Аял
Султан РАЕВ
(Аңгеме)
“Аял” ангемеси жалгыздык, сүйүү,адеп-ахлак маселесин чагылдырат. Бул аңгеменин негизинде режиссер Алмаз Сарлыкбеков “Сен да,мен да, баарыбыз” аттуу спектаклди койгон. Башкы ролду Асель Эшимбекова жана Темирлан Сманбеков аткарган. Ошондой эле “Экөө” аттуу телевизондук көркөм фильм тартылган. Башкы ролду Айжан Акылбекова аткарган.
— Ты-сс!.. Акырын…
— Ким?
— Коңшубуз…байкап калбасын… Т-сс! Акы-рын бас-сс… Бутуңун учу менен. Жөтөлбө! Ме, байпагыңды… керебеттен аста тур. Кычырайт… кычыратпа!... Тыс-сс!... Акырын бас. Бутуңун учу менен…
— Коңшунбу?..
— И-иэ. Жөтөлбө дейм?! Байкап калат. Турдуңбу?.. Бер колуңду. Артымдан акырын жүрө бер. Абайла, шифанер… Урунуп алба.
— Байпагымды…
— Кие элексиңби? Кий.
— Караңгыда эч балээ көрүнбөйт… Кийдим. Каяккаа басайын?
— Бер колуңду. Ии… мындай бас. Солго… Шифанерден этият бол. Урунуп алба. Ии… акы-рын.
— Батникеңчи?.. Ка-на?.. Каерге койдун эле?
— Быякта. Мындайраак бас-саң… Ии, мына бутума урунду. Ты-сс-сс!.. Таптынбы?
— Таптым. Бирөөсүнүн боосу жок го. Түшүп калганбы? Свети жандырсаң? Көрүнбөй атат…
— Жо! Жандырба! Тиги байкап калат.
— А таптым мына!...
— Эшигин ачып атат. Кирип кетсин…
— Тешиктен карайынбы?..
— Кара … Акырын эшиктин түбүндө мусор чака бар. Тээп алба.
— У-х! аз калды. Тээп ала жаздадым.
— Карачы?.. Эмне кылып турат?..
— Эшикти…
— Бир саат ачабы? Кибиреген десе! Жанатан бери эле ачалбай…
— Ключу түшпөй
— И-ий! Эстен чыкканын көр! Аялы ключту мага калтырып кетпеди беле?«Күйөөм келсе берип кой» деп. Эми кантем?! Өлдүк го!... Жанале званит эткенде ачпай. Сен да…сен болбосоң…
— Кайдан билдим анысын?
— Мен да ким деп койбопмун… Турабы?..
— Турат… Түкүрдү. Саатын карады. Дагы карады…
— Колунда бирдемеси бар бекен? Же жокпу?
— Азыр… азыр…Көрүнбөй калды. А мына көрүнө баштады… буту… плащы… өзү… Пай-пай! Кабагын! Сүрдүүсүн кантесиң! Тим эле соттой. Каерде иштейт бу? Чоңбу?.. Колунда кара дипломат бар… Быякты карабатат…
— Ты-сс! Жап оозуңду! Угуп калбасын.
— Ким болуп иштейт бу?.. «Шишкадай» кейпи бар. Гоголдун эле шаар башкаруучусу, тооба!
— Илимдин кандидаты… Академияда иштейт. Философ! Диссертациясынын аты «Үй-бүлө турмушунун этикасы»…
— Пай-пай-пай! Оңой киши эмес көрүнөт. Казы да, казангаптай мээ да бар бекен. Важный птичка! Маңдайы кудум эле Сократтыкы. Түкүрдү дагы!... Эмине бу –төөбү?.. Улам эле түкүргүдөй…
— Акырын угуп калат. Кулагы сак. Анан калса узун.
— Мектепте жакшы окуса керек. Мугалимдери чоё берип…
— Акы-рын угат. Карасаң, чын эле кулагы узун бекен?..
— Кулагы көрүнбөйт го? Шляпасы…
— Шляпасын атайлап баса киет. Уялат го, байкуш кандидат. Биздикине келгенде да баш кийимин албайт такыр…
— Сага да келип турабы?..
— Кээде-кээде… Аялы дежур болгон күнү. Аялы барда түк кирбейт. Андан өлгүдой коркот. Кызганчаагын кантесиң… Аялы да ушундай. Менден күйөөсүн кызганып өлүп калат, тим эле. Бышылган сабадай болгон бунусун бышырып жейт бекем?.. Ф-юу! Сен турганда, ыраспы?
— А-га…
— Эми качан келесиң? Сагынам го… Келесиңби? Же дагы жоголосуңбу? Аа?..
— Келем. Келбегенде. Сагынтып коюп кантип жүрөйүн?
— Чын элеби
— Чын…
— Чын болсо өөп кой. Дагы… Алты жолу. И, бир, эк-ки, үү-ч, ии… Таарындым!... Үчүнчүсү жакшы өөп да?! И-ии ушундай! Төрт, беш, алты. Моло-дец!