АБЫЛАЙ ЖЕТИМ

ТУРМУШТУК ЖОМОКТОР

АБЫЛАЙ ЖЕТИМ

– О, жарыктык, кудалыкка, элчиликке өлүм жок, бир жооп айтат, Күлдүрканга барып кел, ата.

Эгер балалыкка санабасаң өзүң билгин, туубасаң да тутунган балаңмын го, – дейт Абылай.

Чал көзүнө жаш алып, көк өгүздү токуп Күлдүрканга жөнөйт. Келип падышанын жигиттерине дайнын айтат. Падыша аны бир күн конок кылгандан кийин өзүнө чакыртат. Чал таазим менен салам айтып, келген жөн-жайын айтат.

Уулуңдун талабы чоң экен, биринчиден мага уулуңду көргөз, уулуңду сынап көрөмүн, көңүлүмө жакса, үч мөөрөй беремин, аткарып кетсе кыз сеники, менин шартым ошо, аткара албаса башын аламын дейт.

Ошентип Абылай жетимдин башы эки кылычтын ортосунда калат. Муну толук уккан Абылай жетим Күлдүркандын кылычына барып бергенден башка айла жок экенине көзү жетет. Болжогон күнү падышага келет. Падыша баланы көрүп эле жактырып калат. Айсулуу менен Күнсулууну да балага көргөзөт.

– Кааласаң үч мөөрөй берем, жеңип кетсең кыз сеники, болбосо башың кесилет, – дейт падыша.

Бала макул болот. Чал кандай болот деп көзүнүн жашын куюлтат. Көрүп турган эл ажал айдаган бечара, ишиң бүттү дешет.

Мөөрөй башталып, биринчиси кырк өгүз союлуп, эти казанга салынат. Падыша балага:

– Үч күндүн ичинде жалгыз өзүң жеп бересиң, –дейт.

Бала бир үйдө жалгыз өзүн камап туш-тушка кароол коюуну өтүнөт. Баланын айтканы орундалат.

Караңгы киргенде Абылай жетим баягы досунун мурутун түтөтөт. Көз ачып жумганча үйгө кырк дөө кирип келип, кырк өгүздүн эти жок болот. Бала бир кабыргасын алып эртең менен мүлжүп олтурган болот. Калыстар келгенде шагыраган гана сөөк калат.

Бирок падыша бир кабырганын калганына чатак чыгарат. Ошондо бала:

– Адал малыңыздын этинен ооз тийсин деп калтырдым, болбосо сугунуп деле жиберем, – дейт.

Ошентип падыша сөзгө жыгылат. Ызасына чыдабай:

– Мына бу дарыяга ары-бери жүк ташуучу унаа өткөндөй муз тоңдурасың, – дейт.

Бала макул болуп, досунун мурутун дарыяга салды эле кычыраган кыш түшүп, калдайган муз болуп дарыя буулат. Муну сынашып, калыстар каршы терши өтүп көрүшөт. Жеңиш дагы баланыкы болот.

– Мына бу тоонун ары жагында Ала-Көлдө отуз кулач ажыдаар бар. Ар бир кырк күндө бирден адам, ар бир жумада бирден бодо жейт, аны бербесең элиңди соруп жок кылам дейт. Мына ошого эртең бир адам керек. Аны өлтүрсөң аман каласың, болбосо ажыдаарга жем болосуң, – деп падыша каарданат.

Бала буга да макул болуп, падышадан эки жагы тең миздүү эки болот кылыч сурайт. Усталар кылычты эртең мененкиге даяр кылышат. Бала куралды алып жолго аттанат. Ажыдаардын ачуусун келтирип, болжогон убактан кечигип барат. Ачуусу келген ажыдаар баланы көрүп, ачынгандыктан алыстан эле оп тартат. Абылай ажыдаардын оозуна аба менен учуп жөнөйт. Колундагы эки миздүү болотту ажыдаардын ууртун көздөй болжоп, күү менен ажыдаарды жара тилип, Абылай колунан албарс кылычы түшпөгөн калыбында ажыдаардын куйругунун учунан чыгат. Жырткыч эч нерсеге чамасы келбей жан берет. Эсин жыйган Абылай жонунан кайыш тилип падышага келет. Убадага бекем падыша шартты бузбай, нечен күнү той жасап Айсулууну Абылайга берет. Ажыдаардан кутулган эл Абылайга алкыш айтат. Абышка-кемпирди көчүрүп Абылай жетим өзүнүн шаарына келет. Келсе баягы падышанын кара мүртөз вазири дүйнөдөн кайткан болот. Ошентип Абылай жетим эки энелүү, аталуу, жаш сулуу жарлуу болуп, бактылуу жашап калат.

 

05.06.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.