Төкөлдөш, Тэцуо жана Назира апа
Мамат САБЫРОВ
– Үйүңүз каякта? – деп сурады Райила.
– Жүрө бер, барганда көрөсүң.
Ноокаттан алыска чыгып көрбөгөн байкуш акем көп кабаттуу бийик үйлөрдүн биринде жашайт деп элестетип келсе керек. Бирок Төкөлдөштүн айылдан бетер чаң ызгыган ой-чуңкур көчөлөрү менен жөө барып, мен жашаган «ит кепени» көргөндө эси эңгирей түштү.
Бирде полду, бирде шыпты карап эле туруп калды.
– Сен мынавы кроватта жатасың, – дедим мен.
Бир-эки күн мурда Назира ападан таза шейшеп, анан өзүм сыртта жатканга раскладушка сурап алгам.
– Курсагың ачтыбы? Азыр чай ичебиз. Апам нан берип ийдиби?
– Ии.
Карындашым чоң сумкасын ачып, ичинен боорсок, нан салынган баштыкты ала баштады.
* * *
Карындашымдын документтерин тапшырган соң тааныш издей баштадым. Университеттеги кечээ эле мени окуткан мугалимдердин баары азыр деле иштеп атышкан. Бирок мен жардам сурап кайрылган кишилердин баары адегенде жадырап тосуп алышканы менен бир сом да бере албасымды билишкен соң ар кандай шылтоолорду айтып, өздөрүн алып качып калышты. Бир гана кыргыз тилден берген картаң агайым ачык айтты. «Орундардын баары бөлүштүрүлүп бүттү, карындашың быйыл өтө албай калды го» – деди. Колуна кагаз, калем алып, быйыл филфакка болгону 50 студент кабыл алынарын, анын тең жарымы Ооган согушунун катышуучулары, даярдоо курсунан өткөндөр экенин, эми калган 25 орунга 500дөй абитуриент ат салышып атканын эсептеп берди.
– Химфака тапшырып көрбөйсүңөрбү, толбой жатат.
– Мен өзүм баш болуп, бир туугандарымдын эч кимисинин химияга шыгы жок эле. Өткөн күндө деле окуп кетерине көзүм жетпейт.
– Анда, Мидин агайыңа бар. Ал быйыл кабыл алуу комиссиясынын төрагасы. Бир жардам берсе ошол бере алат.
Бирок Мидин агай мени үтүрөйүп, абдан суз кабыл алды. Мен сыяктуулар келе берип тажатышкан окшойт, босогосун аттаганда эле эмнеге келгенимди сурады. Кел, же болбосо келип калыпсың дебей, эмнеге келдиң? – деди. Мен карындашым деп сөз баштаганда «тарс» жарылып кетти.
– Карыган кишини кыйнай бересиңерби? Силерди окутканым деле жетээр!
* * *
Күнүгө бир маал дүкөнгө, нанга барып келем. Дүкөн темир жолдун боюнда. Ортосуна кара май төгүлүп, ар кайсыл жеринен жарака кеткен шпалдардын үстү менен калпийип басып баратып, кээде поюздун астында калууну каалап кетчүмүн. Мен басып баратканда артыман уруп кетсе дечүмүн. Бирок бул жолу поюздун «тү-үү» деген гудогу угулганда бир аттап, рельсадан ары секирип кеттим. Үйдө карындашым экзаменге даярданып, мени күтүп отурганын эстедим. Өзүмдүн кимдир бирөөгө керек экенимди, жөлөк экенимди сездим.
* * *
Адатымча ар кайсыл редакцияларды кыдырып, кечинде келсем карындашым ыйлап отуруптур. Эмне болгонун дароо түшүндүм.
Эртең менен экзамен тапшырганы кеткен болчу. Кулап калган тура. Жанында Назира апа: «Болду, ыйлаба» – деп сооротуп отурат. Карындашым келгени кемпир жыргап эле калды. Тамак кылган сайын: «Ме, жей гой» – деп көтөрүп келчү. Карындашым да анын үйүн жыйнап, кирлерин жууп, айтор, экөө аябай ынак болуп кетишкен.
Бир-эки күн шаарды, музей-дүкөндөрдү көрсөткөн соң, карындашымды самолетко салып ийдим.
– Быйыл өзүң көрдүң го, акча таппай калдым, – дедим коштошуп жатып. – Эмдиги жылы, сөзсүз, өтөсүң.
Бирок ичимен атам менен апам сени барар замат күйөөгө берип ийишет го деп ойлодум. Алар бербеген күндө деле аскерден келип, жерге-сууга батпай турган балдардын бирөө-жарымы ала качып кетиши мүмкүн. Кичинекей кезинен тамекинин түйшүгүнө малынып, чабыкта бели ооруганда, түнкү тизимде уйку көзүнөн учканда кудай буюрса окуйм деп татуу кыялдарга баткан карындашымдын биротоло тамеки талаада калып кетерин ойлогондо ызаман ичим эңшериле түштү. Көз алдыма агасы сатып берген кызыл юбканы кийип алып, үйдүн артындагы каштан дарагына асынганы бараткан Хидэ элестеп кетти.
– Сен сынба, – дедим карындашымдын колун бек кысып. – Суранам сенден...
* * *
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.