Аял
Султан РАЕВ
— Эми сен. О-го! Бир, эки алты, он, отуз! О-пэй! Болду! Аялыма да бирдеме калсын. Жаным…
— Айт-чы?.. Кимсиң сен мага?..
— Менби?.. Мен сенин… Эмне десем? Бир сөз менен айтканда сүйгөнүңмүн.
— Сен-би?!
— И, мен… Ушу мен…
— Сен деген менин көңүлдөшүмсүң. Бир деп тур муну…
— Бир.
— Арманымсың. Эки де…
— Эң башкысы! Ой-но-шум-суң… Билдин-би?
— Ошо элеби?
— Ошо эле. Кыска и нуска! Сен турганда момуну эмине кылам? Ф-юу!... Мунун эки ооздон бир оозу: «Гегель минтип айткан, Фейербах антип айткан, Платон минткен…» Ушу болгону. Өзүңүз кандай дейсиз десем, меники эми субьективный, жеке пикир деп каадаланып калат… Дале турабы… Карасаң, байкуш кандидаты…
— Турат кандидатың… Дагы түкүрдү! Кандидаттыгы этика тууралуу. Түкүргөнүн көр! Бензин ичип алгансып. Багдаддын эле төөсү!... Ии…эми чөнтөгүнө колун салды. Бирдемке издеп атат. А бетаарчысын алды. И-ии! Чүчкүрдү… Бетарчысын толтура чүчкүрдү… Ак чүч! Та-аак… Эми эшиктин тешигинен ичкери карап атат…
— Кана, ке, мен карайынчы,, мындай тура тур. Хи-хи-хи… Байкуш-ум! Эңкейсе мойну желкесине жабышат. Жаман оюнда аялым бирөө менен жатат го деп аткан чыгаар. Дагы карада… Байкушум!... Кызганчагым!... Кандидатым!... Хи-хи-хи… О-па! Шляпасы башынан сыйгаланып түштү. Карасаң, кулагы көрүндү делдейип, карасаң!..
— Келчи, кана көрөйүн. О-пэй! Кийгенге үлгүрүптүр. Башында го… Экөөбүздүн сөздөн делдейген кулагы ысып чыкса керек.
— Ысы-сын. Ысымактан өрттөнүп кетсин мага десе. Менин үйүмө ким келет, ким кетет. Баарынын учётун алат. Мага внештатный кароол болуп алды…
Ырас эле саат канча болду?.. Кечиктиң го. Бу эми таң атканча чейин турат…
— Саатпы?.. Көрүнбөйт го? Азыр… Светти жандырайлы?
— Жандырба! Байкап калат. Ширеңкең бар го. Ошону жандыр…
— Саатпы? Саат он мүнөт кем он эки…
— О-уу! Түн жарым. Кечикпединби? Аялыңа эмне дейсиң? Кайда жүрдүң десе? Кайсы калпты ышкыртасың дагы ?.. Автобустар дагы токтоду. «Асанбайга» кантип жетесиң? Анан калса бүгүн ишемби. Оңго жетпей токтойт…
— Кабатыр болбо андан. Баратпай досумдун туулган күнүн белгиледик дейм. Үйгө такси менен эптеп жетермин… Баарынан да мобу кандидатың кетпей коюп ит кылабы кишини. Дале тешиктен шыкаалап атат.
— Кызганчаак да... Эркектин жаманы кызгаанчак. Аялын бекинип алган деп атса керек. Айтмакчы, Баратпай досуңа аялың званит этип калса кантесиң? Шоруң шорподой төгүлбөйбү? Калпың чыкса өлдүң да! Экинчи быякка баспай каласың. Шылтоо таппай жүрбө?..
— А, эчтеке эмес! Баратпай досумдун телефону тургай, үйү жок. Квартирада турат. Аялым да тааныбайт аны… Быягынан кадырыңыз жан болсун!
— Билесиң, ээ?! Мээң иштейт. Мобу кандидаттыкындай эмес. Айтчы, сен да кызганчааксыңбы?..
— Жок.
— Жаныңды жебе!
— Өлүп кетейин!
— Макул дейлик… Азыр үйүңө бардың… И-ии деп тур.
— И-ии дедим…
— Барсаң эле аялың бирөө менен Адам Евадай эзилишип жатат. Анда канттиң? Аа?
— Кантмек элем? Тигинисин да, бунусун да тынчытам! «Кык». Экөөнү тең…
-Во-о! Көрдуңбү. Кызганасың, кызганасың, ээ? Дагы кызганбайт имиш. Билесиңби? … Кайсы бир өлкөдө аялына эркек киши келе турган болсо, күйөөсү сүйүнөт имиш. Аялымды менден башка киши да жакшы көрөт тура деп.
— Африкадабы?..
— Эстей албайтам, каерде, ле? Ошо жакта болсо керек. А биздин эркектер аман эле болсун! Деги силер кызык жансынар, ээ?
— Кандай мааниден алганда?..
— Кадимки эле. Бирөөнүн аялын сылап-сыйпалаганда, алдаганда өлгүдөй жакшы көрөсүңөр. Мындайда жентельминсинер… ал эми өзүңөрдүкү чети байкалса болду! Тынчытасынар, Отеллочосунан муунтасыңар, ажырашасыңар … А өзүңөр менен кудайдын иши жок! Бу эркектик сокур философияңар да. Кызык!...