Аял сыры
Зинакан Пасанова
* * *
Күйөөсү ишке кеткенден кийин дагы көпкө чейин төшөктөн турбай жаткан аял өз тагдырын ойлоп заманасы курулду. «Ал биротоло кетсечи», – деген ой мындан аркы турмушу жөнүндө ойлонууга аргасыз кылат. Албетте, өлбөс-житпес. Жалгыздык жанга батса да эптеп кылдырап күнү өтө берер. Үстүндө үйү, жанын бага турган иши бар. Бирок эми кечкисин күйөөсүнүн иштен кайтаар маалына туштап оокат даярдап коюп, күтүп олтурбай калаарын элестеткенде жашоо күнү бүткөндөй жүрөгү ынанбай жатты. Ошол күтүүсү эркектин кадырын ансайын туйгузуп, сүйүүсүн күчөтчү эмес беле. Шырп эткен дабышка да кулак түрүп, жол тарапты карай берип зарыгып бүткөндө күйөөсү жаадырап-жайнап кирип келчү. Ал да босого аттабай жатып ашып-ташкан сагынычы менен аялдын атынан атап чакырып, кучагын жайып жароокерденип келет.
Ушул учурду баарынан жакшы көрүп, турмушуна көңүлү тое түшчү. Эми ошолордун орду кантип толоор экен? Аял эми ким үчүн жашайт? Анын аялдык назиктиги, мээрими, камкордугу кимге керек? Күйөөсү өзүнөн кеткен күндө да кайда барат? Мурдагы үй-бүлөсү кектебей кабыл алабы? Жаны бирге болуп калган эркекке дагы эле эч бир жамандыкты ыраа көргүсү келбейт. Эч болбосо ал бактылуу болсунчу? Өз керт башынан да эркек үчүн тарткан санаасы оор болуп чыкты.
Аялды кечке дейре ушундай карама-аршы ойлор тартмактап, эзип бүттү. Ишине кантип барып келгенин да билбейт. Күйөөсү ал түнү үйгө келген жок. Эртеси да келбеди. Аял күнү-түнү күтүү менен жашап калды. Үмүтсүз күтүүнүн ар бир мүнөтү зарыктырып тамчылап, кечтин кирмеги, таңдын атмагы зааркантып созулат. Үчүнчү күнү уйкусуз өткөн оор түндөн кийин аял төшөгүнөн зорго эле турду. Ачуу зарна көкүрөгүнө батпай кыжылдап чыгыптыр. Көңүлү айнып, башы тегеренет. Санаа тартам деп ооруп калдым окшойт деп ойлоду аял. Күйөөсү кеткени, оозуна наар да албаптыр.
Илээлей басып ашкана үйүнө кирди. Столдун үстүндө акыркы жолу эри чай ичкенден калган кесилген нан, май, варенье жыйналбай турат. Аларды көргөндө окшуп жибере жаздады. Чындап табы айныптыр. Күйөөсүнүн күйүтү аны биротоло чалып жыгыптыр да. Эми бул дартына дабаа жоктур. Күйөөсүнө кусаланбай кое албай. Ансыз жашоосу жүрөгүн жемирип-жеп түгөтүп бүтөөр. Ишине айттырып коюп, төшөктөн турбай жатып алган аял өз санаасын жеңип, алаксууга аракет да кылган жок. Сүйгөн адамысыз ага өмүр сүрүү кызыксыз көрүндү. Баары-жоктон түңүлүп, кез-кез кычкыл татымыш болуп соолуп жата берди.
Аялдын ооруп жатканын угуп, кабар алганы келген көңүл жакын курбусу анын сөлөкөт болуп калган кейпин көрүп чочуп кетти. Кой дегенине болбой «Тез жардам» чакырганга чуркады. Жашамал догдур аял анын абалын көпкө сураштырды. Оорулуунун жөн-жайын уккан сайын өзүнүн бир ички оюн ырастагандай башын акырын ийкегилейт. Анан:«Балаңыз барбы?» – деп сурады. Мындай суроого дайыма ичиркенип жыйрыла түшчү аял башын зорго чайкамыш болду. «Боюңузда бар экен. Гинекологго көрүнүңүз» – деди доктур аспаптарын сумкасына салыштырып жатып. «А-а!!!» деп аял катуу чочуду. Уккан кулагына ишенген жок. Башы шуулдап, эс-акылын жыйнай албай турду. «Билбедиңиз беле?» – деп врач таң кала сурады. Кайда-ан? Билмек турсун оюна-түшүнө кирген эмес. Баладан биротоло түңүлүп, өзүнүн куу баш тагдырына баш ийип калбады беле. Айызынын келген-келбегени да оюнан чыгып кетиптир. Догдур кеткенден кийин сүйүнүп карбаластаган курбусун дендароо тиктеп, көпкө чейин тилден калып турду.
Эртеси кош бойлуу аялдардын эмканасында текшерүүдөн өткөндөн кийин гана эне болооруна чындап ишенди. Көчөгө чыкса жашоо жаркырай түшүптүр. Ушундай да эт жүрөктү элжиреткен таттуу бакыт болот экен да. Бул бактысы көөдөнүнө батпай кең дүйнөгө сыйбай чалкып турду. Жарык дүйнөгө аял болуп жаралганы ушул күн үчүн жашап келгениндей эңсөөсү канып толкуп ташат. Энелик бакыт гана анын жашоо маңызы боло аларына бүгүн чындап ынанды. Турмушта бир укмуш өзгөрүү болуп кеткендей бардыгы жаңыланып көрүнүп турду көзүнө. Күйөөсүнө болгон түңүлүү сезими да унутулуп, оюнан чыкпай туруп алды. Ага балалуу болушарын сүйүнчүлөөгө ашыгып жүрөгү туйлайт. Эркек эми мурдагыдан да жакын, кыйбас боло түштү. Күйөөсү өзүн таштап кетсе да аял зар болуп жеткен перзенттин атасы болот эмеспи. Ага боюнда бар экенин айтып коюш парзым деп ойлоду. Калганын эркек өзү чечсин.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.