Эки ирет гүлдөөчү алмалар

Мурза Гапаров

Эки ирет гүлдөөчү алмалар

Алардын үйү тар болгондуктан, бала кыш ичи печтин астындагы бурчта мышыкча бүгүлүп, сыры көчкөн полдо жатып чыкты. А качан күн жылып, ачык асмандын алдында жашаса боло турган мезгил келер замат, ал, өзү жыгач складынан кымтып-кумтуп келген, шахтадан чыккан породалардын арасынан чукуп тапкан сынык-сунук тактайлардан кураштырып, отун кепенин жанына кичинекей сөрү жасап алды да, шаардагылардын ичинен биринчи болуп тышта жашоочу болгон. Үстүнө эч нерсенин көлөкөсү түшпөгөн сөрүдө, чак түштө уктап, эс алуу абдан кыйын болгондуктан, бүгүн тобокелге салып, өгөй атасынан абдан корксо да, анын бүгүн жумуштан саат үчтө келерин билип туруп, апасынын зар какшап каршы болгонуна карабастан, үйгө кирип кроватка жатып алды. Жатканда да кийимчен.

Өгөй атасы, анын арык ийнинен жулкулдатып ойготуп алып:

– Эй, ашка жүк, башка жүк, -деди. – Сен жакын арада мени өз үйүмөн да кууп чыгат окшойсуң, а?!

Зааркана карап турган өгөй атасынын жүндүү кең көкүрөгүн, жоон бырыштар баскан бийик маңдайын, коюу каштарынын астындагы заары чачыраган көздөрүн, калың эриндерин бала бир сыйра жек көрүү менен карап чыгып, кроваттан акырын жылып түшүп, эшикке бет алды.

Далиске чыгуучу босогодо, бардыгын көрүп, угуп, эриндери дирилдеп, ыйлап жиберүүчүдөй бүжүрөп апасы туруптур. Качан ал жанынан өтө берерде, тигил анын далысына алаканы менен чап эттире берип калды. Бала буйтап качуунун ордуна, жай бурулуп, апасынын жашы куюлууга даяр турган көздөрүнө:” Бул дагы эмнең? – дегендей тикирейе карап, унчукпай бурулуп, тышка чыгып өзүнүн күнгө кактанып жаткан жайдак сөрүсүнө барды. Сөрүдө дубалдын түбүндөгү примуска коюлган кичинекей ак кастрюлдагы саргыч шорпонун бүлкүлдөп кайнап жатканын карап, бир топко ойлуу отурду. Анан, ордунан чечкиндүү туруп, эки аттам жердеги тар аллеяга өттү. Аллея менен көпкө жүрдү. Кийин оңго бурулуп, темир жолду кесип өтүп, асфальт жолго түштү. Көп өтпөй шаардын чеги бүтүп, созулуп жаткан буудайлуу талаа башталып, бала буудайды аралай кеткен башка бир жолго бурулду.

Жол көптөн бери эч ким каттабаган көрүнөт, жаздагы жамгырдуу күндөрдү эстеткен аттын, арабанын, эшектин, уйдун, жөө кишинин ылайга өтө баткан эски издери жатат. Издерге анда -санда буудай чыгып, алар бышып калыптыр.

Бала бат эле талаага житип кирип кетти. Ошондо ал арт жагынан апасынын өзүнө тааныш сүйкүмдүү үнүн укту.

– Сар – да – ал! – Үн каргылданып, аянычтуу чыкты. Бала бурулуп алыста-алыста, сапсары өскүлөң буудайдын үстүндө сүзүп келаткан апасынын капкара башын, бийик көтөргөн колундагы желбиреген кара жоолукту көрүп, ордунда туруп калды.

Апасы көпкө чуркады. Акырында анын өпкөсү көөп, кышылдаганы угулуп калды.

– Кайт, Сардал! – деди апасы ушул учурда.

Бала апасынын оюн түшүнүп, ошол замат тыз коюп качып жөнөдү. Эне менен баланын ортосунда куугун башталды.

– Сар-да-ал, кайт!

– Сар-да-ал!

Апасы бат эле чарчап, акырындап кала баштады.

– Сар-да-ал!

Бул жолу апасынын үнү узактан угулганын сезип, бала токтоп артын карады.

Апасы тээ алыста, жолдун ортосунда далдайып туруп калыптыр. Уулунун кайра токтогонун көрүп, бир аз кооптонуп, ишеничсиз түрдө алга баса баштады. Ал уулунун кайрадан качышын күтүп, андан көзүн албай келе жатты. Бирок анын ордунан жылбай турганын көрүп ылдамдай басты. Аябай чарчагандыктан, бир жолу мүдүрүлүп катуу жыгылып да алды. Ошондо бүт көкүрөгү, жүзү чаңга булганып турду. Бирок ал жаактарын жаап калган үрпөйгөн чачтарын да оңдобостон, бетин аарчып, көкүрөгүнүн чаңын да күбүбөстөн, көрдөн чыккандай сүрдүү кейпи менен алга басты.

Балага бул таасир этти. Анын жүрөгү бурап ооруп, тамагы буула түштү. Өзү да сезбей селбип кадам шилтеп апасын утурлады. Барган сайын ал жакындай берди. Апасы жакындап, анын топурак болгон коюу каштарынын астындагы туптунук кара көздөрүн даана көргөндө:

– Апа!-деп кыйкырып жиберип, өзүн алга таштады. Апасы да бар күчүн жыйнап, эки колун алга сунуп чуркап жөнөдү. Алар көз ачып-жумганча кошулушту. Анан үстүндөгү асман сыяктуу кең буудайлуу талаанын ортосунда, чөп баскан эски жолдо эне-бала бирин бири бекем кучакташып, бири-биринин жагымдуу ысыгын сезишип, тааныш жыттарын жытташып, көпкө-көпө унчугушпай турушту. Экөө тең көздөрүн жашырып, бири-биринин денесине ысык жаштарын куюлтушуп, секин-секин ыйлап жаткандыктарын жакшы билип турушту.

21.04.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.