Аял сыры
Зинакан Пасанова
Мунун баарын ал эркекке жагынайын деп жасоочу эмес. Жүрөгүндө ага деген сүйүүсү көлкүлдөп эрип, ага жан-дили менен кызмат кылгысы келе берет. Ошонусунан өзү да ырахат алат. Мурдагы ажаандыгынан дайны түбү жок. Сүйүү аны таптакыр өзгөртүп салды.
Бүгүн гана биринчи жолу эринен кийин калып төшөктөн козголбой жата берди. Түнкү оор ойлордон бошоно албай «эмне мынча күнкор болом» деген ызаалуу сезимге жеңдирди. Жүрөгү бир жамандыкты туйгансып коолдоп муздайт. Күйөөсү улам бир нерсеге чалынып, издегенин таппай, күңкүлдөп сөгүнүп жатты. Анын кыжырлуу доошу аялдын безине тийип, уккан сайын бүрүшө түшөт. Минтип жок жерден өзүн айыпкер сезип жаткандан көрө бая эле туруп жалгандан болсо да жароокерленип чайын берип жөнөтүп ийсе болмок экен. Бирок, аялды эбелек кылып учуруп туруучу сезими бүгүн муз болуп тоңуп, өзүн зордоп да козголто албай койду.
Эркек жини менен эшикти карс жаап кеткенден кийин ансайын айласы түгөнө түштү. Эми күйөөсү эч качан кайрылып келбөөчүдөй коркунуч жүрөгүнө жыландай сойлоп кирди. Акыркы күндөрү ушинтип коркуп жүргөн. Ушул жылы күйөөсү мойнунан байлагансып аргасыз жашай баштаган эле. Аялды көңүлдөнүп кучактабай калганына да көп болду окшойт. Үйгө күнүгө келип, бир төшөктө жатышкан менен ой-санаасы башка жакта болуп, түнт тартып кетти. Аял тиричиликтеринин кем-чомун айтса да ага тиешеси жоктой кулак салчу эмес.
Күйөөсүнүн салкындыгы жанына батып азап чегип жүргөн менен өзүнүн ага болгон сезиминин күчүнөн гана турмуштарын ушуга чейин сүйрөп келиптир. Бүгүн гана көзү ачылгансыды. Көптөн бери үлүңдөп калган от акыры өчүптүр да. Күйөөсүн ушул үйгө алып келип туруучу жылуу сезими муздаган күнү эч нерсе менен байлай албасын билет. Перзент көрүп калышса да орозгерлик уланып кетмек беле. Аялды жазалагансып кудай да экинчи жолу перзент ыраа көрбөдү. Бала жөнүндө ойлогондо эле күйөөсүнүн качандыр айткан сөздөрүн эстебей кое алчу эмес.
Ошол күнү эркек таң жарый электе аялдын үйүнө купкуу болуп кирип келген: «Болду! Мен эми сендикмин. Үйдөн чыгып кеттим». Аял бир ооз гана «Балдарыңчы?» – деп сураган. Ал балдарын өтө жакшы көрүп, алардын тагдырлары жөнүндө көп толгоноорун билчү. Эркек бул жөнүндө да көп ойлонгон окшойт, шыдыр жооп берди: «Экөөбүздүн да балдарыбыз болот. Сен уул төрөп бересиң».
Бирге жашай баштаган алгачкы айларда алар баланы өтө эңсешип, күтүп жүрүштү. Бул күтүү экөөнү ансайын ынак кылып, жашоолоруна шириндик берип турчу. Аял тамактан айныса, же уйкусурап калса эле талгакка жоруп: «Муну ич, аны же. Эс ал, оор көтөрбө?» – деп жетине албай үйрүлүп түшөт. Аял да өзүн бир ай бою аңдып, таттуу кыялдар менен жашап жүрөт да айызы келген күнү маанайы чөгөт. Күйөөсүнүн күткөн үмүтүн актабагандай бети кароолонот.
Күндөр өтө берди, айлар ага берди. Бара-бара түңүлүшкөндөй перзент жөнүндө сөз кылбай калышты. Эркек бала жөнүндө лам деп ооз ачпаган сайын аялдын коркунучу көбөйчү. «Балдарына кетип калат» – деп бейпайга малынчу. Күйөөсүнүн чоң кызынын өзү күбө болгон көз-жашынан кийин башталган бул коркунучу.
* * *
Ал кызды апасы ээрчитип келген эле. Күйөөсүн азгырып башын айлантып алган бетпактын сазайын бермекке алкынып-жулкунган апасына кошулбай четте ыйлап турган. Атасыныкына окшош бакырайган көздөрүндө өксүк, кусалык сызгырылып, көз жашы тынымсыз шорголоп агып жаткан. Жакшы көргөн атасын ээлеп алган аялды жек көрүүгө да кудурети жетпей бошошуп, ыйлагандан башка колунан келер аргасы жок кайгыга чөккөн кыздын ошол жазыксыз турпаты аялдын жүрөгүнө биротоло батып калды. Андан көрө кыз апасына кошулуп каргап-шилеп, жулмаласа кайра жеңил болмок.
Күндөшүнөн оңор эмес келтек жеп, бир чети тагдырына көңүлү ооруган аял көпкө чейин төшөк тартып жатып калган. Күйүтү ичинде болуп, күйөөсүнө болгон иш жөнүндө ооз ачкан да жок. Денесинин жаратынан да кыздын бейкүнөө көз-жашы кыйнап жүрдү. «Ушинтип бактылуу болбой куруюн» – деп кээде эч ким жокто ыйлап алат. Өз бактысын табам деп башкалардын убалына калганын кеч түшүнүп калбадыбы. Бул айыпкер сезим анын турмушун дайыма көлөкөлөп турар эле.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.