АКЫРКЫ СҮЙҮҮ

МАМАСАЛЫ АПЫШЕВ

АКЫРКЫ СҮЙҮҮ

 

Ушунун баары бир романга окшойт, чынбы?

 

А кийин мындай болду: мындай, мындай… Жок, кийин эч нерсе деле болбоптур. Мына,— мен алдыңызда турам, картайып, тагдырдын түрдүү сыноолоруна моюн сунуп калган чагым. А-а, айтмакчы менин өмүрүмдө дагы бир сүйүү бар! Мен дагы кокусунан бир аялды жолуктурдум,— сүйүп калдым. Ал аял мени менен чогуу иштейт. Мугалим, мектепте. Дайыма маанайы пас жүрө турган. Жалгыз жүрчү. Анан, кайсы бир, бирге иштеген адамдын үйүнө тойдо чогуу олтуруп, сүйлөшүп калдык: ал өзү мага басып келген, ким билет, ал мүмкүн, менден да өзүнүкүнө окшош терең кайгы, көңүл оорусун байкагандыр? Сүйлөшүп, кыйлага олтуруп калдык. Кийин тез эле жакын болуп кеттик. А кийинчерээк, мен анын башка бир адамдан боюнда бар экенин, бирок тигил адамы ага үйлөнгүсү келбей жүргөнүн билдим, бирок ушунун баары мен үчүн азыр мааниси жок эле. Мен ошол аялга жакында үйлөнгөнү жүрөм… Ушунун баары бир романга, романдагы сүйүүлөргө окшойт ээ, чынбы?..

 

Азыр мен ошол аялга,— сүйгөн адамыма баратам, төрөт үйүндө жатат ал. Төрөт үйү жаңы микрорайондо,— шаардын чети тарапта. Жетинчи гана каттайт ал жакка азырынча…

 

А сиз өзүңүз, кызык, кайдан келдиңиз? Кайда барасыз? Сүйүүдөн башка нерсе жок дейсизби?.. Ооба, сиз туура айтасыз. Менин жашоомдо сүйүү гана болгонсуду,— андан башка эч нерсе болбогондой…

 

Мен сизге айтып берген жашоолор баары романга окшойбу же сиз мени тамашалап жатасызбы?..

 

Сүйүүдөн башка эч нерсе жок, демек, бул али роман эмес экен да? Азыр, токтоп туруңуз, мен жашоомдо болуп өткөн бир нерселерди эсиме түшүрөм,— эмнеси болсо да узун өмүрдү жашап өтпөдүмбү. Азыр, мындай… Мына менин бала кезим: согуш жылдары. Мен кичине элем. Ошентсе да баары күнү бүгүнкүдөй эсимде. Аябай ачарчылык болгонун билем: дайыма курсагым ачып, тамак жегим келе берчү. Картошканы подвалда сактачубуз, апам подвалга кирип баратканда мен дайыма көзүмдү айрый албай, карап олтурчумун… Мени апам биринчи жолу балдарга кошулуп, согуш оюнун ойногонумда урганы да эсимде. Анан, апам мени сооротуп, көкүрөгүнө мени кысып алып, өзү да кошулуп ыйлаган көпкө чейин. Атам ал кездеги көп адамдар сыяктуу эле, согуштан кайтпай калды,— ал дайынсыз жоголгон. Апам да ушул сыноо-кыйноолордун азабына чыдабай — ачарчылыкка, көңүлүнө туш келген түрдүү ооруларга,— ошол оорчулуктарды көтөрө албай, ал кездеги кайсы бир жугуштуу оору менен ооруп, кайтыш болду… Өлдү… Анан, мени балдар үйүнө алышты. Ушунун баары күнү бүгүнкүдөй эсимде турат.

 

Анан кийин мен баягы студент — тапшырып, кулап калып, кийпн өжөрлөнүп даярданып, окууга өткөн. Анан мен ал окууну таштап… А кийин, мен «Ала-Тоо» кинотеатрынын жанында баягы кыз менен, мурдагы аялым менен жолукканмын… Анан, мына мен алдыңызда турбаймынбы?..

 

Анан дагы бала кезимден бир нерсе эсимден чыкпайт: менин агам боло турган,— мени аябай жакшы көрчү. Анан, ал өзү согушка кетип баратып мага кичинекей топту белек кылып берген. Мен ойноп-ойноп, кийин оюнум канган соң, аны бычак менен жарып кесип алганмын,— ичинде эмне бар экенин көрүүгө кызыгып… Кийин өзүм жарып алып ыйлаганмын,— кичине бала элем да, хи-хи.

 

Өткөн өмүрүмдөн мына ушулар эсимде. Ушунун баары болгон. Башка эч нерсе болгон эмес. Мен сизге болгон нерселер жөнүндө гана айтып бердим. Романга окшош аябай, чынбы? Сиз андай деп айтпасаңыз деле мен өзүм билчүмүн ушуну,— турмуштун романдарга аябай окшош экенин… Жөн гана, ошол оюмду туура экенин текшерип көрөйүнчү деп сурадым мен сизден.

 

А сиз өзүңүз каяктан келдиңиз? Командировкагабы? Фрунзеденби?.. Азыр каякка барасыз, а-а, вокзалгабы?! Вокзалга бул жерден төртүнчү гана барат, ошого олтуруп барсаңыз болот…

 

Анан дагы, мен сизден бир нерсе жөнүндө сурайын дедим эле: «Сиз кандай деп ойлойсуз,— эгерде ушунун баарын роман кылып жаза турган болсо, анда үчүнчү аялым тууралуу жазбай эле коюу керек, туурабы? Баары бир басмадан өткөрүшпөйт, көрбөйсүңбү, жеңил ойлуу, аягы суюк аял экен» — деп… Анан романды башкы каарман өзүнүн сүйүктүү аялына үйлөнүп, балалуу болуп бактылуу жашап калганы менен бүтүрүү керек, чынбы? Ушул эң сонун аякталыш болот да, туурабы? Же турмушта али боло элек нерсе жөнүндө романда жазса болбойбу? Кандай айырмасы бар,— баары бир биз үйлөнүп, баары ушундай болот да! Ушундай бүткөнү жакшы, чынбы?! Эң сонун болуп бүтөт да роман…

30.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.