АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Кутурган экен бул Жакып.

Тоюна барган көп манжуу

Акыры тойбой калбаптыр,

Баламдын аты - Жинди, - деп,

Кытайдын журтун алдаптыр.

Баашалыктай мал сойду

Бадирек Жакып, бул бурут

Баласы аты - Чоң Жинди,

Үйүң күйгөн буруттун

Бул жаңжалын ким билди?

Баламдын кыркы болду, - деп,

Сегиз миң кысыр бээ союп,

Дүнүйөсүн талатып,

Көп дүйнөсүн ээн коюп,

Бээжиндиктей мал союп,

Бейили кара куу Жакып

Кемеге кенен ойдуруп,

Келгендердин баарысын

Аш менен уруп тойдуруп,

Байлыгын Жакып ашырып,

Тоюна тойгон көп манжуу

Койгон экен жашырып.

Баламдын аты - Жинди - деп,

Кеткени жүргөн кези экен,

Жерине барып ал бурут

Каканчындын түбүнө

Жеткени жүргөн кези экен.

Калайманды катуулап,

Салганы жүргөн кези экен.

Ар атасын жоготтук

Алы келсе чоң кегин

Алганы жүргөн кези экен.

Калдайдан кабар кеп уктум,

Каканчындын Бээжинге

Аман жүрсө ал Манас,

Катылбай койбос, - деп уктум!

Он экиге келгенде

Кан Манас болду атагы,

Эми эрешен тартып, эр болуп,

Эр уулу менен тең болуп,

Кайта тартып Бээжиндин

Кандыгын албай жатабы?!

Дөөдүр алптан кеп уктум,

Токсон нарда дилдемди

Ойронду опсуз салыптыр,

Олжо кылып ал бурут,

Бара замат алыптыр!

Көп дүнүйө казынам,

Балбандарды өлтүрүп,

Үйүң күйгөн ал бурут,

Олжо кылып алыптыр!

Оңой Манас уул эмес!

Оңдуруучу кул эмес,

Жолойго жорук салыптыр,

Жоголгондун баарысын

Кыртылдатып баштарын,

Баштарын жулуп салыптыр!

Ошпурдун уулу Чеге экен.

Чеге атын жоготуп,

Кутубий деп коюптур!

Манаска жолдош болуп ал,

Кутуруп өлгөн кызыталак,

Кара калмак, манжуунун

Бир кыйласын союптур.

Кутурган Манас жиндиге

Ошпурдун уулу Кутусу

Кутман болуп алыптыр,

Бажыга барган балбандын

Баарын кырып салыптыр!

Кутурган бурут жанында,

Кутубий болуп атагы

Кутуруп экөө баш кошту,

Бээжинге тиет чатагы,

Каалап жолдош кылыптыр

Калмактан мындай баланы,

Кара ниет канкорго

Эми катылган аман калабы?

Мыктанып Бээжин балбандар,

Мынчада кармап албасаң

Тамырын жулкуп талкалап,

Такыр кырып салбасаң

Чабышып чамаң жете албай,

Манас кетип кутулса

Ала-Тоону жер кылар,

Азган менен тозгонду

Такыр жыйып эл кылар!

Мекеден бери кол алар,

Колун жыйнап чогуу алар.

Алтымыш түрдүү калк жыйнап,

Атагы кыйын баатырдын,

Бээжинге жараар алп жыйнап,

Жерине кетсе ал бурут,

Жергеси өчтүү куу бурут

Жетик кылып кол жыйнайт!

Бейилиң кеткен ал бурут

Белеске жетип конуучу,

Кылыгы жандан бир башка,

Кылымды бузду көйкашка

Манаска жолдош болуучу.

Жерине жетсе куу бурут

Желикпей карап турабы,

Жатып калып ал жерге,

Бурутту кудай урабы?!

Көрөсөн айза кыйбайбы,

Көк жалдарды жыйбайбы?!

Кармашары Каканчын

Катылбай карап турабы,

Элкин койсо жерине

Кандыгы журттан ашпайбы,

Каруусун жыйнап алганда

Какандын журтун баспайбы?!

Секиге консо бул бурут

Семирип-сергип албайбы,

Каруусун жыйнап ал бурут

Каканга жаңжал салбайбы?!

Калың кыргыз элине

Калдайып жетип конучу,

Кандыгы толук болучу,

Каарданса ал бурут

Кармашканды соруучу!

Тулпарын багып дүң кылар,

Катылгандын баарысын

Койбой тытып жүн кылар!

Бууданды бакса ык болот,

Түбү бузук ал бурут

Жерине барса кырк болот.

Кан Манас болот атагы,

Камынып байлап албасаң,

Каражолтой буруттун

Каканга тиер чатагы.

Эр Эсенкан кеп айтып,

Каарын салып бакырып,

Каканчындын Бээжинди

Каптап кетчү эмедей,

Калың колун чакырып,

Калдайларын шаштырып,

Жөө күлүгүн, алптарын

Аркы-терки бастырып,

Так үстүндө Эсенкан

Буйрукту мурда баштады,

Какандын журту чуркурап,

Бузулуп кете таштады.

Коңгуроо, доол кагылып,

Кол эсинен жаңылып,

Уялуу шаар Бээжиндин

Улугу экен Эсенкан

Эсенкан буйрук кылганда

Каптап кетти көп улук.

Бээжиндин калкы оолугуп,

Тыргооту тыйпыл чогулуп,

Найзанын учу чабышып,

Адамдын башы кагышып,

Күрмөчөнүн күлдүйтүп,

Күчтүүсүн сынап алганы.

Күн Жаң-Жуңду баш кылып,

Миң балбанды салганы,

Манасты байлап алууга

Эсенкандын жаңжалы.

29.09.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.