Аял
Султан РАЕВ
— Азыр мода да…
— Модасы менен жерге кирсин! А кече күнү эмне дебейсиңби? Рекламага кулактандыруу бер. Таанышууга дейт. Азыр мага окшогондордун көбү ушинтип жар издеп, бактылуу болуп жаткан имиш. Отуз сом берсең болду дейт. Кулактандыруунун сөзүн да жазып келиптир өзү. Окуп берейнби? Күлө берип бооруң эзилет. Гм… Мындай келсең… буерде эле… И-ии, таптым. Ук, угуп тур…
— Ширеңке тамызайынбы? Көрүнбөйт го. И, оку…
— Кулак сал. Уксаң. Ушундай мактаптыр дейсиң?! Он алтыдагы кыздай! Софи Лорен быякта калат. Ук, угуп тур…
— Ко-ош. Угалы… Кулак сизде…
— Менин жашым отуз үчтө, боюм бир алтымыш төрт, улутум кыргыз. Билимим жогорку. Үй-бүлө курууга бардык шартым бар. Материалдык жактан камсызмын. Өңүм ак, чачым кара, бетимде бармак басым калым бар. Бою-башыма тыканмын. Чырайлуумун… Хи-хи-хи…
— Туура. Чырайлуу эмей? Чырайлуусун… И, анан аркысы…
— Быягын угуп тур эми. Адабиятка, музыкага, киного өтө кызыгам. Тамакты даамду жасайм. Мүнөзүм токтоо. Өмүрлүк жар боло турган кишини издейм. Жашы элүүдөн ашпоо керек. Ал спирттик ичимдик ичпеген, тамеки тартпаган, жаман адаты жок, мээримдүү, менин кайгы-кубанычымды тең бөлүшкөн киши болсо. Хи-хи-хи…
— О-го! Түзүк, түзүк…
— …Х-хи-хи. Тим эле ак боз ат минген принц! Мындай эркекти кызыл китептен сыйпаласаң да таппайсың! Аларга жар болчу кишиси менмин? Чырайлуу… никеде болбогон… апасынан башка өппөгөн.. тапкан экен?! Кулактандыруу берчү кишини! Жаман ою эптеп күйөөгө берсе. Кандидат күйөөмү азгырып кетпесе деп чочулайт, байкуш. Эмесе, минтип башына таш түштүбү?!
— Айтчы, чыныңды? Күйөөсүнүн сенде көөнү барбы? Четин билдирди беле?
— Аялга көөнү түшпөгөн эркек барбы? Айрыкча, жалгыз бой аялга. Болсо болгондур. Анысын кайдан билейин? Кызыгы жок мага. Кээде келип калат, байкуш. Сылык десең сылык, назик десең назик. Созулганы тим эле чех сагызы. Ушундай эркекти жинимен жаман көрөм. Эркек деген эркектей болсо. Азыркы эркектер аял мүнөзсүңөр… Мунуку эки оозунан бир оозу баягы эле философиясы, илимий иши, академия, андагы академиктер. Сүйлөшө келсең ушунча сыпаа, этичный. Жанда жок адам! Бирок жыландын кепшегенинен өйдө билет.
— Кандидат да…
— Бирдеме минтет мага. Сиз – дейт, — акылы да, өзү да келишкен чырайлуу жансыз. Адамда интеллект менен дене карама-каршылыкта. А сизде бу экөө тең бири-бирине куп келишкен. Адамда мындай гармония чанда учурайт. Мындайды философтор аял-феномен дешет…
— Бал-ли, философ! Акылыңа береке!...
— Кээде оозунан ушундай да сөздөр тамат. Ал эми мындай карасаң көрдүң го? Сен айткандай төө. Көп түкүрүнөт. Бир сапар сынамакка «сүйүү деген эмне» деп сурап калсам, байкуш кара жаандай төгүлдү го. Быягынан чон адис! Аялынан эле корккону болбосо…
— Сүйүү деген эмне имиш?
— Айтымында, сүйүү чексиз түшүнүк экен. Адамдын сүйүүсү бир адамга гана багышталбайт имиш, ал деген бардык эле адамга багышталчу сезим дейт. Мисалы, Бетховен он эки жаштагы кызды сүйүп калып, ага «Ай сонатасы» деген музыка жазган. Ван-Гог алаканына ысык чок салып койсо да, сүйгөнүн көргүсү келген, чыдаган дейт. Сүйүүнүн күчү ушундай! Швецияда феминист аялдардын уюму бар дейт. Булл уюмдагы аялдардын бары эркектерден, күйөөсүнөн тажаган аялдар имиш. Алар каалаган эркекти үйүнө киргизип, бирге жашап, көңүлү сууганда айдап жиберет дейт. Аялдар муну ургаачылык эркиндик катары көрүшөт экен.
— Мына цивилизация! Анан?..
— Дагы эмне дейт?.. Кайсы бир өлкөдө эки аял алууга уруксат бериптир. Көрдүңбү, эркектин баасын барктай билген мамлекеттер өз граждндарына кандай шарт түзгөн? А, биздечи? Бирин кетирип, экинчисин алдыңбы, болду. Мүнөздөмөңө «моралдык жактан туруксуз» деп какшайта жазат. Күйөөсү жок аялдар канча бизде? Себеби эркек дефицит! Туурабы? Тура!.. кээде бир ургаачылар пенсияга да кыз бойдон чыгып кетет имиш, байкуштар. Бу эмнеден чыкты?.. Эркектерге шарт түзбөгөндөн, аялдардын тагдырына кайдыгер карагандан дейт! Бу сөздү айтса оозунна үшкүрүгү жанартоо атат, байкуш кандидаттың. Ушу азыр деле дүйнөнүн кайсы бир жериндеги бир шахтын эки жүздөй никелүү аялы бар экен…