СЕН ЭМГЕН ЭМЧЕК

Зинакан Пасаңова

СЕН ЭМГЕН ЭМЧЕК

 

Көктөм жыттанган ууз жаздын ак шоолалуу таңында жарык дүйнөгө келдиң. Ошон үчүн атыңды «Актаң» койгонбуз. Сен да менден бетер күчүркөп, аябай кыйноо тартып төрөлдүң. Боюмдан бөлүнгөндө «Баа!» деген жан кечти бакырыгың «Ап-а!» деген чакырыктай туюлуп кетти. Дароо башымды көтөрүп: «Аман бекен!» деп сурапмын. Боз чүпүрөккө чүргөп туруп колума карматышканда али ысымың жок, өң-түспөлүң дааналана элек болсо да, кызыл эт ымыркай жүзүңдөн өзүмө ушунчалык жакын, кымбат белгилерди көрүп, бардык тарткан азабым жуулуп кетти. Колума өзүм жараткан жаңы ааламды кармап тургансып, жетине албай жаттым. Бир чети кармоого да эп келбеген морттугуңдан чочулап, ушул тырнактай алсыз жанды азуулуу турмуштан коргоп, эсен-аман жетилдирип, алар бекем деп, санаам санга бөлүнө түштү.

 

Сен да «эне» деген эң жакын адамдын колунда келгениңди туйгандай, ууртуңду кыйшайта алда-нени издеп жаттың. Өзүңдү эмизгиче ашыктым. Барсанактап турган сүт эриндериңе эмчегимдин үрпү тийгенде дирт эте түшүп ачылып, жалмалап кирдиң. Бир-эки жолу кылт эте жутунуп, сүттүн даамын татканыңдан кийин бышылдап кадыресе эме баштадың. «Эм, эме кой балам! Мен сенин апаңмын! Эне сүтүмө, уузга тойгуча эм! Сени жүрөгү эзиле сүйө турган , бөпөлөй турган энең бардыгын азырынча ак сүтүнүн даамынан сезип туярсың!» деп алтымыш тамырым балкып ийип бердим.

 

Оо, жаңыдан көз жарган наристесин жылуу кучагына алып, эмчек эмүүдөн тартып жашоого телчиктире баштаган, Аялзат! Сенин чыдамкай колдоруң канча жыл балаңа тирөөч болуп көтөрүп, алдейлеп таптап, тосуп, жалаягын жууп, бара-бара отурганды, тамак жегенди, жөрмөлөгөндү, каз-каз турганды, басканды үйрөтөр экен. Сенин эси-дартың күнү-түнү балаңда болуп, дем алышынан бери тыңшап, кирпик ирмешинен байкап, суук шамалдан, жаман илдеттерден коргоп калгысы келет. Сенин сүйүүгө толо көздөрүң түнү да канча жолу уйкусун качырып, балаң түйшөлгөн сайын алдейлеп, карап чыгат. Сенин ой-сезимиң менен акылың, уул— кызыңдын акыл-эсин турмуш жолуна адаштырбай жетелеп чыккысы келет. Бул зор мээнетке Эне гана түтөт.

 

Балаңдын дүйнө тааныган ар бир сөзү, балалык ширин кылык-жоругу, бал жыты, алгачкы шилтеген кадамы ошол энелик эмгегиңдин кайтарымындай кубантып, эч нерсеге келгис жыргалга бөлөйт.

Бирок, перзентиң торолгон сайын сенден бөлүнө баштаган ар бир учурдун жан кейиткен жоготуусун да көтөрүүгө туура келет. Мына мен да анын бирин өз башымдан кечирип жатам. Баласын эмчектен чыгарарда эне ушунчалык илинип, ичи ачышарын кайдан билипмин. Сен эмбей калсаң эле өзүмдөн жатыркап, алыстап кетериңдей сезилип кыялбай турам. Бааарыдан да өзүң кантер экенсиң деп чочулап жатам. Төрөлгөндөн тартып жан шеригиңе, кумарыңа айланган эмчек эмүүдөн түңүлүшүн азап болоор бекен?

 

Эмчектен жума күнү жеңил чыгат дешкенинен ошол күнгө бел байладым. Түнү бою эч капарсыз ээмп чыктың. Таңга маал уйкусурап дагы көкүрөгүмө жабыштың. Эки эмчегимди бир сааттай алмак-салмак соруп тердеп-кургап көшүлүп жаттың. Анан кайрадан таңкы таттуу уйкуга кирдиң. Ошол бойдон эненин ак сүтүнөн айрылдың, уулум! Эрте менен сен ойгонгончо үрпүмүн айланасын кара көө менен сызып таштадым.

 

Көзүңдү ачарың менен күндөгү адатынча «Ма?» дедиң. Карала болгон эмчегимди көрсөтө: «Карачы, «ма» бөө болуп калыптыр”. Сен чочулап сестене түштүң. Эненин жылуу кучагында эркелеп эмчек эмүүдөн башталуучу ырахаттуу жашооң бир паста астын-үстүн түшүп кыйрагандай, алдастап кеттиң. Көргөн көзүңө ишенбей кайра-кайра көкүрөгүмдү ачтырып карайсың. Анан эмне кылаар айлаңды таппай туталана баштадың. Ич күйдүлүгүңдүн күчүбү, делөөрүп ойноп, үйдүн ичин үч көтөрүп, шоктонуп жаттың.

 

Бирок, эки көзүң ажырабай менде болду. Мүнөт сайын «Апа?» деп бутума оролошосуң. Ойноп жатканың менен көздөрүң каканактап, эринериң ыйлап жибере жаздап зорго эле турат. Кез-кезде «Ма?» деп жалооруп мага жабышканыңда «Мама бөө экен», — деп алакчылайм. Ага ишенбегенсип: «Аччы?» дейсиң. Акыры көөгө да кайыл болуп көздөрүңдү жума магдырап эмчегиме тартылып баратканыңда араң токтотуп калдым. Ошондон кийин көйнөгүмдүн жакасын сен ачалгыс кылып бекем төөнөп койдум.

22.06.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.