Омар Хайям
Дүйнө идиш, а биз шарап...

Бирок Али Ангхаи Касранын сөзүнө караганда, Омар Хайям жана андан кийин өмүр сүргөн шираздык улуу акындар Саади менен Хафиз ырларында "шарап" деп шарап жөнүндө эле айтышат. Бирок шарапты жашоо деп чечмелөө, акындын оюнча, Иран, Ооганстан, Пакистан сыяктуу шарият катуу кармалган өлкөлөрдө улуу акындын рубаилерин кеңири жарыялоого жол ачат.
- Мен мындай көз карашка каршы эмесмин. Мейли, алар ошентип ойлой беришсин жана Омар Хайям рубаилерин жарыялаганга мүмкүндүк берсин деймин. Бирок андай пикир чындыкка жатпайт деп ойлойм. Не Хафиз, не Саади, өзгөчө Хафиз, шарап жөнүндө сүйлөгөндө чындап эле шарап жөнүндө сөз кылышат. Хайям да ошондой. Себеби, Хайям өз ырларында өз ишеними же эмнеге ишенгени тууралуу ачык эле жазат. Ал өлүмдөн кийин башка жашоо болбогонун, шарапка ишенгенин ырдайт. Акындын биз билген шарап жөнүндө ырдаганына мен ишенем. Алардын Омар Хайям шарап деп, Кудайга болгон сүйүүнү айтууда дешкени мени кубандырат. Алар ушинтип айтса, Омар Хайямдын китептери жана ырлары тоскоолсуз басылып чыгат деп үмүт кылам.
Ичпейин деп бара жаткан жолуман,
Роза көрдүм, кургап калган- соолуган.
“Оо бактысыз, күнөөң кайсы?”- десем ал:
“Ушинттим- дейт-үлпөт куруу шорунан.
**** **** **** ****
Шарап ич, ойлобо көп алда нени,
Ар дайым жанда болсун сүйгөн пери.
Билип кой алтын болуп кетсең дагы,
Өлгөн соң казып албайт кайра сени.
Билим артынан жер кезүү каадасы
Орто кылымдарда бүгүнкү Иран, Ооганстан, Пакистан, Орто Азия өлкөлөрү, Азербайжан жайгашкан чөлкөмдө шарап ичүүнүн маданияты болгонун адабий жана тарыхый булактар күбөлөйт. (Алардын бири Кей-Кавус 1082-83-жылдары жазган “Кабус-наме”. Бул китепти кээ бирөөлөр тажик жана перс адабиятынын энциклопедиясы деп аташат). Ошондуктан мага ойчул акын, математик, астроном Омар Хайямдын дүйнө таанымын эки башка булактын негизинде түшүнүү керек деген көз караш жакын. Тактап айтканда, анын рубаилерде айтылган ойлору жана бул рубаилерде сүрөттөлгөн коом аркылуу түшүнүү зарыл.
Омар Хайямдын рубаилери жана илимий эмгектери ал мезгилдин интеллектуалдык жана социалдык абалын, руханий өсүүсүн чагылдырат. Бул жерде болочоктогу ойчул-илимпоз математика, астрономия жана медицина илимдерин 8 жашында Нишапурда үйрөнө баштап, кийин Балхта, анан Чыгыштын илим жана маданият очогу аталган Самаркандда, андан соң Бухарада билимин өркүндөткөнүн эскерте кетмекчибиз.
Бухарада жашаган он жылда ал көп убактысын китепканаларда өткөрүп, медреседе болсо шарият илими болгон фатваны жана медицинаны окуган. Ошон үчүн ислам динин да мыкты билген.
Омар Хайям ал кездеги салт боюнча кезип жүрүп жыйнаган билимин Исфахандагы обсерваторияны жетектеп турганда Күн календарын жана астрономиялык таблицаны түзүүдө пайдаланган. Бирок окумуштууга урмат көрсөтүп, илимий иштерин улантууга кенен мүмкүндүк берген султан Малик шах жана анын вазири Низам ал-Мулк өлгөндөн кийин Омар Хайям Кудайга акарат келтирди деп айыпталып, Исфаханды калтырып кетет. Чөйрө радикалдуу экенине карабай, Омар Хайям дүйнө таанымынан баш тартпаганына Иран акыны Али Касра көңүл бурду.
- Омар Хайям катаал убакта жашаган. Коом жана региондогу бийлик да өтө абдан радикалдуу болгон. Омар Хайям өз ырларында өтө маанилүү маселеге көңүл бурат: бул жашоодон кийинки жашоону танат. Ислам бул жалгандан кийин башка жашоо бар, адамдын өлүмү менен жашоо бүтпөйт деп ырастайт. Омар Хайям болсо сен өлгөндөн кийин жашооң бүттү дейт өз ырларында. Сиз радикалдуу коомдо жашап туруп, шарияттын маанилүү түркүгүн чансаңыз чоң балээге кабыласыз. Анын кесепетинен Омар Хайям сапарга чыгып: “Мен ажыга барам” деп айтканга мажбур болгон. Мен бирок Омар Хайям Мекеге барды деп ишене албайм. Ажыга барбаса аны өлтүрүшмөк. Ошондуктан Омар Хайям өзүн чындап эле исламга берилгенмин, эми ажыга барам деп түр көрсөтүшү ыктымал.
Хайям “Алгебра” деген эмгегинин баш сөзүндө селжуктардын жапырыгы кезде тирүү калган аз сандагы аалымдарга илим арыгын тереңдетүүгө шарт жок экенин айтат: “Ушу чакта илимпоз көрүнгөн адамдардын көбү жалганчылык менен эки жүздүүлүктүн чегинен чыга алышпай калпты чынга орошот. Алар акыйкатты издеп, чындыкты сүйгөнү менен өзгөчөлөнгөн, калпка жана көшөкөрлүккө жетеленбей, мактаныч менен алдамчылыкка барбаганга тырышкан илимпозду көрүшсө, аны жек көрүп, шылдың кылышат”,- деп жазат.