Омар Хайям
Дүйнө идиш, а биз шарап...

Ким менен, качан, канча ичүү керек?
Саидкасым Кыямпур орто кылымдардагы ислам өлкөлөрүндө шарапка шарият тыюу салганы менен шарапканалар болуп, анда элдин орто катмары Күндүн нуру чыкканга чейин шарап ичип, көңүл ачышканын айтат.
- Куран шарап жана алкоголго тыюу салат. Орто кылымдардагы мусулман өлкөлөрүндө шарап ичүүгө шарият тыюу салганы менен, шаарларда майкада деп аталган шарап сатчу үйлөр болгон. Майкадага негизинен мал-мүлктүү адамдар, соодагерлер барышкан. Буга XV-XVI кылымдардагы китептер күбө. Мисалы, улуу тажик акын-жазуучусу Зайнуддин Махмуди Васифинин (1465-1561) “Адабий тарыхтар” деген китебин окуңуз. Же түркиялык режиссерлор тарткан “Султан Сулаймандын даңазалуу доору” деп аталган көп сериялуу фильмди алсаңыз, шарап ичүүчү жайларга көп адамдар барганын көрөсүз. Алар шарапканада таң атканга чейин отурушуп, күн нуру чыкканда акыркы чөйчөктү ичип туруп, үйлөрүнө таркап кетишкен. Деген менен Омар Хайямдын ырларында философия жөнөкөй турмушка караганда артыкчылык кылат.
Ирандык акын Али Ангхаи Касранын ишениминде, Омар Хайям өз рубаилеринде шарапты канчалык даңктабасын аракеч болгон эмес.
- Мен Омар Хайям аракеч болгон деген кеп-сөздөргө ишенбейм. Андай болгондо Омар Хайям чоң акын, чоң математик, чоң астроном, улуу ойчул боло алмак эмес. Омар Хайям шарап ичкен, бирок чени менен ичкен деп ойлойм. Илимпоз катары катаал жашоону жеңилдетүү үчүн шарапты чени менен ичкен. Мен бул сөзүм менен алкогол жаман деген мусулмандарга сөз тийгизгим келбейт, андай кадамга барбайм да. Мен өзүм да мусулман үй-бүлөдөнмүн. Бирок чени менен ичүү ден соолукка пайдалуу экенин илим тастыктады. Ырас, аракты ченемсиз ичсеңиз зыян. Бир отурганда 5 литр суу ичсеңиз, суу уу болбосо дагы эки саатта каныңыз суюлуп, өлөсүз. Ошондуктан Омар Хайям алкоголго илимпоз катары караган. Дагы айтам, эч ким Омар Хайямдын арак ичкенин тастыктай да албайт. Бирок Омар Хайямдын алкоголдун дарылык касиетин туура баалаганы шексиз. Биз муну Омар Хайямдын ырларынан көрөбүз.
Шарап ичпөө бизде тартип, бирок да,
Аздыр-көптүр, ким менен кай убакта,
Мерчемин таап байкап ичсең ичкенде,
Акылдуулук. Кемтик да эмес-уят да.
**** **** **** ****
Ким менен, качан, канча ичүү керек?
Ичкенде мына ушуну эске алууң эп.
Сактасаң бул үч шартты айтаары чын,
Кудайдын өзү деле иче бер деп.
**** **** **** ****
Элдер мени ичкич дешет-ал ырас.
Ыймансыз деп жемелешет- ал ырас.
Эмне дешсе ошо дешсин, оңолбой,
Хайям бойдон каларлыгым дагы ырас.
**** **** **** ****
Куй, ичем, ичип алсам жанга дабаа,
Баратат жүрөгүмдө ырбап жара.
Ичкилик карт денеге зыян кылбай,
Качанкы жаштыгымды кайрыйт кайра.
Омар Хайямга таандык делген төрт сап рубаилердин саны 5000ден көп. Бирок изилдөөчүлөр Хайямга ал ырлардын 300ү, ашып барса 500дөйү гана таандык дешет. Ал эми калган ырларды өз дилиндеги ойлорун ачык айтканы үчүн жазалануудан корккон акындар жазып, бирок улуу Омар Хайямдыкы деп коюшкан деп боолгошот илимпоз-адабиятчылар.
------------------------------------------
1 Омар Хайям. Рубаилер. Которгондор Жалил Садыков, Турарбек Шаршембиев. Фрунзе: Адабият, 1989. Бардык ырлар ушул жыйнактан алынды.
Автор: Амирбек Азам уулу