Аял сыры
Зинакан Пасанова
Рас, көңүлүндө бир эркек бар эле. Бирок, анын аты– жөнүн, ким экендигин алигиче билбейт. Билип да кажети жок. Олбурлуу боюнан башка өңү-түсүн да дааналап эстей албай калган. Ошол жигит аялдын кыялында гана эңсеттирип жашашы мүмкүн. Ал эми турмушта болсо ал башка бир кермаралдай келиндин сүйгөн жары. Аял кокусунан күбө болгон алардын ынактыгын тагдырдын таш боор буйругу бузбаса эле, майдай-сүттөй болушуп, ынтымак жашап жүрүшкөндүр. Эркек-аялдын сүйүүсү, жубайлык таттуу мамиле жөнүндө эңсегенде ал жигитти эстебей кое алчу эмес. Өзү тааныбаган кайсы бир бейтааныш келиндин жүрөгүн жылытып жүргөнүн ал жигит туйбаса да керек. Каяктан туйсун.
Ал жигитти шаардык оорукананын хирургия бөлүмүндө сокур ичегисин алдырып, реанимацияда жатканда көргөн. Наркоздон кийин эсине түзүк келе электе терезенин айнегин бирөө узакка тыкылдаткандай болгон. Акыл-эсин жыйганда караса, айнекти бойлоп жабышып алган жигит ага жаңсагылап жатыптыр. Колунда кыпкызыл гвоздикалар. Эшикте кыш күчүндө болсо да гүлдөрдөн жаз илеби уруп турду. Аял гүл көтөргөн жигит эмнеге эле андан көзү өтүп тиктеп, жан алакетке түшүп жатканына түшүнө албады. Мынчалык күйүп-быша турган жакыны деле жок эле. Оо көптө гана жигит анын жанында жаткан келинге келгенин баамдады.
Келин жаңыдан гана операциядан чыккан окшойт. Көздөрүн ачкан менен кыймылдаарга, ооз ачаарга шайы жок сулк жатат. Бирок анын да эки көзү жигитте. Мынчалык сүйүктүү жан кандай болду дегенсип аял келинге кызыга көз салды. Келин жаш экен. Өңү да көзгө ысык көрүнөт. Баарынан да бото көздөрүнөн жаны ооруганы билинбей, магдыраган жылуу нур тамылжып турат. Кудум эле эс алып жаткансып жоодурайт. Дүнүйөсү түгөл жанбы, же ага жете албай жарадар кушча канатын каккылаган жигиттин демиби, айтор башкаларга окшоп онтобой, кумсарбай, бир башкача болуп мемиреп жатат. Аялдын ансайын ага кушу түшүп калды. Кичине сөзгө келгендей болгондо:
– Жигитиңби? – деп сураган.
– Күйөөм, – деди келин жылуу үн менен.
– Жаңыдан үйлөндүңөр беле?
– Жок, үч балабыз бар, – деди келин «ысыгы таркай элек жаш жубайлардан болуш керек» деп ойлогон аялды ансайын таң калтырып.
Ошол күнү догдурлардын урушканына карабай жигит терезеден таптакыр кетпей койгон. Көздөрү ирмелсе эле аялы бир балээ болчудай телмирет. Күүгүм киргенде аял жаны бир аз тынч алып, ыктап кетиптир. Аны кандайдыр бир шоокум ойготту. Көздөрүн ачса палатанын шамы өчүп, жатаар маал болуптур. Жанынан күбүр-шыбыр угулат. Ак халат жамынган бир эркек баягы келиндин жанында олтуруптур. Аял буурул жарыктан келиндин күйөөсүн тааныды. Жаш баланы эзилип аягандай аялынын чачтарын назик сылагылап, кайра-кайра жалооруп жатат. Ал реанимацияга кантип амалын таап кирди экен? Догдурлар да бул жигиттин сүйүүсүнө туруштук бере албаса керек. Бир колунда шорпо куюлган кесе. Улам андан аялына кашыктап ууртатып коет. «Дагы кичине ичкин? Ичсең?» деп жалооруйт.
Аял алардын сөздөрүн атайлап тыңшагандай болбоюн деп жуурканын чүмкөнүп алды. Ага болбой эле эркектин дембе-дем шыбыры кулагын көзөп өтүп, жүрөгүнө жете сайылып калгандай болот. Өзүнө арналбаган сүйүүнүн ошол сөздөрү, эрди-аялдын күйүмдүү мамилелери анын турмушун соттоп, аеосуз өкүм чыгарып жаткансыды. Ушуга чейин өзү эмнеге чаңкап келгенин да түшүндү. Сүйүүгө тойбогон аял, суу жетпей какшыган даракка окшоп калат, же ач кенедей тажаал болуп чыга келет тура. Күн өткөн сайын жаагы ачылып, тили жыландыкындай заар болуп баратканына өзү да таң калчу. Эри ага теңелбей жол берип калганына көп болду. Жаңжал чыкпасын, ачуу тилин укпайын дегенсип коркок-билиш болуп турат.
Ал ушинтип эңилген сайын аял күчөй баштаган. Күйөөсүнүн аны жакшы көргөнүнөн эмес, коркконунан көзүн карап бөйпөңдөп турганы ансайын кыжырын келтирчү. Кээде анын чыр-чатактан жүдөп, мукураган кейпин көргөндө көксөөсү сууп, табасы кана түшчү. «И-и, баатыр, – дечү ичинен, – алың ушул экен го? Мени алдап кетем дедиң беле? Ак никелеп үйлөнбөй, ичимдеги балаңдан танып, таштанды кылам деген сенби? Сени жакшы көргөнүмдөн, сенсиз жашай албастыгымдан жармашып жүрүп тийди дейсиңби? Сага болгон сезимим сен мага үйлөнбөйм деген күнү өчкөн, биротоло өчкөн. Боюмда болуп калган бейкүнөө баладан кечкенде аялдык ысык сезимимди гана эмес, денемди да кошо өлтүргөнсүң. Ошол күндөн баштап мага жек көрүмчү адамыма айлангансың. Сенден өчүмдү алгым келген. Шашпа-а дегемин. Төрөлө электе өлтүрүп алган баланын убалы үчүн экөөбүз оо дүйнөдө тозокко түшкүчө бул дүйнөдө тозокту мына менден көрөсүң дегемин. Беш көкүл кыздын ишенчээк, таза сезимдерин булгоо кандай болоорун сага көрсөтүп коеюн дегемин. Бул али башталышы гана… Али көргөнүңдөн көрө элегиң кө-өп, баатыр…»
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.