Төкөлдөш, Тэцуо жана Назира апа
Мамат САБЫРОВ
– Уйга кирың, – дешчү чын пейилден. – Балалар блан отырып, телевизор корып...
Бир гана жолу караңгыда келатсам он чакты мас балдар кармап алышты. Бирөө эски тааныштардай мойнуман кучактап, экинчиси чөнтөктөрүмдү тинткилеп кирди. Мен эч сыр бербей, дегеле аларды тоотпогондой келатам. Чөнтөгүмдө бир ручка менен проездной билетимен башка эч нерсем жок болчу. Экөөн тең алып коюшту.
Керээли-кечке шаарды узун-туурасынан кыдырып, иш издейм. Акчанын жогун анчалык билдирбей, ишке жарап аткан ушул проездной билетим эле. Мейли эми, жөө-жалаңдап жүрө турам да. Эң башкысы, ишке орношкон жатканда бети-башымды көгөртүп сабап салышпады, ушунусуна шүгүр.
* * *
Кошуна уйгурдун бири-бирине окшош үч келини бар. Ортону тор тосмо гана бөлүп тургандыктан, алардын короодо кир жуугандары, картошка, пияз аарчып, тамак кылгандары бүт мага көрүнүп турчу.
Өздөрүнчө сүйлөшүп калышат.
Төкөлдөш, Тэцуо жана Назира апа
– Кто у соседей живет?
– Какой-то парень. Валяется целый день на кровати и читает книгу.
– Эй, вы потише, – дейт ар жактагы бирөө. – Он все слышить.
Бир жолу сыртта китеп окуп отургам.
– Парень, тебе можно на минутку.
Үн чыккан жакты карасам уйгур келиндердин бири тосмонун жанында туруптур. Китепти колтуктаганча акырын басып бардым.
– Вот эту подими а, пожалуйста.
Тосмонун астында бет аарчы жатыптыр. Эңкейип алып бердим.
– Спасибо.
Мен бурулуп кетмекчи болгондо келин дагы үн катты.
– Ты извини меня, конечно... Но ты кушать хочешь?
– Смысле?
– Мы еду слишком много готовили. Могу ли тебе предложить?
– Давайте.
Тиги макул болгонумду көрүп сүйүнүп кетти.
– А то я смотрю, ты все время чай пьешь.
Келин ичкери кирип кетти да жээгинде гүлдүн сүрөттөрү бар чоң кесеге толтура лагман куюп чыгып берди. Мен чындап эле акыркы он күндө ысык тамак иче элек болчумун. Укмуштуудай даамдуу лагманды рахаттана жей баштадым.
* * *
Чыгып баратсам Равиль байкенин времянкасында жашаган келин сыртта ыйлап отуруптур. Кош бойлуу. Күйөөсү заводдо иштейт.
Эртең менен велосипедин минип алып кеткен бойдон кеч келет. Дем алыш күндөрү үйдө болгондо мени чай ич деп чакырып калат. Аялы мурдатан ушундай эркеби, же кош бойлуулугунан ушинтип денеси оор тартып калганбы, качан кирсем талпайып отурган болот. «Мажит, от жак» – дейт. Күйөөсү от жагат. «Чай апкел» – дейт. Күйөөсү чай апкелет. Аны карап отуруп жомоктогу алыстат, жакындат деген эрке кызды элестетип кетем. Күйөөсү ак көңүлдөнүп, «эч тартынбай өз үйүңдөй кире бер» дегенинен бир жолу телевизордон футбол көргөнү кире койбоюмбу. Мажит өзү үйдө жок экен. Бир маалда келди да менин отурганымды көрүп, акшыя карап койду. Жаман ойлоп, бүгүн-эртең тууйм деп турган аялын кызганып кетти окшойт.
Ошол бойдон экинчи босогосун аттабай койдум. Чакырса да кирбейм.
– Эмне болду?
Келин эчтеке болгон жок дегендей баш чайкады. Бирок көзүнөн мөлт-мөлт жаш куюлуп атты. Мен маңдайына отурдум.
– Айтсаң, эмне болду?
– Тиги уйгур кошуна баламдын тапочкасы силер жакка түшүп кетти, алып бер деген да. Мен билбей эле алып берип коюптурмун.
– Алып берсе эмне болот экен?
– Булар ырымдап коёт. Ким алып берсе ооруп калат деп атпайбы.
– Ким?
– Хозяйка.
Мен бырс күлүп жибердим.
– Анан ошого ыйлап атасыңбы? Мен канча жолу алып берип эле жүрөм го. Тфу-тфу... Ооруган-эткен жокмун.
Келин соороно түшкөнсүдү.
– Эчтеке болбойт да ээ?
– Албетте, эчтеке болбойт.
* * *
Аэропорттун биринчи кабатында карындашымды күтүп турам. Райиланы акыркы жолу бир жыл мурда, каникулга барганда көргөн болчумун. Бир эле жылда бою өсүп, чоңоё түшүптүр. Бирок жүзү баягы эле секелек бойдон экен.
– Пулумду сизге берип коёюнчу, – деди учурашар замат. Бул апамдын тапшырмасы экенин дароо түшүндүм. «Пулуңду жоготуп алып жүрбө. Бараар замат акаңа берип кой» – деди да.
Мен карындашым берген элүү сомдукту чөнтөгүмө салдым да, улутунуп алдым. Жок дегенде жүз сом менен келсе ошол акчадан квартирага төлөйм, ишке орношуп, акча тапканча жашап турам деп ойлогом. Бирок телефондон сүйлөшкөн сайын иштеп атам деп айтканыман улам атамдар жалгыз башына айлыгы кенен жетсе керек дешти окшойт.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.