СЕН ЭМГЕН ЭМЧЕК

Зинакан Пасаңова

СЕН ЭМГЕН ЭМЧЕК

 

Түшкө жуук чыдабай кежирленип кирдиң. Кичинекейиңде сүт эмгек упчуңду таап берсем ачуулана оозуңдан алып ыргыттың. Оокат да жебедиң. Уйкуң кыстаса да эмчектин кумары чыдатпай ыйың барган сайын катуулай баштады. Керебеттин аркы учуна бир, берки учуна бир жөрмөлөп жүрүп өпкөлөп-өксүп ыйладың. Эне сүтүн, балалык ырахатыңды жоктоп, андан түбөлүк айрылганыңды билгенсип боздоп жаттың.

 

Сенден бетер өзүм эзилип жашып жүрөм. Колума көтөрүп алып, боорума кысып алдейлегенче «Кыйналбачы уулум! Ушуга чейин эмизген ак сүтүмө ыраазы бол! Эми түңүл, садагам!», — деп жалынып-жалбардым.

 

Ошол түнү ысытмаң чыгып, чабалактап жөөлүп баштадың. Сенин тарткан азабыңа чыдабай нечен жолу эмизе жаздап, бирок зорго тиштенип, карманып калдым. Таң атканча кирпик көзүм какпай өзүңө көпөлөк болуп чырк айланып чыгып кеткен ошол түн өмүрүмдөгү эң оор түндөрдүн бири болду. Таң супа салганда гана ысытмаң кайтып, көшүлүп катуу уктап кеттиң. Сенин ыйдан шишип кызарган көздөрүңдү. кеберсиген эриндериңди көз жашыңа жуулуп бир күндө эле бозоро түшкөн өңүңдү эзиле карап турдум.

 

Ойгонгонуңда башкача болуп өзгөрө түшүпсүң. Кечээги туталанган шоктугуң жок. Мусапыр болуп, бошошуп турдуң. Бирок, дагы эле эси-дартың эмчекте экен. Үлдүрөй үмүткөр тиктеп «Ма?» дедиң. Менин түңүлдүргөн сөзүмдөн кийин чыргоолонуп көпкө барып басылдың. Эми апаңдын таш боордугунан көңүлүң калып мени жек көрө баштасаң керек деп ойлогом. Тескерисинче колумдан түшпөй жабышып алдың. Мени колуңдан чыгарсаң эле эмчектен биротоло ажрырарыңдай бир карыш алыстабай туткактап жүрдүң. Атаң «кел» десе да ынабадың. Эне сүтүнөн айрылгандагы арманыңды эки эселенген мээрими менен жууп-чайыш үчүн өзүм да жанымды чаап, көзүңдүн кареги менен тең айландым. Бирок, эмчек жоктогон ич күйдүлүгүңдү эч бир мээримим алмаштыра алган жок. Оюнга да алаксыбадың. Ачылгыс кылып төөнөп койгон көйнөгүмдүн жакасын тытмалып, ага болбосо акырегиме башыңды ургулап айламды түгөттүң. Көздөрүң катуу азап тарткан адамдыкындай чүңүрөйүп кирип, көңүлүңө эч нерсе сыйбай жетимсиреген ушул акыбалың өтө аянычтуу эле.

 

Ошондон көп узабай үйдө өзүң менен болуп ойноп отурдуң эле. Мен жаныңда иш кылып жаткам. Оюңа не келди, билбейм, жароокерленип назик кучактадың. Анан жүзүмө карадың. Менин да жакшы көрүп эзилип турганымды көрүп кайраттана түштүңбү, көйнөгүмдүн жакасын акырын ача баштадың. Ошол учурда сени өзүмдөн алыстатып түртүп коюуга кудуретим жетпеди. Эми кайра баштап «эмчек эмем» деп кыйнайт окшойт деп күтүп турам. Жок, өзүңдү токтоттуң. Көкүрөгүмө жүзүңдү сөйөп туруп, жыттап-жыттап алдың. Кайра жакамды акырын жаап койдуң. Жүзүңө тиктесем кыйла токтолуп чоңое түшкөн экенсиң.

 

Сенин бул жоругуң өз башымдан өткөн бир нерсени оюма салды. Мен да апамдын көкүрөгүн карыганча эле жыттаганды жакшы көрчүмүн. Эненин эч кимде жок башкача жыты, көкүрөк жылуулугу көңүлүмдө жыйылган бардык арман-кусамды тазалап кеткендей жеңилдене түшөөр элем. Ал эмнеге болгон сагыныч экенин апамдын көзү өтүп, түбөлүккө коштошуп жаткан күнү түшүнгөм.

 

Апам 70 жаштан өтүп, карылыкка жаңыдан алдыра баштаганда көз жумду. Өзүнүн ою да ушул эле. «Көп карытпай ала көр кудай! Балдарым артымдан арман кылып, көздөрүнөн жаш чыккыдай болсун!», — деп тилей берчү. Ошол тилегине жетти. Алы— күчү барында. сөз сөз болуп турган чагында актыкка баш ийди. Тирүүлүктүн акыркы мүнөтүн жашап жатканын билип калса да «өлбөсөм экен» деп жанталашпады. Эч нерсеге илинбеди, арман кылбады. Бул өмүрдө аздыр-көптүр көргөн күнүнө, ичкен суусуна, тарткан жыргалына чеккен азабына ыраазы болуп. балдарынын бардыгынан көңүлү тынып, жакын көргөн адамдарынан ыраазычылык сурап, жүрөгүн кең ачып, дилин агартып туруп өлүмгө меймандай болуп өз эрки менен моюн сунду.

 

Кызыл манат жабылган сөөгү жаткан бийик керебетти тегеректешип беш мырза уулу — менин агаларым жерди солкулдатып өкүрүп турушту. Кыздары. биз эжем экөөбүз, чучуктай сызгырылган күйүттүү үн менен кошок кошуп ыйлап жаттык. Маркум менен коштошкону жана бизге көңүл айтканы келген эл-журт бул жашоодо өзүнүн адамдык парзын өтөп бүтүп, эми түбөлүккө жаны жай алып, жаткан апама суктана тиктешкенин көрдүм. «Бактылуу кемпир экен» деп айтпаган жан калбады. Өлсө да өзү төрөп өстүргөн балдарынын доорунда канышадай сөөлөт күтүп, керилип жаткан апам мага адам жашоосунун гана эмес өлүмдүн да жакшы-жаманы, урмат-сыйы болору жөнүндө улуу сабак өтөп кетти.

22.06.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.