Рюноскэ Акутагава
Эне
– Жок, жок, – деди аял ый аралаш чечкиндүү түрдө баш чайкап. – Сени менен жердин жети түбүнө болсо да кетем. Ошентсе да… Тосико башын төмөн салып, ыйлап жибербеш үчүн алдыңкы эрдин кесе тиштеди. Өңү кубакай болгон менен жаактарынын алдында көзгө көрүнбөгөн алоо жалбырттап жаткандай болду. Ийиндеринин билинер-билинбес түрдө титиреп, кирпиктери нымдала түшкөнүн көргөндө эркектин ичи элжиреп, ушу азыр дагы жанында турган мына бул аялдын сулуулугуна тан берип, нике кайып буюрган жары үчүн жаратканга ыраазы болуп кетти.
-Ошентсе да… бул бөлмөдө жашоо мен үчүн тозокто күн кечиргенге барабар болуп жатат.
-Буга чейинки бөлмө тууралуу дагы сен ушинтип айткансың. Деги эмне болуп жатат? Кур дегенде, себебин түшүндүрүп койчу – жана… Ушинтип айтып келе жатып, Тосиконун аны тигиле карап тургандыгын сезген эркек сөзүнүн аягына чыкпай токтоп калды. Тосиконун жашка толгон көздөрүнөн кандайдыр бир билинер-билинбес жек көрүү сезими коштогон өкүттү, не адам баласынын туюму оңой менен аңдай бербеген касирет-кайгыны көрүүгө болот эле. Эмне үчүн бул бөлмө ага жакпай калды? Тосиконун өзү дагы бул суроону эркекке бир нече жолу берген. Аялынын көздөрүнө көздөрү кадала түшкөндө эркек: сөздү улантуу керекпи же жокпу? – деп ойлоп буйдала түштү. Бирок, бул абал көпкө созулган жок. Дал ушул маалда эркек иштин чоо-жайын түшүнгөндөй болду да толкундануусунун жашыруу үчүн: – Сени убайымга салып жаткан мына ушул да? – деп Тосикого суроолуу тигилип, ошол замат, – Билсең мунун өзү менин дагы кыжырымды келтирчү болду деп кошумчалады.
Мына ушуну айтаар замат Тосиконун көзүнүн жашы мөлт этип кулап кетти. Бул көз жаш тынымсыз жаап жаткан жамгыр менен бирге дубал артында ыйлап жаткан ымыркай баланын көз жашы менен жуурулушуп, андан ары ааламды курчап турган миң сандаган тамчыларды көздөй агып кеткендей болду.
2
Таң супадагы күндүн күмүш канат жебелери экинчи кабаттагы бөлмөнүн терезесин черткилеп, бөлмө ичин нурга бөлөйт. Терезенин каршысында кызыл кыштан кынаптала салынган үч кабат үй көзгө урунат. Эгерде күңүрт коридордон карай турган болсоң үйдүн фонунда бул терезе көзгө чоң бир сүрөт, ал эми анын торчо жыгачтары ошол сүрөттүн алкагы сымал көрүнөт. Сүрөттүн чок ортосунда колуна шиш кармап, ымыркай бала үчүн байпак токуп отурган жана Тосикодон жашыраак аялды көрүүгө болот. Мына ошол күндүн жамгырга чайынган күмүш канат нурлары кымбат баалуу жибек кимоночон бул аялдын кубаттуу ийиндерине үйрүлө калышып, албырып турган жүзүнөн аярлай сылап жатышкансыйт. Мейманкада бул учурда, тагыраак айтканда таңкы он менен он бир ортосундагы мезгил аралыгында кулак-мурун кескендей жымжырт. Бул мезгилде тургундардын айрымдары, ошондой эле соода-сатык иштери менен келгендер жана туристтер адатта мейманканадан чыгып кетишет да, мында кечкурун гана кайтышат. Ошол себептүү, буттарында бөлмө ичине кийүүчү атайын чокой бар экендигине карабастан мейманкананын далисинде нары-бери жыла басып жүрүшкөн кызматчы аялдардын дабышы кез-кез кулакка чалынат.
Дал мына ушул учурда далистин тиги четинен кимдир бирөөнүн басып келе жаткан дабышы угулду. Бул колуна паднус көтөргөн кырктар чамасындагы кызматчы аял эле. Адатта, ал минтип номурларга чай таратат. Эгерде аны чакырбаганда, балким ал терезе жанында отурган аялды этибар албай өтүп кетмек. Бирок, тиги аял кызматчы аялды байкай коюп, үнүн бийик чыгарып, кубанычтуу түрдө мындай деди: – О Киё-сан!
Кызматчы аял ийиле учурашып, терезе жанына басып келди да, мындай деди: – Таң атпай сокмо согуп, деги бир «Иш десе ичкен ашын жерге койгон» мээнеткеч жан экенсиз… Балаңыз кантип калды?-
А, менин болочок баатырымды сурап жатасызбы? Дале уктап жатат. Ал сокмосун токтотуп, балачасынан жылмайган болду. – Баса, О-Киё-сан.
-Ов, кулак сизде. Деги, тынччылыкпы? Бир нерсе болуп кеткендей чоочутасыз да – деди апапакай алжапкыч тартынган кызматчы аял ууртунан тарта жылмайып.
-Коңшубуз Номура-сан… Ооба, менимче Номура-сан болсо керек эле. Аялынын атын билбейсизби?