АБЫЛАЙ ЖЕТИМ

ТУРМУШТУК ЖОМОКТОР

АБЫЛАЙ ЖЕТИМ

Бала карыянын айткан жерине келип, чуңкур казып жатып алат. Эки күн өткөндө асманга батпаган көп көгүчкөндөр келип баягы чоң дөбөгө коноору менен адам болушуп, көпкө шектенип турушуп, акыры жыйынына киришет. Абылай амалдык менен байкатпай жакын өтүп бара жатканын жакадан алат, ошол замат көгүчкөндөр дүр этип асманга көтөрүлүп, коркунучтан чочуган перилер артын карабай өз дүйнөсүнө учуп жөнөшөт. Абылайды да бир аз көккө көтөрдү, алп урушуп келип жерге түшүштү, колу карышкан Абылай көгүчкөндөр канчалык аракет кылса да коё берген жок. Колундагы жип менен мойнуна күрмөй салып, белине бекитип байлап алды. Акыры экөө сөзгө келишип, Абылай каалаганын айтат.

Аны орундатса аман каларын билген пери Абылайга жарты айдай алтын берет. Жерге коюп чертип койсо, ойдо жок сонун көл болот. Экөө шилекей алышып достошуп, Абылайды пери досу орто жолго чейин учуруп жеткизип коюп, өз дүйнөсүнө учуп кетет. Ошентип мөөнөтү бүтө электе эле хандын каалаганы даяр болот. Абылай жарым миң дилде, сый алып кубаныч менен үйүнө келет. Алтын-Көлгө алтын балыктар жарашып, ыракатын падыша, вазир көрөт. Бирок бул жолу да Абылай жетимдин кубанычы көпкө созулган жок, каардуу вазир дагы бир укмушту ойлоп табат.

– Бир күнү эле күн батышта Күлдүркан дегендин Айсулуу, Күнсулуу деген эки кызы бар, күлүп койсо караңгы жарык болот. Ошол айдай сулуу Айсулуу падышам сизге гана жарашат. Алтын-Көлүң, алтын балыгың болсо, эми Айсулуудай жарың болсо, ааламда эмне арманың бар? – дейт вазири.

Акыры иш жамандык менен бүтөрүн сезген хан көпкө макул болбойт. Бирок амалкөй вазири асылып жүрүп, акыры бал тилге салып ханды макул кылат.

Бул иш да Абылай жетимге жүктөлөт. Ошентип ал күл азыгын мол камдап, Күлдүркандын шаарын көздөй бет алат. Айсулууну кантип таап, кантип алам деген ой менен жолго чыгат. Амалсыз байбиче арыбаган азаптын көлүндө калат. Бул жолу жолуң катуу болот балам деп, энеси Абылайга бал жана таруу кошкон бир карын май берет. Эгер кимдир бирөө сени менен кошо жешип, эмне экенин сураса, буга энемдин эмчегинин сүтү кошулган дегин, ошондо ишиң онунан чыгат дейт.

Бала бул сөздү көңүлгө түйүп, батышты көздөй жүрүп кетет. Көп жол жүрүп, көзү тунарды, таңдайы катып чөлдөрдө суусады. Алсырап калган кезде алдынан бир чубалган чаң көрүнөт. Абайлап турса ааламда жок алп дөө экен. Ал алыстан эле баланын качпай күтүп туруусун өтүнөт. Абылай жанынан чындап үмүт үзөт.

– Сенден аны-муну сурап олтурууга убактым жок, оозумду гана толтур, болбосо өзүңдү жалмап алып жолго түшөм, – дейт дөө.

Шашып калган Абылай баягы сары майды сугунта берди. Дөө майды былчылдата чайнап жутуп жиберип, тамшанып туруп:

– Бул эмне тамак?

– Кадимки май бал, таруу, бирок менин энемдин сүтү кошулган.

Дөө муну укканда айран калды.

Эми кызык болгон турбайбы, мен сени менен эмчектеш болуп калган экемин. Сени жегеним болбойт, сага каалаган убагында жардамга келишим керек. Ме, мобуну түтөтсөң мен дароо даяр боломун деп узун мурутун жулуп берип, көздөн кайым болот.

Кайраттанган Абылай Күлдүркандын шаарына да жакындап келип алыстан көрүп, Күлдүркан ушул болсо керек деп жоромолдойт. Абылай көк өгүз минген, он чакты эчки, коюн жайган чалга жолугат.

Аны менен саламдашкандан кийин, жетиммин, багар-көрөрүм жок, баласы жокко бала, ботосу жокко бото болоюн деп жүрөм деген тилегин айтат.

Чал сүйүнгөн бойдон баланы ээрчитип кемпирине жөнөйт. Кемпир дагы сүйүнүп, бир эчкисин союп өздөрүнчө той кылып, Абылайды бала кылып алышат. Бала чөп алачыкты оңдоп, шыбактап там салат. Абышка-кемпир уулдуу болуп, муунуна муун кирип, жай өтүп, күз өтүп, кыш өтүп, жаз келет.

Бир күнү келин алуу тууралуу сөз болот. Ошондо Абылай жетим өз максатында ишти баштайт.

– Эгер мен аял алсам, Күлдүркандын кызы Күнсулууну же Айсулууну аламын, болбосо дүйнөдөн так өтөмүн, – дейт.

Чал катуу чочуйт.

– Ал падыша болсо, мен жакын бара албаган жаман чал болсом, балам, падыша мени бучкагына теңеп койбойт го, өзүң ойлочу. Анын үстүнө «шылдың кылганын кара» деп, башымды сөзгө келбей кесип жүрбөсүн?

05.06.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.