Рюноске Акутагава

Түнт токойдун коюнунда

Рюноске Акутагава

 

Бул, каргыш тийгир Тадземару, шаардын борборунда каңгып жүрүшкөн каракчылардан  катынпоздугу менен айырмаланат. Эсиңиздерде болсо, өткөн жылы тоодо бир окуя болуп өткөн. Кыскасы, Биндзурага арналган Акиторибэ храмынын артында кыз жетелеген аялдын киши колдуу болгондугу тууралуу уу-дуу кеп болгон. Элдердин айтуусу боюнча алар зыяратчылар экен жана алардын канына дагы дал ушул Тадземару забын болгон имиш. Кудай сактасын, эми минтип жээрде ат минип бара жаткан аял… Болуптур эркекти го ал өлтүрүптүр, анда  аял кайда кетти?  Белгисиз. Албетте, сиз минтип кийлигишип жатканым үчүн мени  кечирип коюңуз, бирок, менимче бул ишти дыкат тергөө керек.

 

 СОТТУК ТЕРГӨӨДӨГҮ КЕМПИРДИН КӨРСӨТМӨСҮ

 

Ооба, бул менин күйөө баламдын өлүгү. Бирок, ал шаардык эмей эле Кокуфу жана Вакасадан келген самурай болчу. Ысмы – Канадзава Такэхиро, жашы жыйырма алтыда боло турган. Жок, мүнөзү абдан жумшак болгондуктан ага кимдир бирөөнүн өчөгүшүүсү – болбогон кеп.

 

Кызымбы? Кызым быйыл он тогузга толду. Аты – Масаго. Кичинекейинен тартып эле анча-мынча эркектерге караганда кайраттуу  болчу. Калп айтпасам, Такэхирого чейин ал эркек тууралуу ойлогон да эмес. Өңү кара тору, сол көзүнүн кыйыгы тушта бир кичине калы бар жана чап жаак эле.

 

Кыскасы, кечээ Такэхиро кызым менен биргеликте Вакасага кеткен. Деги кандай күн болуп кетти! Кызымдан кабар барбы? Мейли, күйөө баламдын маңдайына жазылганы ушул экен, бирок кызымдын өлүү-тирүүсүн билбей… Кагылайындар, сиздердин деле кыздарыңыздар бар болсо керек, Кудай үчүн – токойду түрө кыдырып болсо да, кызымды таап берүүңүздөрдү өтүнөм! Каргыш тийгир, жанагы… ким эле… Тадземару беле, күйөө баламды гана өлтүрүп тим болбой, минтип кызымды да… (Эчкирип, сөз айтууга алы келбей ыйлап баштайт).

 

ТАДЗЕМАРУНУН БЕРГЕН КӨРСӨТМӨСҮ

 

Сөз болуп жаткан адамды мен өлтүрдүм. Бирок, аялды өлтүргөн эмесмин. Кайда кетти? Кайда кеткенин кайдан билейин. Силер коё тургула! Эмне, ушинтип кыстай берсек эле мойнуна алат деп турасыңарбы? Колум менен жасабаган иш үчүн кантип жоопкерчилик алмакмын. Анүстүнө, болору болду – боёосу канды дегендей,  коркуп жашыра турган эч нерсе калган жок.

 

Мен маркум жана анын аялы экөөнү кечээ түш оогон маалда жолуктурдум. Жанымдан өтүп бара жатышканда капысынан үлп эткен желге аялдын бет чүмбөтү көтөрүлүп кетти да, бир саамга жүзү жаркый түшкөн ал мага кадимки үр кызындай таасир калтырды. Не кылаарымды билбей  дендароо боло калган менен, акыры жанындагы эркекти өлтүрүп болсо дагы аялга ээлик кылууну чечтим.

 

Өлтүрүүнү чечтим деп эч нерсе болбогондой айтып турганын деп таң калбай эле коюңуздар. Анын эмнеси бар экен? Эркекти өлтүрүү – чымчык өлтүргөндөй эле кеп! Кайсы бир аялга ээлик кылууну көздөгөн эркектер  сөзсүз атаандашынын көзүн тазалашат. Бирок, белгилей кетчү бир нерсе, мен аларды  мына бул курумдагы кылыч менен, ал эми силер болсо бийлик, акча жана айрым бир учурларда жөн гана мактоо сөздөрүн айтуу менен өлтүрөсүңөр. Ооба, жакшы жери мындайда адам каны акпайт, бирок,  баары бир силер аны кежигесинен басып алып, кебез менен мууздап өлтүргөн болосуңар. Демек, кимдин күнөөсү оорураак экенин, о дүйнөгө барганда көрөрбүз!? (Мыскылдуу күлкү).

 

Бирок, эркегин өлтүрбөй туруп, аялга ээлик кылса деле болот. Мен бул жолу дал ошондой кылайын деп эле ойлогом. Ал үчүн аларды жолдон обочороок жерге, айталы, бадал жакка эптеп ээрчитип баруу керек болчу.

 

Ошентип, аларды азгыруу анчалык деле машакатты жараткан жок. Өзүмдү жолоочу катары тааныштырган соң, мен тоонун маңдайында коргон бар экендигин жана ал жерден көп сандаган күзгү жана кылыч өңдүү буюмдарды таап алып, тоо этегиндеги бадал түпкө катып койгондугумду, непадам, ала турган адам чыкса,  арзан эле береримди айттым. Анан эмне болду дебейсиңерби!? Эркек адам буга акырындык менен азгырыла баштады. Ачкөздүк, дүйнөкордук деген оңой нерсе бекен! Жарым саат өтүп-өтпөй алар жалгыз аяк жол менен менин аркамдан тоо этегин көздөй бет алышты.

27.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.