Төкөлдөш, Тэцуо жана Назира апа
Мамат САБЫРОВ
Бир айдан кийин КирТАГга ишке орноштум. Директор жакшы киши экен, шаардагы бир курулуш уюму менен сүйлөшүп, жатаканамды да чечип берди. Кийим-кечемди сумкама салып, китептеримди бир таңгак кылып түйгөн соң, Назира апаны чакырып, кетип атканымды айттым. Бул кабарды укканда кемпир нес боло түштү.
Нуру өчкөн көгүш көздөрүндө, бырыш баскан саргыч жүзүндө «а мен кантем?» деген суроо турду. Биздин айылда бир майрык кемпир бар эле. Кайсыл жерлик экенин билбейм, колу-кошуналардын баары аны «Сайкал эне» деп коюшчу. Разак аттуу чалдын кемпири кайтыш болуп, карыган киши өзү жалгыз жүдөй баштаганда балдары ар кайсыл жактан издеп, акыры бир тааныштары аркылуу ушул кемпирди таап келишкен. Анан акырында чал өзү да кайтыш болуп, Сайкал эне же төркүнүнө кайра кете албай, же өгөй балдарына батпай арасат болуп калды. Биздин үйгө келип, керээли-кечке апама арыз-арманын айтып отурчу. Былтыр мен каникулга барганда да Сайкал эне биздин үйдө экен.
– Шу энеңди Пурунзага алып кетчи, – деди апам.
– Муну шаарга алпарып алып ниме кылат эле? – деди кошуна аял күлүп. – Өзү майрык болсо...
– Иштен келгенче оокатын пышырып турат. Кийин үйлөнгөндө чоң эне болуп, балдарын карайт.
Ошондо Сайкал энем эмне дээр экен дегендей мени бар башкача караган. Анын жалооруган көздөрү дале көз алдымда турат. Азыр Назира апа да ошо кемпирге окшоп кетти.
– Мен үйлөнөйүн, ошол замат квартирага чыгып, сизди алып кетем. Рая (Раиланы Рая дечү) кызыңыз да келет. Баарыбыз чогуу, бир үй-бүлө болуп жашай беребиз.
Назира апа баш чайкады.
– Равиль жалгыз кантет? Мен болбосом такыр эле арактан башы чыкпай калбайбы. Андан көрөкчө сен үйлөнөр замат бул жака кел.
Ага чейин тиги времянка бошоп калат.
– Макул апа, сөзсүз келем.
Мен Төкөлдөштүн жепирейген жапыз тамдарын артка калтырып, тээ алыстагы чырактары жаркырап күйүп турган көп кабаттуу үйлөрдү көздөй бет алып жөнөдүм...
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.