СЕН ЭМГЕН ЭМЧЕК
Зинакан Пасаңова
Ошол азалуу күндө менин көзүмдү ачкан дагы бир акыйкатты тааныдым. Апамды сууга алып жатышканда тартылган көшөгөнүн баш жагында карап отурган элем. Акыркы жолу болсо да көрүп калайын деп мукурагандыгы аргам ошол болду. Апамдын денесин ачышканда эң биринчи эле эки эмчеги көзүмө урунду. Бала эмизген жаш аялдын сүткө толгон эмчегиндей балкайып ууздай агарып турган экен. Ортосундагы үрпү типтик болуп карарат. Жүрөгүм сыздап кетти. Биз ээмп чонойгон эмчек. Апамдын көкүрөгүн жыттаганды эмне үчүн жакшы көрөрүмдү ошондо гана түшүндүм. Мен жакшы көргөн жыты кичинекейимде эмчегин ээмп жатканымда мурдума жытыгып, көкүрөгүмө сиңип калган экен. Эненин ак сүтү өмүр бою кумарлантып, эңсете берет окшойт. Ага-эжелерим менен өзүмдүн эмчек эмген ымыркай кездеримди, апамдын бала дегенде эч нерсе тең келгис ыйык сүйүүсүн элестеттим. Бизди эмизип чоңойткон эки эмчектен көздөрүмдү тартып алалбай тиктеп, ичимден күйүп коштошуп жаттым. Көз жашым болсо тынымсыз куюлуп турду.
Апамды жууган аялдар жаштайларынан кадыр-көңүлдөрү өтүшүп калган ынак теңтушу менен жакын көргөн абысыны эле. Экөөнө өзү: «Мен өлгөндө силер майрам сууга алгыла» деп керээз кылган экен. Жаны бирге болуп, калган адамга акыркы жолу кызмат кылып, жаткандыктарына ичтери эзилишкендей, жаш баланы кириндиришкенсип, өтө сүймөнчүк менен сылагылап-сыйпалашып жууп жатышты.
Адегенде ак аралаган күмүш түспөл чачын тал-талдап жаза башташты. Мен дайыма айрандап жууп берчү чачтарын салаалап тарашып көкүрөгүнө төгүлтө жазып коюшту. Анан ак сурптан жасалган көйнөк ,оромол кийгизишип, биротоло чүмбөттөп жаап киришкенде ачуу чаңырып ыйлап жибердим. Эми ушул бойдон апамды эч качан көрбөй турганыма моюн сунуунун өзү акыр заманга тете болду. Апамды өз өмүрүн өткөргөн, бизди төрөп-өстүргөн куттуу үйүбүздөн көтөрүп чыгышып, эч качан кайрылып келгис жайга алып жөнөшкөндө эл гана эмес жер да дүңгүрөп кайгырып коштошуп жаткансыды. Бул ажырашуу Кудайдын мен тааныган эң ачуу акыйкаты эле...
***
Сен үч жашка чыккан жазыңда кайрадан боюма бүткөнүн билдим, уулум. Бул жөнүндө биринчи сага сүйүнчүлөдүм. Короодо балдар менен ойноп жүргөн жериңе барып, өзүңдү бөлүп чакырдым да: «Уулум, эми сен бөбөктүү болосуң!» — дедим жүзүңө кубана карап, Анан колуңдан жетелеп алып өрүктөрдүн гүлү жаап калган бир аяк жолго чыктым.
Сага айта турган сөздөрүм бар эле. Кудай буюрса, дагы инилериң жана карындаштарың төрөлөрүн, а мен болсо силерди чоңойтуп-өстүрүү үчүн узак жашап, анан көрөр күнүм түгөнгөндө кызыл манат жабылган бийик тактада элдин баарын суктантып канышадай сөөлөт күтүп керилип жатарымды, султандай болуп жетилишкен эр азамат уулдарым «Эсил кайран апам ай!» — дешип жерди солкулдата өкүрүшүп, кыздарым болсо даңазамды чыгара кошок кошушуп, акыркы жолго унутулгус кылып узатышарын айткым келген. Бул тилегиме ак жол билдиргенсип, мен сүйгөн өрүк гүлдөрү жолубузга жабалактап жаап жатты.
2005-жыл. Ош шаары
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.