Касым КАИМОВ: «Ак жоолук»

аңгеме

Касым КАИМОВ: «Ак жоолук»

Канипанын көз карашында «Сага ишенем, мен сенин ыктыярыңдамын» деген белги бар… Анын ишааратын гана күтүүдө…

Алыбектин жүрөгү катуулап сого баштады. Эмне болуп баратканын түшүнө албады. Сүйүү ушундайча жанданабы? Жаштыктын кайрылганыбы? Ал аялга көз жүгүрттү. Аны жоодурап тиктеп отурган Канипа башын жерге сала сүзүлдү.

Эр ортонундагы киши өзүнүн кай куракта экенин, соо же мас экенин унутуп, аялга жакындап, кучагын жайды… Куштан коргологон бөдөнөдөй бооруна жабышкан аялдын денеси калчылдап, жүрөгү тикилдегени сезилип турду. Ысык илеби алкымына батып, сөөгүнөн бери балкытты. Аны жар боорунан кулап кетчүдөй бек кучактап, уйпаланган чачтарын жыттап, саамга нес болуп отурду.

— Какиш! Какиш! — деди ал калтырап.— Мен сага үйлөнөм.

Канипа кучагынан бошоңгусу келбейт. Жооп да бербейт.

Алыбек сөзүн улады:

— Бүгүн эле үйлөнсөк кантет?.. Жооп жок. Дагы болсо Алыбектин үнү: — Жок. Кое туралы. Чыдайлы… 12-март күнү той өткөрөлү. Ошо күнү…

Канипанын жүрөгү жайланып, каруулуу кучагынан күч менен жулуна бошонуп, аны бактылуу көзү менен күлүмсүрөй карады.

— Эмне дейсиң? Өзүнчө эле сүйлөп жаттың?

Алыбек да күлдү. Чын жүрөгүнөн күлдү. Соңку беш жылдын ичинде аял менен эзиле сүйлөшүп, кумардана күлгөнү ушул эле.

— Той өткөрөлү дейм. Макулсуңбу?

— Макул.

— Качан?

— Бүгүн кеч болуп калды го…

Экөө тең каткырышты.

Канипа ордунан туруп, желкесине түшкөн бир байлам ак жоолугун оңдоп салынып, чоң күзгүнү көздөй басты. Тараз бойлуу, арыкчырай келбетине, кымча белине булактаган ак көйнөгү жарашып, теңселе басышы таалайына балкыгандай туюлат. Көңүл куунак. Кайсы күнү үйлөнүшөрү жана тойду качан өткөрүшөрү жөнүндө ойлоп баш ооруткусу келбейт.

 
 

Ушул сымбаттуу аялга эр болорун элестетип, Алыбек өзүнчө кубанып отурду.

Канипа кайра келип, столдун бир четине аны менен бетме-бет отуруп, чукугандай кеп баштады:

— Сенин эмне жөнүндө ойлогонуңу айтып берейинби?

— Айтчы!

— Мени жактырып… Таптыңбы?

— Таптым! — Ал ыраазычылыктан каткырды:

— А, сен менин эмне жөнүндө ойлогонуму билдиңби?

— Жок.

— Эмесе, өзүм айтып берейин.— Канипа анын жанына шынаарлаша отуруп, сөзүн улады: — Күйөөм соо эркек болсо, ичкилик ичпесе эле болду. Сокурлугуна, мунжулугуна, мансабы жогуна макул элем. Андан артык бактыны каалабайт элем, — деп тилөөчүмүн. Эми сага туш болгондо, тилегим он эсе орундалып, күзгүнүн алдында «эми кесирленбе!»—деп өзүмө өзүм кеңештим…

— Мындай ой жалгыз гана сенде болуптурбу! — деди Алыбек ага маани бергендей.

Канипа анын сөзүнө алаканын тосо койду:

— Түшүндүм айтпай эле кой!

— Мейли аны айтпай эле коеюн. — Алыбек анын алаканын кармалап өөп койду. — Бирок экөөбүз акылдаша турган тилегим бар. 13-мартта — эски эсеп менен жаздын келген күнү мен элүү жашка толом. Экөөбүз ошо күнү баш кошолу. Тойду ошо күнү өткөрөлү. Түшүнөсүңбү? — Ал ойлуу тиктеди. — Туулган күнүмдү биринчи жолу белгилешим ошо болот.

Канипа эртең, бүрсүгүндөн кечикпей үйлөнүшүүнү самап турган. 13-марттын маанисинен улам, эптеп чыдап турууга макул болду…

* * *

Ай жарык. Сыдырым суук. Шалбыраң катып, жол тоңголок. Көчөдөн ары-бери өткөн кишилер али кыш кийимчен. Тоо айлынын өзгөчөлүгү: жаз алдында күндүзү — жаз, эртели, кеч — кыш.

Алыбек атын жетелеп, Канипанын катарында басып келатты. Чоочун көздөрдөн жалтанышкан жок. Автобус токтоочу жерге жеткенде гана ал атына минип.

— Кош, көрүшкөнчө!

Алыбектин көңүлү бир ыңтай.

Канипа үйүнө келгенден кийин оюна ар нерселер түштү: мүмкүн ал 13-мартка чейин айнып калар, башка бирөө урунса; дагы бир кырсык болсо кантээр экенбиз; эртең, бүрсүгүндөн эле үйлөнүп, тойду айткан күнү өткөрсөк болмок экен. Бирок кеч болуп калды. 13-мартты күтүүдөн башка арга жок.

Акырында мындай деген ойго келди. «Деги аман-эсен үйүнө жетсе экен. Жол тайгак. Бүгүн ичкилик ичиле турган күн. Мас шоферлордун бирине кезикпегей эле».

12.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.