Рюноске Акутагава

Түнт токойдун коюнунда

Рюноске Акутагава

Соттук тергөө учурунда отунчунун берген көрсөтмөсү

 

Ооба. Сөөктү мен таптым. Бүгүн эртең менен адаттагыдай эле отун кыйып келүү үчүн тоо этегиндеги токойго барып, капысынан эле адамдын жансыз денесине туш болдум. Кайсы жерден? Ямасинге  кетчү жолду билесиздер да, дал мына ошол жолдон төрт-беш чакырымдай алыстыктан.  Ал жерде бамбук негизинен жаңыдан бой керип келе жаткан жапалак арча менен аралаш өсөт; анан калса, чычкан мурду жөргөлөгүс болгондуктан ал аймактан кимдир бирөөнү жолуктуруу өтө кыйын.

 

Сөөк чалкасынан жатыптыр; үстүндө ак-көгүш түстөгү суйкан, ал эми башында, адатта борбордогулар кийип жүрүүчү эбоси шапке бар болчу. Мени таң калтырганы, өлгөн адамдын денесинде бар болгону бир гана жаракаттын бар экендиги жана анын как жүрөк туштан орун алгандыгы болду. Бечаранын каны жакшы эле атырылган белем, тегерегиндеги бамбуктун жалбырактары жошо  сүртүп койгондой тим эле кыпкызыл болуп калыптыр. Жок, мен көргөндө кан эбак эле токтоп калган экен. Кыязы, жаракаттын оозу бүтөлүп калган көрүнөт. Айтмакчы, тарс эле унутуп калганымды карабайсыңбы, жакын басып келген мени да эч бир этибар албастан дал ошол учурда жаракатка жабышып алып көгөөн кан соруп жаткан экен.

 

Кылыч же ошол кыяздагы кандайдыр бир нерсе көрдүңүзбү дейсизби? Жок, чынын айтсам, андай-андайды көргөнүм жок. Болгону,  сөөк жаткан жердин жанындагы криптомериянын сөңгөгүндө аркан илинип туруптур. Дагы… мм… ооба, аркандан бөлөк дагы тарак бар эле. Мындан башка эч нерсе көрө алганым жок. Баса, жерде жаткан жалбырактар абдан тапталып калыптыр – кыязы, маркум өз өмүрүн кимдир бирөөнүн колуна оңой-олтоң эле бере койбосо керек. Кандай дейсиз, ат көрүнгөн жокпу дейсизби? Кайдагы ат?! Айттым го, ал жер ат эмес чычкан мурду жөргөлөгүс деп!? Ат бастырчу жол андан ары, токой чети менен кетет.

 

Соттук тергөөдө жер кезип кеткен кечилдин берген көрсөтмөсү

 

Мен маркум менен кечээ күнү жолуккам. Ооба, кечээ…. менимче күн шашке болоюн деп калган. Кайдан?  Сэкиямадан кайра Ямасинди көздөй кетчү  жолдон. Ал атчан аял менен биргеликте Сэкиямага бара жаткан болчу. Аялдын башында бет чүмбөтү бар жазы курбулуу шляпа болгондуктан, чынын айтсам жүзүн көрө алганым жок. Болгону, ал  хаги гүлүнүн сүрөтү түшүрүлгөн жибек көйнөкчөн экендигин гана байкадым. Астындагы мингени – жалы кыркылып коюлган жээрде ат болчу. Боюбу? Бою адаттагыдан болжол менен төрт сундай бийик… Билбейм, балким андай эместир,  кечил болгондуктан, чын-чынына келгенде менин бул өңдүү нерселер менен ишим деле жок.

 

Эркектин… ооба, эркектин бел курчоосунда кыстарылган кылыч, ал эми жонунда бир нече жебелүү жаасы бар болчу. Ал тургай,  саадагынан жыйырма чакты жебе чыгып тургандыгы али да көз алдымда.

 

Ой тобоо, ушундай да болот экен ээ. Мына ушинтип өлүп калат деп кимдин оюна келиптир. Ал эле, бул эле деген менен адам өмүрү, жарк этип түшүп жок болгон жазгы чагылган же күндүн көзү  кылтыяры менен мөлт этип үзүлүп жерге төнүп жок болчу шүүдүрүм окшобойбу. Ка-ап, өтө жаман болгон экен.

 

Соттук тергөөдө кароолчунун берген көрсөтмөсү

 

Мен  кармап келген адамбы? Ал – атагы таш жарган кадимки Тадземару. Мен аны колго түшүргөндө ал аттан кулап түшүп, Авадагутидеги таш көпүрөнүн үстүндө онтоп жаткан экен. Качан? Кечээ кечинде, кароол мөөнөтү жаңы гана башталган учурда. Буга чейин да, мен аны колго түшүрүүгө аракет кылгам. Бирок, ал анда качып кетип кутулган. Анда да  ал көк түстөгү суйкан кийип, бел курчоосуна кылыч байланып жүргөн болчу. Бирок, мына бул жаа жана жебелер жок эле. Чын элеби? Чын эле алар маркум адамга тиешелүү бекен?  Демек, ал бечара Тадземарунун колунан өлгөн тура. Тери менен капталган мына бул жаа, жылтыраган кара саадак, карчыга куштун канаты сайылган он жети жебе – мунун баары демек маркумга тиешелүү экен да. Ооба, сиз бир аз мурда белгилеп кеткендей ат жээрде жана жалы кыркылган болчу. Тизгинин сүйрөп алып, көпүрөдөн алыс кетпей оттоп жүрүптүр. Кыязы, байкоостон ойт бергенде, Тадземару үстүнөн тоголонуп жерге түшкөн көрүнөт.

27.12.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.