Рюноскэ Акутагава
Караңгыдагы маек

Үн . Сен мен ойлогондон таптакыр башка адам болуп чыктың.
Мен: ага мен күнөөлү эмесмин.
Үн. Ошентип ойлотуп мени чаташтырган сенсиң.
Мен. Жок. Мен эмесмин.
Үн. Бирок сенин бардык көркөм, керемет нерселерди жакшы көрөрүңдү билем. Же жөн эле жакшы көргөнсүп жүрөсүңбү?
Мен . Жакшы көрөм.
Үн. Эмнени жакшы көрөсүң? Көркөм чыгарманыбы же өзүң сүйгөн аялдыбы?
Мен. Анысын да, мунусун да.
Үн. (кекээр күлкү менен) минтип айтуу менен сен өзүңө-өзүң каршы чыккан жоксуңбу?
Мен. Каршы чыккан жокмун. Аялды сүйгөн адам байыркы кооз, керемет фарфор буюмун сүйбөшү мүмкүн. Ал фарфордун кооздугун, кереметин түшүнбөйт. Ошон үчүн аны сүйбөйт. Андай кишини күнөөлөп бекер.
Үн . Эстет экөөнүн бирин: же анысын, же мунусун тандап алышы зарыл.
Мен . Тилекке каршы мен табиятынан ачкөз, тойбос жаралган адаммын. Бирок балким келечекте мен аялды эмес, байыркы фафорду тандап алармын. Экөөнүн ичинен бирөөнү гана тандаармын.
Үн. Демек, сен туруктуу эмессиң.
Мен. Бул туруктуулук эмес деп эсептелсе, анда инфлюэнция менен ооруп, күн сайын муздак суу менен сүртүнгөн бечара туруктуу чыгаар.
Үн. Өзүңдү алдуу-күчтүү кылып көрсөтпөй эле койсоңчу.
Алсызсың. Минтип текеберленгениң, коомчулуктун кылган кысымчылыгына каршы карманган калканчың эмеспи?
Мен. Ананчы, аны да эсиме алдым. Каршылыкка каршылык көрсөтө албасам, мени тебелеп кетишпейби.
Үн. Кандай арсызсың.
Мен . Кымындай да арзыс эмесмин. Менин жүрөгүм кенедей жаман нерселерден да музга тийгендей чочуп, ичиркенип сыздап турат.
Үн . Сен өзүңдү алы-күчү ташыган кубаттуумун деп эсептейсиңби?
Мен. Албетте, кубаттуулардын арасына кирем. Бирок ашкере кубаттуу эмесмин. Эгерде андай болгондо Гётеге окшогон көр сезим пендеге оңой эле айланып алмакмын…
Үн. Койчу, Гётенин сүйүүсү ак, таза болчу.
Мен . Калп. Адабият тарыхчыларынын калпы. Гёте отуз беш жаш курагында капысынан Италияга качкан. Ооба. Бул сырды Гётеден башка мадам Штейн гана билчү.
Үн. Сенин айтып тургандарыңдын баары – өзүн-өзү актоого гана жатат. Актануудан оңой нерсе жок.
Мен . Актануу – оңой иш эмес. Оңой болгондо адвокаттык кесип пайда болбойт эле да.
Үн. Митайым маңыз! Ушинтип отурсаң сени менен кимдин мамиле түзгүсү келсин.
Мен. Кудайга шүгүр, мени менен алака жасап, мени толкундатып, мага дос боло ала турган дарактарым жана сууларым бар. Андан тышкары Жапон, Кытай, Чыгыш, Батыш адабиятынан топтолгон үч жүздөн ашуун китептерим бар, кудайга шүгүр…
Үн. Бирок, окурмандардан биротоло кол жууп каласың.
Мен. Менин окурмандарым – келечекте.
Үн. Келечектеги окурмандарың сага нан таап бере алышабы?
Мен . Азыркылары деле жыркатып жиберген жери жок. Менин эң жогорку калем акым, барагына – он иен.
Үн. Бирок, угушума караганда сен бир аз байлыгы бар адам болсоң керек эле.
Мен. Менин бар байлыгым-көлөмү мышыктын маңдайындай болгон Хондзёдеги алакандай жер. Ай сайын тапкан кирешем-дурус дегенде үч жүз сом.
Үн. Үстүңдө үйүң бар. Жаңы адабияттын хрестоматиясын түздүң…
Мен. Үйүм тар, жапыс, төбөмдөн басып тумчуктуруп турат. Ал эми хрестоматиядан түшкөн кирешемди сага эле берейин, анткени мен ага беш жүз эле сом алдым.
Үн. Хрестоматияны түзгөндөн уялсаң боло?
Мен. Эмнеге уялмак элем.
Үн. Агартуучулардын катарына кирип албадыңбы?
Мен. Жалган, керек болсо алар биздин катарга кирди. Мен алардын ишин аткарып гана бердим.
Үн. Сен Нацуме-сэнсейдин шакиртисиң да!
Мен. Албетте, мен Нацуме-сэнсейдин шакиртимин. Балким, сен аны адабият иши менен алектенген Сосэки-сэнсей менен алмаштырып атпагын. Жин даарыганга окшогон гениалдуу Нацуме-сэнсейди билбейт көрүнөсүң.
Үн . Сенин жеке идеяң, көз карашың жок. Албетте кез-кез боло калат дечи, бирок бир нуктуу эмес.
Мен. Демек, мен бир жерде айланып туруп калган жокмун, жолдомун. Алга кетип баратам. Күндүн көлөмү жиптин чыгырыгындай деп көк мээлер гана акыр аягына чейин ишенип өтөт.
Үн. Текебердигиң-түбүңө жетет го.
Мен. Мен жаздыгымда жатып өлчүлөрдөн эмесмин – кээде мага ушундай ойлор келет.
Үн . Өлүмдөн коркпойт окшойсуң, ушундайбы?
Мен. Корком. Бирок өлүү кыйын эмес. Бир нече жолу асынып көрдүм. Жыйырма секкунда созулган кыйналуудан кийин кандайдыр бир жагымдуулукту сезе баштайт экенсиң. Жагымсыз, адамкерчиликсиз нерселер менен кездешкенде-ойлонбой туруп жанымды кыюууга даярмын.