Аял сыры

Зинакан Пасанова

Аял сыры

Анда алар али ачык сөзгө келише элек. Баягыда аялдын үйүнөн чай ичип кеткен кечтен кийин эркектин көздөрү кайда болсо аны издеп, ага жабыша калып, ички кусаматы менен куйкалап тиктөөчү болду. Аял да бир укмуш кереметти чыдамы кете күтүп өрөпкүп, ага чейинки жашоосу да татыбай, же өңү эмес, же түшү эмес элеп-желеп болуп жүргөн. Эркек тарапты атайылап карабаса деле анын бүт кыймылын туюп, ага жараша өзүнүн сезимдери дирилдеп турат. Кээде ал жөнүндө эт-жүрөктү опкоолжуткан коркунуч менен ойлойт. Төрт баланы атасынан ажыратып жатам деген ой-санааны азырынча чеге элек. Санааркатып кыйнаган нерсе башка. Топ кишинин арасынан бирин-бири жазбай таап, каректери чапташьш, ажыраша албай турса да бул сүйүү экенинен күмөнсүрөп кетет. Ортодогу туңгуюктан аттай албай алсыраганда өз кыялынан кол үзүү үчүн чечимге келип, кайра буга да чыдабай, эркекти берилип ойлой берет.

Кээ бир күнү эркек ага суз тартып калгансыйт. Аял ансайын азап чегип, маанайы пастай түшөт. Кайра эле анын бир ооз ысык сөзү, же көз карашы бүтүндөй акыл-эсин алып, мас кылган учурлар да келет. Ушинтип эңсөөсүнө жетпей думуккан келин жарыларына аз калды. Деги эркектин оюнда эмне бар? Сүйсө сүйөөрүн билдирип ачык айтпайбы? Эмнеге тартынат?

Эркек иши боюнча узак командировкага кеткенге чейин ушинтип туюк кыйналып жүрүштү. Ал жокто аял таң калаарлык муздап, а түгүл эстебей да калды. Кез-кезде гана бир кымбат нерсесин жоготкондой коңултуктап, анан ал эмне экендигин бүшүркөп, оюнун учу эркекке барып такала түшкөндө жүрөгү зырп этип алчу. Бардык балээ ал сапардан кайтканда башталды. Эшиктен өзүн тиктеп кирип келе жаткан эркекти көргөндө аялдын денесине ток жүрүп кеткенсиди. Сүйүүсү да, сагынычы да жүрөгүнүн тереңинде бугуп жаткан экен. Алар жанар тоодой атылып чыкты.

Эркектин көздөрүн да чагылгандай бир сезим жарып өттү. Ушул кезге чейин алар аттай алышпай жүргөн тосмо алардын арзууларына туруштук бере албай кулап түшкөнсүдү. Эркек колун сунуп учурашты да, келиндин колдорун кое бербей туруп: “Сагындым…” – деди амалы куругандай дирилдеген ысык дем менен. Аял бул күчтүн алдында алсыз эле. Бакубат алакандардын от менен жалын болуп алоолоп ысык экенин бир билет. Алакандарынан жүрөктүн туйлап соккону сезилип турду. Кандай ыйык эле ушул көз ирмем! Аял өзүн көккө учуп чыккандай тээ ободон сезип, башы айланып кетти. Ал сүйөт, сүйөт! Жогол шек саноолор! Жогол ичтен бураган кусалык. Жогол эки анжы ойлор! Чочутуп аламбы, же кагып жибереби дегенсип бетинен өбүшкө зорго батынган эркектин мойнунан өзү жабыша калып кучактап, эриндерине сорулганда анын сүйгөнү да, таң калганы да бир кызык. Аялдын да өзүн көптөн бери эңсеп жүргөнүн түшүнүп, бактысын жашыра албай эрээркеп күлүп жиберген: “Мен кандай акмакмын. Коркуп жүрбөдүмбү сага жакындаштан…”

Ал түн ажайып эле. Үстүнөн ныгырган тоодой санаадан бошонгондой сергип. Асманы шаңкайып ачылып, өзүн чексиз бактылуу сезип, жарык да күйгүзбөй караңгылыкта олтура берген. Ушундай да сулуу түн болорбу? Толгон ай кыркаар теректердин үстүнөн толукшуп көтөрүлүп келатты. Терезе түбүндөгү гүлдөргө коюлган бир билек суу шылдырттап, салкын илеби урат. Кез-кез саратандын узакка чырылдаганы болбосо айлана жымжырт. Келинге жашоо кңп жылдардан бери биринчи жолу кубанычтуу жана кызык көрүнүп турду. Анын бактысын эч бир нерсе көлөкөлөй албоочудай сезилет. Сүйгөн кишиси экөө үйлөнмөк турсун, аны жат көздөрдөн бекитип катып жүрүүгө мажбур болору да санаарката алган жок. Ал кандай гана күттү эле ушул сүйүүнү! Ага кабылганына ыраазы болгон жүрөгү турмушка, адамдарга болгон сүйүүгө мелт-калт толуп турду.

 

* * *

Аялдын ою ушул жерден чорт үзүлдү. Күйөөсү төшөктөн туруп кийине баштаптыр. Шаар да ойгонуп, жарык кирип калган экен. Машинелердин дүрүлдөгөнү күчөп, жолдон шашып өтүшкөн бирин-серин адамдардын шарпы угулат. Ушул маалда эринен мурда туруп, нары-бери нанүштө белендей салчу. Күйөөсү ишке кетмейинче анын жанында чарк айланат. Кийимдерин бирден кармап жанында туруп жаш баладай кийиндирет. Үстү-башы купулга толгондон кийин дасторконго отургузчу. Жасаган тамагын көңүлдөнө жеп берсе ошого да сүйүнүп калчу. Анан күйөөсүн жолго чейин узатып чыгып, карааны көрүнбөй калгыча кыялбай карап турчу. Ошондон кийин гана тиричилигине киришет.

21.04.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.