Аял сыры

Зинакан Пасанова

Аял сыры

Аял ичинде буулуккан бул чыңырыгын күйөөсүнө эч качан ачык айтчу эмес. Күндөп, айлап, жылдап унутулбаган өчүн башка бир болоор-болбос нерселерге шилтеп чыгара берчү. Келин болуп башына ак жоолук салынбаганы үчүн, той көйнөгүн кийип, кайнатасынын эшигин ызааты менен аттабаганы үчүн, куру намыстан тун перзентин төрөбөй өлтүрүп алганы үчүн, сүйүүгө тойбой, үй-бүлөлүк, энелик бакыттан куру келатканы үчүн арманы канча жыл өтсө да эскирбей, эрине күнүгө кайраштырып турчу. Аял качандыр кордолгон абийирин кечире да, унута да албай койгон. Күйөөсүнүн да өзүнөн алда канча көңүлү сууп калганын да билчү. Ансайын тажаалы чыгып, жок нерседен кыр таап урунуп-беринип ич күптүсүн андан чыгарат. Эмнегедир же күйөөсү, же өзү ушул тозоку турмуштарына кол шилтеп басып кете алышпады. Экөө тең бири-бирин эчак кажып бүтүшсө да бир төшөккө жатышып, бир казандан аш ичишип, алигиче орозгерлик тутуп келатышат.

Ооруканада жатканда аял өз турмушуна башкача көз менен карады. Жанында жаткан келиндин аялдык бактысы анын көзүн ачып, акылына келтирди. Өзү бир адамдын сүйүүсүнө татый албаганына, же бирөөнү бактылуу кыла албаганына жети өмүрү жерге киргидей болуп арданып калды.

Аял ооруканадан чыккандан кийин күйөөсү таң калып жүрдү. Мурдагы сиркеси суу көтөрбөгөн аялы басмырт тартып жумшара түшүптүр.

– Эмне болду сага? Өзгөрүлүп кетипсиң?–Бир күнү ишенип ишене албагандай тиктеп туруп. Аял үндөгөн жок. Экөө ажырашаарда бир ооз гана мындай деди:

– Эгер жакшы жашайм десең эми ала турган аялыңа ак ниетиң менен адамча үйлөн. Үйүңө сый-ызааты менен алып кел.

Ушуну айтып жатып жашып кетти.

 

* * *

Аял оор үшкүрдү. Узун ойго жетеленип кетип, жанында сыртын салып түнөрүп жаткан күйөөсүн да унуткара түшкөн экен. Биринчи эри менен сүргөн бейоопа өмүрүн каяктан да эстей калды эле? Ансайын көңүлү бузулуп, кыжаалаттык тартты. Түн болсо узаргандан узарды. Ушундай тунжураган оор түн качандыр да башынан өткөнсүйт. Өтсө өткөндүр. Ушул бөлмөдө кандай гана түндөрдү узатпады дейсиң. Аялдын маанайына, жашоо-тирилигине жараша түндөр да өзгөрүп турчу. Мурдагы күйөөсү менен жашаганда айсыз түндөрдөн коркчу эле. Капыстан ойгонуп кетсе уюган оор караңгылык тумчуктуруп, ырайымсыз жолбун ойлор талай баштоочу. Ата турган таңдан, келе турган күндөн зааркана берчү. Турмушунда эч бир көңүл жылытаарлык жакшылык болбоочудай түңүлүп, жашоодон кечип кеткиси келет. Бул сар-санаанын себебин күйөөсүнөн тапчудай ал уктап жатканда уурдана тиктөөчү. Эри бейкүнөө балага окшоп капарсыз уктоочу. Ширин уйкуга мас болуп, оозун маңыроо ачып, дармансыз жаткан күйөөсү бир саамга аянычын козгоп жиберчү. Бирок, аялдын бул жибигенн таң ата кайра өтүп кетет. Анан күйөөсүнүн кебете-кепшири да, сүйлөгөн сөзү да, баскан турганы да кыжырын келтирип, тилин кычыштыра баштаарын билет.

Келин күйөөсү менен ажырашып, жалгыз жашап жүргөнүндө да ушундай оор түндөрдөн кыйналганы калбады. Бирөө ойготкондой түн ортосу көздөрү пар ачылат да, жалгыздыгын туят. Жатак бөлмөнүн дубалдары нары жылып, үйдүн төбөсү оюлуп түшүп, чеги жок ааламда өзүн жалгыз чекиттей көрүп ээнсирейт. Анан канчалык үстөккө-босток жамынса да жылына албай чыйрыга баштайт. Ошондо жалгыздык менен айсыз түндөрдүн кучагы бирдей окшош суук болорун туйган. Мына бул күйөөсүнө тийгени түндөр да алмашгы. Эми ашыгынын кучагындай сырдуу, аруу түндөр күнү бою зарыкгырьш араң келчү болду. Мындай түндөрдө күйөөсүнө бой салып жабышып жатканды жакшы көрчү. Кайсыл маалда ойгонуп кетишсе да колдору бири-бирин издешип оролуша түшчү эмес беле. Эркек чоюндай оор билегин анын көкүрөгүнө арта салып уктап кеткенден кийин жаны магдыраган аял түндүн көркүнө куштарланып, көпкө чейин көз ирмебей жата берчү. Көчөнүн терезеден агылып кирген жарыгына жумшарып, булуттай майин көөлгүгөн коңур түн анын ысык сезимине шериктеш болгондой жылуу тартып балкып турчу.Бирок, ал түндөрдүн өмүрү да кыска болду.

Ошондой ажайып түндөрдү тартуулаган күйөөсү эми ага нааразы болуп дулдуюп жатат. Ал кайрадан өзүн күнөөлүү сезип, жүрөгү сыздай түштү. Анан ушул жагымсыз сезимден алаксымакка оюн башка жакка бургусу келди. Эстегенде жүрөгүн жылытып, жарпын жазаар жаркын күндөрү бар бекен? Көп эле жолу таалайына ыраазы болуп, төбөсү көккө жеткидей бакытка маарыган. Бирок ошол учурлар көңүлгө илинбей күүгүмдөнөт. Ой-санаасы кайра эле күйөөсүнөн алыс кете албай айланчыктайт. Эркектин өзүнө жаңыдан ашык болуп жүргөн кезин кайра-кайра эстегенди жакшы көрчү…

21.04.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.