтайын. Чалдын өлүмү мындайча: – деди хан.
– Кандайча, таксыр? – деп байбача ишенбегендей болду.
– Тыңша, – деди хан, – чал ашкан акылдуу болгон. Анын бардык тулкусу акыл менен толгон. Сен аны өлтүрүп жатканда, өлтүргөндүгүң үчүн өзүңдү күбөлүккө даярдаган. Сен акылсыз байбача ага түшүнгөн эмессиң. Акылдуу чал чындыкты акылдуулардан күткөн. «Баламдын атын «Даат» койдурсам, даттын түйүнүн чече турган акылдуу калыс чыгат», – деп ишенген. Ал сени өлсө да куткарбоого аракет кылган. Мына, сен кутулган жоксуң. Өзүңө өзүң күбө болдуң. Сен акылга бычак салдың. Бирок ал сенин акмактыгындан пайдаланып, чындыкты чыгарды, – деди хан.