МУКАЙ ЭЛЕБАЕВ

ЗАРЛЫК

МУКАЙ ЭЛЕБАЕВ

Ошондон күткөн киши жалган түш ченде зорго көрүндү. Башка бир жакта жумуштан бошобой жаткан окшойт.

— Баягыда келген бала мен эмес белем? Ошондо сиз…— деп эсине салып баратканында тиги, «билем» дегендей башын ийкеп койду.

— Жашың нечеде?

— Он жетиде.

Бир аз күймөлүп, ойлоно түшкөндөн кийин, дагы баягыдай Зарлыктын бүткөн боюна байырлап карап алды да, шол замат буйдалбастан алакандай кагаз жыртып алып каламын кармады. Зарлык тагдыры ушул бир-эки минутада бир жаңсыл болчудай, ушул адам эле «казыналык окуулардын» бирине деген кенедей «буйрук» жазып кармата салса, бүгүндөн тартып бар өмүрү камсыз болчудай көрүнүп, тиги киши жазып жатканда бүткөн бою чымырап зорго чыдап турду. Өмүрүндө бул үчүн арнап бирөөнүн калам тартканы ушул.

Киши жазып болгондон кийин бир кезде:

— Ме, интернатка бар. Ал базардын жогору жагындагы…—деп келе жатканда, Зарлык чочуп ойгонгон адамдай селт эте түшүп, анын сөзүн түгөтпөй:

— Билем,— деп жиберди, сунуп келаткан кагазын ылдам ала коюп.  Ошондон безилдеп кетип баратып, жолду катар кыжылдап жаткан базардын адамы кайсы, айбаны кайсы экени бири көзүнө көрүнгөн жок. Учуп отуруп он минута болбой интернатка жетти.

Башчысын мурда сыртынан таанып калган. Жашы кырктардан өткөн, сакалын кырдырган, илгерки генералдардыкындай чычайган папироско ышталган сүрдүү сары муруту бар, чекир көз, бою казыктай типтик, арыкчырай келген адам. Аты Шинелин.

Зарлыктын алдында сыртка чыгып келе жатыптыр. Көрөр замат апалактап барып колундагы кагазды суна бергенде биртике гана буйдалып кагазга көз жүгүртүп өттү да кайра берди.

— Орун жок!

Мындан артык сөз айтпады. Зарлык алып барган «буйругунун» маанисин түшүндүрө ал-абалын баяндап бир топ жерге чейин жапылдап ээрчип отурду. Экинчи берген жообу да ошол.

Отднаробго кайра келди. Ошол жерден кидирбестен, жаңкы жиберген киши:

— Чакырып кел ошону,— деди.

Ушул кепти угуш гана муң экен, учуп отуруп интернатка дагы жетти.

Бул сапар келгенде Шинелин араба чектирип бир жакка жүргөнү жатыптыр. Тиги чакырып келгенин айтты эле:

— Азыр ошондой барабыз. Сен кете бер,— деди. Зарлык кайра тартып, эртең менен келип мекендеген баскычта күтүп отура берди.

Бул кезде түшкө жакындап калган. Эки көзү Шинелин келе турган көчөнүн жолунда.

Көптөн кийин, бир убакта чоң көпүрөнүн ары жагынан таанымал ак боз ат көрүнө түштү.

Отднаробдун тушуна келе берип, аттын оозун калжайта тарта токтото коюп, арабадан түшүп, өзү менен бирге келген балага тизгинди кармата сала|бери басканда Зарлык ордунан тура калып, артынан ээрчий кирди. Шинелин кирип барар замат кидирбей экөө сүйлөшө кетти. Бул кезде Зарлык орусчаны түзүк билбейт. Сөз арасынан «работа», «сирота» дегендей анда-санда гана бири тааныш. Отднаробдогу кишинин жеңгенин тилеп чыдамсыздык менен кыпылдап турат.

Ошондон аңгеменин баш-аягы беш минута да созулган жок:

— Ну, жүр!—деп Шинелин бир кезде бурулуп караганды гана бир билет. Сыртка чыккандан кийин отур дегендей кылып арабаны көрсөттү. Челпекте чөп чаап жаткан жерге бара жатышыптыр. Балдардын баары ошондо экен. Бул кезде Зарлыктын кубанганы ошондой— арабага аркы-терки салып таштаган айры-тырмоонун үстүндө мамыкта бараткандай болду…

 

30.09.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.