Аял

Султан РАЕВ

Аял

А, балкиим ичиңден кытмыр гана күлүп жатсаң керек. Эгер түшүнсөң, шейшепке сени менен жыргагандан жатканым жок, жаман оюмда сары изиме сая түшкөн жалгыздыктан ушинтсем кутуламбы дегем… Аялдын кыска акылы шейшептен ары кеталбайт тура… сен неге унчукпайсың?

— Бир акындын бир сап ыры келди эсиме: «Карангыда караңгы ойлор келет.»

— Ү-үх!... Бу дүйнө неге кызык!..

— …кызыгы-кызык…

— О-уу! Саатты карачы?.. Бир.. Аялың эмне дейт эми? Кечиктиң го ? түн жарымда барсаң?..

— Бирге аз калды… Эми кантик? Тешиктенкарайынчы… Турабы же жокпу?.. Турат. Бирөө менен сүйлөшүп. Карасаң, ким ал? Ке, карачы?..

— Кана, мындай турчу. Азыр… азыр… А, оң жактагы, он биринчи квартирадагы коңшубуз. Бирдемке деп атат. Тигинин үйүнө кирмек болду. Ана кирип баратат. Экөөнүн мамилеси түзүк. Бол бачым, чыгып кет. Бол…

— Ач эшикти. Же мен ачайынбы?..

— Жо-жок. Ачкычымдын сырын билбейсиң. Өзүм ачам. Үн чыгарбай…

— Ач.. Ач анда

— Тешигин таап алайын, ширеңке жандыр. И, жандыр… Жакыныраак жандыр. Таптым…

— Акырын ач. Билип калышпасын…

— Үйрөтпө. Ачтым… Чык, чыгып кет. Бачым бол…

— Токтой турчу кишини шаштырбай. Качан келейин? Айт, качан?..

— Качан келмек элең? Каалаганда келесиң да! Мен байкуш күтө берем, күтө берем…

— Айт, качан? Эки-үч күндөн кийинби? Бир жумаданбы? Так айт. Качан?..

— Келбей эле кой. Убара болбо.

— Эмне болду? Жаным! Кел бетиңден…

— Өппө! Бышылдабачы!

— Сага эмне болду, а?..

— Эчтеке. Келбе. Келбей эле кой. Сен үй-жайлуу адамсың.. а мен жалгыз бой аялмын…

— Койчу анны, айт эми?! Качан келейин? Тигилер чыгып калбасын.

— Чын эле… Мындан кийин келбей эле кой, кереги жок. Суранам. … мындай жашоонун кимге кереги бар? Сагабы, же магабы?! Сен келсең, бир аз болсо да жалгыздыкты унутам дегем. Жок… андай эмес экен. Сен азыр кетесиң, мен калам. Жалгыздыкты мурдагыдан да күчтүүрөк сезе баштайм. Кыйналам…. Антүүнүн эмне кереги бар? Түбөлүктүүнү убактылуу менен алмаштыра албайсың. Өзүбүздү алдап эмне кылабыз? Турмушту алдап кереги эмне? Суранам.. мындан кийин келбей эле кой. Түшүн баарын… Түшүн. Аял экен… аялдыкка алдырып, «келбе, келбе» дегеним менен кайта эле сени сагынам. Ургаачынын алсыздыгы ушундабы? Жалгыздыкты ошо алсыздыгыбыз менен жеңгибиз келет. Кайран Шекспир: «Аялдын күчү анын алсыздыгында»,  — деп бекер жерден айтпаптыр. Бүттү бар!.... Бүттү. Бу дүйнөдө күтүүдөн өйдө азап жок. Бу жалганда күтө берет экенбиз, күтө берет экенбиз… А күткөнүбүз эмне биздин!...

— Сага эмне болду?..

— Эчтеке. Ушу түшүнсөн…

— Көзүңдөгү жашпы?..

— Алчы колуңду!... дайыма эле бир нерсени күткөндөймүн. Бирок эмнени күтөм! Ага акылым жетпейт…

— Койчу эми?!

— Ал колуңду?!

— Түшүнбөй атам сага…

— Аял болуп көрбөсөң кайдан түшүнмөк элең? Түшүнчү?!

— Эмнени?!

— Аялдын турмушун. Күтүүдөн тажаган аялдын турмушун. Тажадым, тажадым! Сенден да, өзүмдөн да, күтүүдөн да! Ушунчалык тажадым!.. Кет!.. Кет!.. Кет!..

24.12.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.