Касым КАИМОВ: «Ак жоолук»
аңгеме
* * *
Столдун үстү жасалуу. Канипа жалгыз өзү отурганда коңгуроо шыңгырады. Ал ордунан тургуча эшик өзү эле ачылды.
— Майрам куттуу болсун! Бактылуу бол! — деген эркектин коңур үнү угулду. Кирген киши Алыбек эле.
— Ракмат! — Канипа анын киймин чечип, төргө өткөздү.
Жасалуу столду көрүп, Алыбек жыйрыла түштү:
— Кечиресиз, мен бейубак келип калган окшойм…
— Дал учурунда келдиңиз! — Канипа күлө карады.— Сизди күтүп отурганымы көрүп турбайсызбы!
Алыбек ишене бербеди:
— Мениби? Мен анчейин… Сизди майрам менен куттуктоо үчүн келе калганым.
— Майрам күнү жана туулган күнү катышпагандан кийин, биздин жакшы санаалаш болгонубуз кайсы? — деди Канипа.— Эгер бүгүн келбесеңиз, мындан ары көрүшөрүбүз күмөнгөр болмок.
Муну укканда Алыбектин ичи жылып калды. Келгенине кубанды. Алыбекке стол үстүндө жайнаган ичкиликтер гана жаккан жок.
— Кайсынысын ачайын? — деди үй ээси. Мейман жооп бербеди.
Майрам шаанисине жараша шампан ачылды. Эки бокал мелт-калт куюлду. Меймандын ичкиликке жогун байкап, сөздү Канипа өзү баштады.
— Ракмат сизге, улуу күндө мени эске алып келгениңиз үчүн! Майрам кут болсун! — Биринчи тосту жалпы эле энелердин, кыз-келиндердин ден соолугу, бак-таалайы үчүн көтөрүштү.
Алыбек ордунан турду. Шампандан ооз тийип, кайра ордуна койду. Канипа бокалды жарым-жартылай ичти. Тост көтөрүшүү ошону менен бүттү. Чайга өтүштү.
— Айып көрбөсөңүз, суроом бар, — деди үй ээси.
— Айыбы жок.
— Сиз ичкиликти башынан каалабайсызбы же бир жолу көңүлүңүз калганы үчүн ичпейсизби?
Алыбек жашырган жок:
— Башынан каалабайм, көңүлүм калган учур да болгон.— Эми Алыбек сөз баштады: — Мен да бир нерсе жөнүндө билгим келет. Үй ээси айта бериңиз дегенсип, баш ийкеди. — Азыркы учурда ичкилик ичпеген киши да аз, балким жокко эсе. Мен биздин айылдын кишилеринен улам айтамын. Сиз жолдошуңуздан ичкилик үчүн эле ажыраштыңызбы?
— Ичүүнүн да жөнү бар, ал аракеч эле.
— Мейли, ошондой болсун дейлик. Бирок ошондой аракечти оң жолго салууга, эч болбосо, анын оңолуп кетишин күтүүгө болбойт беле?
— Сурооңуз туура. Анын баарын иштөөгө даяр элем, колуман келсе да, келбесе да. Өмүр шерик жан жолдошун ким эле кыйынчылыкта таштап кетүүгө даасын?!
Канипа узун сөзгө түшүп, акырында мындай деди:
— Баарынан жаманы — кишинин киши сыягынан кетиши. Андайдан үмүт кылууга болбойт. Арак үчүн калпты чын кылып, чынды калп кылып, керек болсо үй-жайынан, катындан безип, ал түгүл, өз жанын сатат экен! Мен сизге бир гана окуяны айтайын. Анын өзүнө окшош ооз жалашкан достору бар. Бул достор үчүн арак да ортодо, аялдар да ортодо… Жүзү курсун, андан ары жагын айта албайм… Ушуну көргөндө күйөөмдү гана эмес, анын бузулган чөйрөсүн, деле ичкилик дүйнөсүн талак кылгым келди.
Бул сөздөн кийин экөө тең узакка ойго батып отурушту.
Канипа сүйлөй баштады:
— Ыплас турмушту жерип, таза жашайынчы деген ниет пайда болду. Менин тарыхым ушу.
Аңгыча оокат бышты. Экөө жайма жай отуруп, оокат жей баштаганда Канипа дагы сөз баштады:
— Тобо! Мен бир нерсеге таң калып турам!
— Эмнеге?
— Ичкиликсиз мейман күтүүгө, кадимкидей оокат жешке болбой калганбы деп чочуй турган элем. Ичкиликсиз эле, кадимкидей жашоого болот экен го.
— Кеп ошондо! — деди Алыбек сөзгө кошулуп,— кишилердин баары ичкиликсиз мейман күтүшпөйт. Мейманды ичкилик менен күтүү салтка айланды. Ушундай кырдалда аракечтер бир жагынан өлүп жаткан менен, бир жагынан туулуп турат. Демек, биз ичкилик менен жарым күрөш жүргүзүп жатабыз. Жарым күрөш менен жеңишке жетүүгө болобу?!
— Туура айтасыз!
Мейман эркек менен үй ээси ичкилик, өткөн турмуш, аба ырайы жана башка жалпы сөздөрдү чуурутушат, бирок өздөрүнүн ойлогон ою, максаттары, ички сезими жөнүндө айтуудан кысталышат. Ичкиликтин жетишпей турганын экөө тең сезишет. Үч рюмкадан айланган болсо, эмгиче экөө кучакташып, сорушуп олтурушмак. Алыбек ушу жөнүндө ойлонот: «Мен жаш эмесмин, ичкиликти жөлөк кылмайынча колунан эч нерсе келбей турган бечара да эмесмин. Адамдын жүрөк сезиминен тунук жана ыйык эч нерсе жок. Ушу ыйык сезимди күчөтүү үчүн ичкиликке жүгүнүү — махабатты булгоо, адамгерчилик касиетти тепсөөгө жатпайбы».