Рюноскэ Акутагава
Эне
-Номура Тосико.
-Тосико-сан? Экөөбүздүн ысымыбыз бирдей экен да. Көчүп кетише элекпи?
-Жок, көчүп кетише элек, угушума караганда, кыязы, дагы беш-алты күндөй турушат да, андан соң Ухуга кетишет….
-Таң калычтуу, жакында эле алар жашаган бөлмөнүн жанынан өткөм – эч ким көрүнгөн эмес эле го.
-Туп-туура айтасыз, капысынан эле алар кечээ күнү үчүнчү кабатка көчүп кетишти.
-А, ошондойбу?
Бир нерсе эсине кылт эте түшкөндөй аял мостоё түштү да, жер тиктеген боюнча мындай деди: – Менимче, көчүп келген күндүн эртеси булардын ымыркай баласы чарчап калды окшойт?
-Ооба, тилекке каршы ошондой болду. Сыркоолоп калаар замат ооруканага жеткиришкен, бирок…
-Демек, ал ооруканада экенинде чарчаптыр да? Ошол үчүн мен эч нерседен кабарым жок окшобойбу.
Аял баш чайкай, улутунуп алды да, ошол замат жарк эте жылмайып мындай деди: – Бечара, мейли эми, ыйманы саламат болсун. А сен, алардыкына кирип чык да.
-Дагы эмне кылайын! Кызматчы аял каткырып күлүп жиберди да, – Эгерде минте турган болсоңуз, чырмоок баскан үйдөн телефон чалды дегиче мырзага бул тууралуу айтам – деп кошумчалады.
-Койдум эжекебай, тамашалап жатпайынбы. Бар эми. Чайың муздап калмай болду.
Кызматчы аял кетээри менен, аял кыңылдай ырдап сокмосун улантты.
Мен жогоруда айтып кеткендей саат он менен он бирдин ортосунда мейманканада жымжырттык өкүп сүрөт. Дал ушул маалда кызматчы аялдар бөлмөлөрдө турган вазалардагы соолуп бара жаткан гүлдөрдү алып чыгып, эшикке ыргытышат да, тепкичти бойлото кеткен күмүш түстүү темир тосмолорду жалтырата сүртүшөт. Мына ушул кулак-мурун кескен жымжырттыкты атайы ачылып коюлган терезелер аркылуу кирген көчө кыймылынын шарданы гана бузат.
Аялдын тизесиндеги түйдөк жип жерге түшүп, артынан кызыл тилке калтырган боюнча, коридорду көздөй тоголонуп чыгаары менен ошол туштан өтүп бара жаткан кимдир бирөө жерден аны көтөрүп алгандай болду.
– Чооң рахмат!
Аял столдон өйдө туруп, уялыңкы түрдө ийилип учурашкан соң маңдайында турган аял бир аз мурда эле кызматчы аял менен кеп кылып жаткан Тосико-сан экенин байкады.
– Эч нерсе эмес.
-Түйдөк жип ичке назик манжалардан, шиш кармап турган кардай аппак манжаларга өттү.
-Тосико бөлмөгө кирип, терезеден тийген күн нуруна көзүн жүлжүйтө мында деди: -Бөлмө тим эле ысып кеткен го!
-Мен дагы сокмо согуп отурганда аргасыз көзүмдү жүлжүйтүп алам.
Аялдар бирин-бири карап жылмайган болушту.
-Быйтыйган сонун байпактар го! – деди Тосико, үнүн аяр чыгарып. Аял муну укмаксан болуп, аргасыз көздөрүн ала качып кетти да: – Ойлосом, дээрлик эки жыл бою колума шиш кармабаптырмын. Бош отургандан көрө деп…
-Туура. Бирок мен бош убактым көп экендигине карабастан бир нерсе кылууга моюнум жар бербейт. Тосиконун мына бул сөздөрү негедир аялга катуу тийди. Аял колундагы шишти столго коюп, бирок: “Ооба, сизди түшүнөм” – дегендей жылмайды.
– Чүрпөңүздү айтам… Менимче, эркек болуу керек эле? Канча айлык болуп калды? – деди Тосико саамай чачын сылай берип. Коңшу бөлмөдөн чыгып, кечээ эле жанына жай бербей жаткан бала ыйы азыр бүйрүн кызытты. «Эмне үчүн тынымсыз ыйлай берээри, бул тууралуу ал өзү кандай ойдо экендиги» өңдүү көңүлгө тынчтык бербей жаткан суроолорду биринин артынан бирин узаткысы келди.
-Май айында эле төрөлгөн – деп айтып, аял бир саамга унчукпай жер тиктеп калды да, андан соң Тосикого кайрылып – Сиздердин үй-бүлөңүздөрдө чоң жоготуу болду деп уккандай болдум эле?
Тосиконун көздөрү жашылданып кетти. Бирок, өзүн колго алып, жылмаюуга далалат кылды.
-Ооба, тилекке каршы, ошондой болду. Көк жөтөл деген балакет жармашып, кыскасы бардыгы күтүүсүз болуп кетти. Тим эле түш сыяктуу болду го, чиркин.
-Жаман болгон экен да. Эмне дээримди дагы билбейм турам… Аялдын көздөрүнөн жаш тегеренип кетти. – Кудай анын бетин ары кылсын… Билбейм, бир нерсе болсо мен кантмекмин.
-Алгач, акылымдан айнып кала жаздагам, бирок арга канча, күндөр өтө берет экен. Экөө тең эми терезе тушка бирдей тигиле карап калышты.