Омар Хайям

Дүйнө идиш, а биз шарап...

Омар Хайям

Омар Хайямсыз ислам маданиятынын алтын доорун элестетүү мүмкүн эмес. Анын ырлары 19-кылымдагы Европа маданиятына олуттуу таасир этип, Батыштын Чыгыш поэзиясына кызыгуусун арттырган. Ал түзгөн Күн календары дүйнөдөгү эң так календардын бири деп таанылган.

Ак жүрүп, арам ишке баспай кадам,

Вино ичсем Дилбар менен неси жаман?

Кудайга жалын дешет “ичирбе” деп,

Жалынбайм. Ичпегендин өзү жаман.

****

Катылган аалам сырын кимдер билет?

Дүйнөдөн бири кетсе бири келет.

Ачыгы: дүйнө идиш, а биз шарап,

Идишке куюштурат бизди ченеп.1

Бул эки рубаи Омар Хайямдын акындык кредосун же дүйнө таанымын таамай чагылдырат деп ойлойм. Эмне үчүн? Ал шарап деп шарапты ырдайбы же өмүрдүбү? Бул суроолорду чогуу талдайлы.

Омар Хайямдын өлбөс ырларынын сыры

Омар Хайямдын артында көкүрөккө жеңил кончу рубаилерден башка да математикалык эмгектери, астрономиялык таблицасы жана 900 жылдан ашык кызмат кылган Күн календары калган. Бирок көпчүлүккө Омар Хайям о дүйнөдө жашоо жок экенин, ошон үчүн бул өмүргө рахаттана жашоого чакырган ырлары менен көбүрөөк белгилүү. 1048-1131-жылдары жашаган ойчул-илимпозду тажиктер да, ирандыктар да өз элинин гений уулу деп билишет.

Омар Хайямдын тажиктер арасындагы популярдуулугун жазуучу-журналист Саидкасым Кыямпур эки жагдай менен түшүндүрөт:

- Омар Хайямдын мааниси абдан терең философиялык рубаилери өтө жөнөкөй жана элдик фольклорго, тажик рубаяттарына окшош. Ошон үчүн эл Омар Хайямды жакшы көрөт. Экинчиден, той- үлпөттөрдө тост же каалоо айтканда Хайямдын рубаилерин окуп, көпчүлүккө өзүн көрсөтүү мүмкүн. Акынга болгон сүйүүнү ушундай түшүндүрөт элем. Омар Хайямдын бир ырын тажикче окуп берейин:

Шарап менен ыр жыйнагын колго алып,

Чөнтөгүмө түшсө кесим нан барып,

Урандыда күн өткөрсөк экөөбүз,

Суктанышмак султандарың таң калып.

Мен бул рубаини алгач сегиз жашымда угуп, эсимде тутуп калгам. Андан бери 50 жыл өтсө дале жадымда кыттай отурат. Мундай рубаилер абдан көп. Алар өтө шаңдуу, өтө жөнөкөй болгондуктан элге жугумдуу жана жеңил жатталат.

Ирандык акын Али Ангхаи Касранын айтуусунда, ирандыктар арасында Омар Хайямга болгон кызыгуу чоң. Бирок поэзиясы шарият канонуна сыйбаган акындын өтө популярдуу болуп кетүүсүнө өлкөнү башкарган диний бийлик кызыкдар эмес экен.

- Иран өкмөтү Омар Хайямды таназарга алгысы келбейт. Бирок анысын өтө сыпаа жасоодо. Бийлик Омар Хайямдын ырларына тыюу салган, анын рубаилерин басып чыгара бергиле деп айтпайт. Басмаканаларга Омар Хайямдын китептерин чыгарууга уруксат берет, бирок аз санда чыгартат. Бул тартипти сактабагандарга жылма чара колдонулат. Лекин, китепти базарга чыгарууга жеткенде кандайдыр бир проблемаларды жаратат. Китеп чыккан, аны чыгарууга бир топ каражат кеткен. Бирок китеп сатылбайт. Себеби эл аралык же жергиликтүү көргөзмө-жарманкелерде аз орун берилет. Ошондуктан китеп сатылбай калат. Бул жалгыз Омар Хайямдын гана чыгармаларына тиешелүү эмес. Бул ирандык акын-жазуучулар үчүн мүнөздүү көрүнүш.

Али Касра Иран өкмөтүнүн жылжытма цензурасын өз башынан кечирген. 1998-жылы кезектеги китеби чыккан соң бийлик тарап китеп сатуучуларга Али Касранын китебин сатпашыңар керек деп эскертип, эл оозуна алынып калган акын Ата Мекенин аргасыз таштап кеткен. Али Касра 20дан ашык китептин автору. Ырлары англис, француз, чех, орус тилдерине которулган.

Көнөчөк шарап куйган мобереги,

Каары күч вазир болчу тээ илгери,

Алдагы сен кармаган мөлт-калт бокал

Сулуунун кош алмасы, назик эрди.

**** **** **** ****

Билбейсиң - дүйнө эмне? Өмүр эмне?

Туулабыз, жок болобуз чирип жерде.

Ич жыргап, аны-муну сураба көп,

Жараткан ачпайт сырын пендесине.

Шарап суфизмде эмнени түшүндүрөт?

Дагестан акыны, жазуучу Муртазали Дугричалов орус тилине улуу Жалалиддин Руми башындагы суфист акындардын, Омар Хайямдын, ошондой эле дагестандык сопу Узун Хаджинин ырларын которгон. Анын айтышынча, Омар Хайям шарап терминин суфизмден алган жана шарапты Жараткан өз пенделерине тартуу кылган тирүүлүк ирети катары пайдаланат.

- Омар Хайям көпчүлүк ойлогондой шарапты даңктап ырдаган эмес. Ал суфий да болгон эмес. Суфизмде шарап деген термин намаз окууну, сүкүт кылууну, медитацияны түшүндүрсө, мас болуу деген термин зикир чалып, транска түшүүнү, чындыкка, акка жакындаган абалды айтат. Омар Хайям шарап терминин суфизмден алат жана шарап - бул жараткан адамга белек кылган дүйнө деген мааниде колдонот. Эмне үчүн аскет болуп, Кудай таала белек кылган жашоо лазатынан эмнеге баш тартышыбыз керек? Биз ырахатта жана кубанычта жашообуз керек дейт Омар Хайям. Шарап анын рубаилеринде ушу мааниде колдонулган.

30.09.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.