МУКАЙ ЭЛЕБАЕВ
ЗАРЛЫК

АҢГЕМЕ
I
Бүгүн созулган сар талаада жалгыз аяк жол менен эрбеңдеп бир жөө келе жатты. Бул не көрүнгөн айыл, не бир агып жаткан суу жок — учу-кыйрына көз жетпеген бир мейкин эле. Журт илгертен каракчылардын жайыты дей турган Тасманын талаасы ушул.
Жалгыз адам эртерээк бир жерден чыккан. Ошентсе да болжогон жерге бүгүн жетпей калганына көзү жетип келет. Күүгүм кирип жер караңгылып калган. Ошол учурда чарчаганына карабастан шыпылдай басып, жүрүшүн ылдамдата берди.
Кызуу менен лакылдап отуруп, бир кезде карарган бийик кашатка келип такалганын сезбей да калды. Эртеден кечке созулган талаа түгөнгөн сыяктуу. Ушул чөйрөгө биртике кидире түшүп, алды жагына көз жибергенде, алда кайда жалтырап жаткан чоң өзөндүн аркы өйүзүнөн жылт-жылт этип бирде өчүп, бирде жанып турган бирин-серин от көрүнөт. Оң жакта бир салаңдаган тумшуктун алды ченинен ит үргөндөй болду. Аярдай турган мезгил эмес, айланасын биртике байкап алды да, иттин үнү чыккан жакты боолгой бир коктуча менен сойголоп төмөн кирип кетти.
Ойлогондой эле жаңкы тумшуктун түшө калган жеринде жалгыз үй бар экен. Барды. Бирок мунун максатына түшүнө койгон соң, бир орто жашаган аял кечикпей үйдөн чыга калды. Абалы: «кайдыгер бир аяксыз бозуп жүргөн неме…» деп күңкүлдөп артынан табышын көтөрүбүрөөк:
— Балам, мында сен конор жердин ыгы болбойт. Эркегибиз да жок үйдө,— деди.
Эшик алдында, сыртта бир ээр токумга көчүгүн коюп булардын аңгемесине катышпай гана күңүрт тартып, жым-жырт бир жигит отурат.
— Байбиче, бир түн улагаңарга жатып кеткенден өзгө залалым жок. Менде бир жаман санаа болуп, бирдемеге тиет деп ойлобоңуз,— деп бала бир топ сөздөн кийин.
Аял карарып алды:
— Ошол айтарым. Эрте күндө таап ал бара турган жериңди.
— Барар жерим болсо мында келип турар белем, жарыктык?
Ушундай дегенинде:
— Ботом мени менен жаакташкандай сен кайдагы неме элең! — деп жаңкыдан катуулап коё берди.
Болсо болбосо жана бир айтып калайын дегендей кылып бала:
— Эң курбаса береги суудан кечирип койбойсуңарбы? — деди.
— Жанынан аша кечкен эле киши болбосо, ушул күкүктөп жаткан суудан ат эмес, төө да…
Айтыш эми созулган жок. Үйдөн бала бир топ узап калган ченде:
— Ушуну бекер кылдыңар… Бир мусапыр көрүнөт…— деген бирөөнүн кебин кулагы чалып калды.
Асман ачык болгон менен жер караңгы. Теке маңдайда бир сары жылдыз бөтөнчө жаркырап турат. Бала кайда барарын билбей, саздак жер менен төмөн карай суу бойлоп келе жатып, бир оокумда күшүлдөп оттоп жүргөн жалгыз өгүзгө жолукту. Муну көргөндө башына бир ой түшүп, акырын шыкшыктап, жакындай бергенинде, караңдап алып жүрүп кетти. Алдынан чыгып жарга туюктап жана бир айландырды эле, мында да болбоду. Ошол убакта бар күчү менен кууп келип, өгүз бир саздан аттай берем деп орной түшүп оңоло бергенче жаза- буза куйруктап, анда-санда бир тийип кетип баратып, бир кезде жандай түшүп келип, каркайган мүйүздөн алганда, баланы кыйла жерге дыргаяктатып барып куйругун чычандатып токтой калды.
Мурунтугу жок. Белиндеги кендирди чечип, мүйүздөн чалды да кидирбей ыргып минип алды. Максаты: суудан кечип, өгүздү кайрып айдап жибермек. Ушинтип жүргөнүмдү бирөө көрсө не болот деген ой капарына да келген жок.
Суу кирип жатканы чын экен. Түсү күпкүрөң, коп- коюу. Тобокел деди. Сайроо көрүнбөйт, эмнеси болсо да ушул жер кечүү чыгар деп бир жайыгыраак жерге келип катуу-катуу камчыланып алды. Өйүз алыс.
Жээктен эки саржандай узаган кезде, баланын жоон санына чейин муздай түшүп, эми өгүздүн мүйүзү гана кылкылдап көрүнүп бараткандай болду.
II
Бул бала мындай. Бир жылы, күзүндө Зарлык Ырдыкта бир бай дуңганга жүргөн жеринен чыгып келип, Акматжан аттуу жети-өгүздүк татарга туруп калды. Акматжан — дүнүйө жагынан бир болуш элге татырлык, байлыгы дубанга маалым адам. Жалаң өгүзү сексен.
Зарлыктан чоңурак да бир малай экөө керели кечке тынбай отун таарыр эле. Ошондо суткасына тамагы — кайнаган ак суу менен алакандай кара нан. Булар ошентип эң курбаса күнүнө бир убак тамакка жарыбай ачыгып азып жүргөндө килкилдеген козунун этин тууратып туруп, жүнү жылтылдаган иттерине бердирүүчү…