Аял

Султан РАЕВ

Аял

— Мунусу жакшы! Канна эми, бизде болсо!

— Кызык!... мен анын сөзүн угуп эле атам, угуп эле атам. Көп сүйлөдү божурап. Оозунан чыккан сөздүн шекери бар. Бир маалда сөзү ширин чыгып, байкуш кандидаттын колу менен сыйпалап калса болобу? Анан эмне кылдың дебейсиңби?..

— Эмне кылдың? Бетине бир чаптың да…

— Жок.

— Эмне кылар экен байкуш деп тим койдуң…

— Жок… Ук. Карасам байкуш кандидаттын көздөрү оттой жанып, эркектердин классикалык чабулууна өттү. Чачымдан, белимден сыйпалай баштады. Куулугун көр!ширин сөздү уудай таштап коюп, жаман ою жаманды боолгосо керек. Мен ага эмне дедим дебейсиңби? Сиздин кандидаттык диссертацияңыздын темасы эмне эле?.. Эсимден чыгып атат десем…

— Ал эмне деди?..

— Эмне демек эле? «Үй-бүлө турмушунун этикасы», — деди.

— Сенчи?

— Менби? Жакшы тема. Жакшы тема экен дедим. Байкуш кандидат кеп төркүнүн түшүндүбү? Белимден ары кеткен колун жылан карагандай шып эле артка тартты. Хи-хи-хи.

— Эстүү экен канткен менен… Түү! Канча турабыз ушинтип.

— Тешиктен карачы, дабыш угулбай калды. Канткендир…

— Кетпей калсын, турат. Кетпейби эми бир көргө?!

— Тим кой. Күтөлү бир аз…

— Күткөндүн дагы чеги бар.

— Айтмакчы, бүгүн числонун нечеси?

— Он үчү... Эмне сурап калдың?

— А жөн-жай эле…

— Жөн да сурайбы киши. Бир билгениң— бардыр.

— Эмне? Билгиң келип атабы? Ушунчалык эле?!

— Билип койгон жакшы да.

— Бир нерсе айтсам… Жүрөгүң түшүп калбасын?!

— Эмнеден?!

— Эмнеден эле? Менин боюмда бар…

— Койчу тамашаңды! Чыныңбы?

— Чын эмей? Калп дейсиңби?

— Ишенбейм. Кантип эле?..

— Ушинтип… Эки ай болду..

— Билинбейт го такыр…

— Азырынча… Дагы бир айдан кийин кадимкидей билинет. Кечөө күнү зарна болдум. Кустум…

— Бу чыныңбы? Же тамашаңбы?..

— Ишенбесең өзүң бил! Кудай урбадыбы?..

Япондуктар бир дары чыгарыптыр. Бир таблетка ичсең болду, боюңа бүтөт экен. Бирди ичсең кыз, экинчисин ичсең уул. А караганда экөөбүз…

— Дөөрүбө! Мунун бары чынбы?

— Чын эмей.

— Карганчы?

— И-ии… Ошо эле жетишпей аткан. Төрөйүнбү? Төрөй берейинби?

— Менден сурайсыңбы?!

— Кантсе да атасы эмессиңби?

— Койчу болбогон кепти дөөрүбөй. Кантип эле!?

— Ушинтип эле. Оңой тура. Төрөйүнбү?

— Тө-рө-сөң төрө…

— Үнүң эмне калтырайт? Коркуп кеттиңби?

— Жо-оок...

— Жаныңды жебе! Коркуп атасың. Коркпой эле кой. Иштеген жериңе арыз жазып, моралдык жактан туруксуз дедирбейм. Коркпо…

— коркконум жок…

— Көзүң айтып турат. Сен деле көп эркектин бирисиң да. Силер бир эле тилди билесиңер.

— Кайсы тилди?

— Бал тилди. Аял-аял болгону алдаганга жаралган жан. Ушу эркектердин бал тилине кирип аял бузулат, азгырылат. Илгери Чыгышта бузулган аялдарды Регистан мунарасынан ыргытчу дейт. Эми болсо андай жок. Бизди эч ким эч жактан ыргыта албайт. Сөзүбүз сөз, айтканыбыз айткан. Анан калса эмансипация… Аялдагы ыйыктык кетип баратат. Аялдын бузулганы – заамандан бузулганы.. Эмне унчукпай калдың?

— Эмне дедиң?..

— Сөзүң түгөндүбү?.. ишенсең, мени жалгыздык ойчул кылып салды. Ойлой берем, ойлой берем… Жалгыздыктын азабын тарткан мен эле десем, жо-жок, мен эле эмес экенмин. Биз, баарыбыз, жалгызбыз… Мен да, сен да, кызганчаак аялы бар философ да, баарыбыз. Баарыбыз. Жаде калса жер да, күн да жалгыз, өлүм да жалгыз… а деген ар бирибиздин башыбызга жалгыздап келет. Ажал жалгыздап алат бизди… Кээде мага дүйнө да жетимдей сезилет. Биз адамдар ошо жалгыздыкка ушунчалык кош көңүлбүз… сен мени минтип тиктебе?! Дээриңде эмне бар, аны билүү мага кыйын. Мен жөнүндө кандай ойдосуң? Ушуну билгим келет…

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.