АКЫЛ КАРАЧАЧ ЖАНА КАРАКАН

ТУРМУШТУК ЖОМОКТОР

АКЫЛ КАРАЧАЧ ЖАНА КАРАКАН

 

Илгерки өткөн заманда Каракан деген хан болуптур. Бир күнү хан өзүнө караштуу элдердин баарын чакырып алып:

– Менин сурай турган үч суроом бар. Ошол суроого жооп берген адамга ат башындай алтын беремин, – деп жарыя кылат. Биринчи – дүйнөдө эмне таттуу? Экинчи – дүйнөдө эмне катуу? Үчүнчү – дүйнөдө эмне оор?

Эл арасынан бир карыя чыгып: – Мен табам сурооңузду. Убадаңызды бузбасаңыз, менин Карачач деген кызым бар. Мен үчүн кызым жооп берсе болобу, ханым? – дейт карыя.

Кызың жооп берсе болот деп хан карыянын сунушуна макул болот. Экинчи күнү ал кызын ээрчитип хандын ордосуна келет.

Таксыр ханым, хандын суроосуна жооп бересиң деп мени атам ээрчитип келди. Сурооңузду кайталап койсоңуз, мен жооп берейин Карачач ханга кайрылат.

Хан баягы суроолорун кайталап берет. Карачач бир аз ойлоно калып, анан чечмелеп кирет. Балдан ширин – жигиттин алган жары, таштан катуу – жокчулук зары. Чын убададан – оорду көрө албадым! Мен деңиз жээгиндеги балыкчы чалдын кызымын. Картаң ата-энемдин менден башка баласы жок. Атамдын балыктан башка күндөлүк тапкан табышы жок. Мен атама жардам берип, деңиз жээгинде атам менен жүрөмүн. Атам чал, энем кемпир, экөө мени «кызым, сенден башка көрөр күнүбүз, жыттар жытыбыз жок», деп дайыма жалынып, экөө ортосуна алып жатышат. Атам менен энеме менден жакыны, менден ысык нерсеси жок го деп ойлочу элем. Эртең менен ойгонгондо карасам, мен четке жатып каламын, ошону көрүп, балача жакшы, абдан ысык болсо да, эри менен аялдан жакын боло албайт экен го деп ойлоймун.

Экинчи, жокчулук – таштан катуу деп айтканым, кайсы бир убакта атам балыктын чабагын да алалбай, үйгө сабыры суз кайтат. Ошол убактыларда үйгө атамдын курбу-курдаштары келип калганда, тамак бере албай, «ай жокчулук», деп капаланып отурган күндөрү болчу. Ошондуктан жокчулук таштан катуу экен го деп ойлойм.

Үчүнчү, убада – оор дегеним, ушуну менен айткан сөзүмө сиз убада кылып, убаданы буза албай, мага ат башындай алтынды бергени турасыз. Ошондуктан, баарыдан убада оор экен деп ойлоймун.

– Суроомо туура жооп берди, кызым, – деген Карачачтын атасына ат башындай алтынды бердирет. Андан кийип хан кызга карап:

– Үч күндөн калтырбай атаңды мага жибергин. Сен убаданын жайын билет экенсиң, мени сөзүмдү орундатпай койбогун, – дейт.

Карачач кыз үйүнө барып, үч күндөн кийин ханга берген убадасы боюнча атасын жиберет да:

– Ата, хан оңой суроо берсе жооп бериңиз. Эгер кыйын суроо бере турган болсо, үч күн уруксат бериңиз деп кайра үйгө келерсиз дейт. Карыя хан ордосуна барат. Хан аны чакыртып алып:

– Ээ чал, кечээ кызыңдын жообуна ат башындай алтын бердим, өзүңө дагы көп дүйнө беремин. Жокчулук менен өмүр өткөргөн адам экенсиң, сени өмүрүң өткөнчө байлыкка тундурам. Менин мурда тогуз аялым бар эле, бирок бир да балалуу болгон жокмун. Эми айтаарым, кызыңды мага аялдыкка бер. Мен эрке токол кылып алайын, – дейт.

– Сизге кызымды токолдукка берип, көп дүйнө алып байыгандан көрө, өзүмдүн күндөлүк эмгегим менен балык кармап оокат кылганым артык эмеспи,– дейт чал.

Чалдын сөзүнө хандын ачуусу келип:

– Чалды дарга аскыла,– деп желдеттерине буйрук берет.

Ошондо чал коркуп кетет да, үч күнгө уруксат сурап, үйүнө кайтмак болот.

– Үч күндүн ичинде сөзүмдү орундатпасаң, тирүү кутуламын деп ойлобо. Мен айткан сөзгө макул болуп, кызыңды бересиң, – дейт.

Карыя корккон боюнча сандалып үйүнө келет да, тескери жаткан калыбында ыйлай берет.

– Ата, эмнеге ыйлайсыз. «Миң күнкү караңгылыктан, бир күнкү жарыкчылык артык» деген бар.

Ата, кайра ханга барып сөзүнө макул дей бериңиз. Көп берсе алтын албаңыз. Кантсе да хан кызыңды мага бер деп айткан чыгар. Сиз калыңга мал сураңыз, ошондо гана кызымды беремин деңиз. Ал калың жайы мындай: биринчи, кийиктин он улагын, жыйырма түлкү, отуз карышкыр, кырк арстан, элүү ат, алтымыш чидер, жетимиш аркан, сексени кургаган жүрөк бериңиз деп айтыңыз. Ушуну берсеңиз кызымды беремин. Андан соң кайгысы жок картаң молдого кызым экөөңөр никеңерди кыйдыргыла деңиз. Ушуну айтып келе бериңиз, – деп атасына акыл үйрөтүп жөнөтөт.

05.06.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.